ЕЛИЗАБЕТ ЧЫГАРМАЛАРЫ
8 мая

АДАШКАН ТАГДЫРЛАР 8~бөлүм...

Тилеген жумуштан бутун шилтей басып араңдан үйүнө келди... кулпун алып ачаарда эшик өзү ачылып кетти.... Эшикти ачык таштап койу алаты бар болчу Мээримдин....Тилегендин жаны чыгып кете жаздады. Жумуштан чарчап, урушуп келе жатканы учун бат эле башына чыгып кетти...
–– Эй, эшикти эмне ачык калтырдың? Шаар коркунучтуу, ар кошкон адамдар. Тоноп, адам өлтүрүп жаткандар толтура. Мээрим мен сага сүйлөп жатамын аа?! Канча ирет айтым , ээй сенде кулак барбы ?!
Жооп болбоду . Ачуусу келип кухняга баш бакты. Жатчу бөлмөсүнө жүгүрдү ал жакта да жок... Сыртка атып чыкты, көп кабатуу үйлөрдүн астында эки жагын элеңдеп , эси кетип издеп жүрдү....
Жакын арада дүкөн бар болчу ошол жакка жүгүрдү. Оюна ар түркүн ойлор келе баштады.
Жүрөгү бир демкени сезип, Мээримди жоготуудан эмес ата эненсине кантип жооп береринен коркту...
––Акмак , акылы кем! Кеткиси келсе айтса өзүм деле жеткирип коймокмун. Суукта убара кылып мени . Ит!
Дүкөнгө кирип барып;
––Чоң кыз мүмкүнбү?
––Эмне керек, айта бериңиз ?
––Чоң кыз менин аялым ,, мм жок боюнда бар жаш келин келбедиби?
––Аа, Мээрим эжеби ? Бүгүн көрбөдүм, ар күнү келип кетчү ,
––Таныйсыңбы менин аялымды?
––Ооба, менин астыма күндө келчү ,зеригип олтуруп кетчү...
––Аа мейли рахмат.
––Байке теги тынчылыкпы , Мээрим эже жокпу ?
––Аа тынчылык , сыртка чыгып кеткен окшойт , үйдө жок экен... Мейли анда карайынчы айланып жүргөндүр....
–Мейлиңиз. Эригип айланып жүргөндүрда таза абада...
. Түн . Эшик суук, Тилегенди коркуу басты... Өзүнүн туура эмес кылып жүргөн иштерин канча жашырганы менен билинип калганын сезди.... Башын мыкжып олтуруп калды...
Батирине кирип Айкөлгө телефон кылды...
––Ало Айкөл ! Уфф !
––Эмне болду Жан ? Уктабайсыңбы , чарчадым деп жаттың элего жумушта...!
––Чарчадым ! Аябай чарчадым ! Эмне иш кылып жүргөнүмө да такыр түшүнбөдүм ! Мээрим жок !
–––Кандайча жок ? Кайда кетиптир ?
–––Билбейм !
––Айылга кеткендир ,балким . Сурап кордүңбү ?
––Жок, айылга барганда ата эненем менден сурашат болчу эмнеге жалгыз жибердиң деп ...? Ал айылга да кете албайт жалгыз... Шаарды жакшы билбейт. Менсиз көчөгө да коркуп чыкчу эмес...
––Токтоп турчу. Аа апасына телефон чалсаң боло. Апасы келип алып кеткендир...
––Ошондой деп ойлойсуңбу? Билбейм , башым катты. Жинди болуп калбасам болду. Кайда барса да тынч болсо экен. Акмакмын Айкөл сенин да аялымын да анан күнөөсү жок баламдын убалына калдым... Эркектин ишин кылбадым. Өз кылган кылыктарыман уялып та баратам ..
––Тилеген биз бири бирибизсиз жашай албайбыз. Сен миң мынтип жүргөнүң менен ага бир ооз жаман сүйлөбөдүң. Кеткиси келсе сага айтып ,сенден уруксат сурап бир жолу башын ачып анан кетиш керек болчу... Ушундай кыйын экен сен үчүн , баласы үчүн мен менен күрөшүшү керек болчу. Унчукпай качып кетпей. Жаш балага окшоп.... Ээрин таштап. Өзүнүн күнөөсү. Акмак болсо ашын алдырып жүрө берет. Жаным алдыңа барайынбы?
––Макул кел. Жалгыз олтурсам ар туркун ойлор жеп салды... Мени эч ким түшүнбөйт. Барибир бизди күнөөлүү кылышат. Уфф!
Диванга чалкалай жатып уктап кетти....
Тилеген Айкөлдүн койгон тузагынан бошоно албады... Канча ирет өзүнү ала качканы менен жыландай туйлап ,мойнуна оролуп алган эки көзүн сокур кылып койгон махабатын туткуну болду.... Айкөл экөө ошол кезигүүсүндө , бей таныш эркектер менен ,суроосун жоопсуз калтырып кеткенден соң , коңүлү сууп айылга кеткен болчу.. Канча ирет унутууга аракет жасаганы менен биринчи туң сүйүүсү жүрөгүнүн түпкүрүндө жашап калган болчу.... Мээримге үйлөнүп , көңлү түшүп, эски сүйүүсү эсинен чыгып унут болуп бара жатканда Айкөл кайдан~жайдан пайда болуп, экөөнүн сүйүүсү дагы күч алып, козголуп кетти....
жумушуна жаңңы жумушчу келгенин уккан Тилеген андай маани да бербей өз жумушу менен алек болуп журдү...
Кечинде директору кабинетине чакырган. Жумуштан чыгып баратып ,эстей калып баш бакты..
––Саламатсызбы ? Мыза аке!
––Аа иш бүттүбү? Саламатчылык кел олтур.
––Ооба иш бүттү , эки тонна алма алып келдик. Аябай жакшы сорт. Алмаларда жакшы сакталыптыр. Келе жатып, Камаздын дөңгөлөгү жарылып, кечке калып кеттик.
––Аа азаматсың ! Баасы кандай болду ?
––Баасы да жакшы ,
––Азаматсың Тилеген бул алмадан жакшы сок чыгарып , тезирек таратыш керек. Казагыстандын чек арасынан өткөрүү тозок эле болуп жатат. Булда баш ооруу болду...
–– Аа туура айтасыз. Казакстандагы компаниялар менен байлынышып көрөмүн , ал жагынан кам санабаңыз.. Өздөрү чек арадагылар менен сүйлөшүп дакумент тузөтүшөт .. Бизге да оңой болот ошондо.... Мен барайын анда Мырза аке уруксат бериңиз...
–– Аа тура тур..
––Тиги Максатчы менин досум. Келип туратко.
Ошонун балдызы жумушка орношуп жатат эртеңден иш баштайт. Көзөмөлдөп жүр. Жардам бер.Жаш экен ...
––Технолог тор толтураго башка . Абдан күчтүү ошолордон албайлыбы жардамчы кылып.
––Аа жок. Максатын сөзүн эки кыла албадым. Өзү лично келип ,айтып кетти. Анын канча жардамы тийди. Жок десем болбой калат. И жок та дей албадым....
––Макул Мырза аке .Анда сиз айткандай колуман келишинче жардам берем...
Эртеси жумушта олтурган аңгыча эшик какылап Айкөл кирип келди...Бир саамга тиктешип туруп калышты....
––Аа, кел , аа жол болсун?!
––Тилеген чын эле өзүңбү?
Айкөл тартынбай келип , мойнуна асылды... Колдоруну белине түрүшүп, көкүрөгүнө башын жөлөп сагынычын ,сезими дагы деле бар экенин шыбырай атып кетти... Тилеген бир кызыктай абалда калды. Колдоруну бошотуп, кагып салууга эрки жетпеди....
––Айкөл ,биз жумуштабыз....
––Эмне болуптур. ?
––Менин аялым бар. Үйлөнгөнмүн жаман ойлошуп калышпасын.
–– Үйлөндүм дечи ? Эмне үчүн ун катпай жок болуп кеттиң ?
–– Бул тема жок. Сөз болушу мумкун эмес. Кел мындай кылабыз биз жумушта чогу иштеген таныштарданбыз. Колегабыз . Олтур тиги жакка.
Эки колун көтөрүп ,бир эки кадам артка кадам таштай көзүнө жаш алып каткырып күлдү. Аңгыча көзүндөгү жаш томолонуп акты. Оймоктой оозун кыйпкызыл кылып бойоп, алган көз жаштар ошол эриндерини суулап жатты....
––Дагы деле сени күтүп, сени издеп жүргөнүмү билсең. Сени деп канча адамдарды кечтим. Канча нерсени жоготтум. Сүйөм деген сөздөрүң , мен үчүн согуп турган жүрөгүм курман деген сөзүң да жалган турбайбы.
Унчукпай качып кетип ,үйлөнүп келипсиң.
Бир ооз сөз айтып коюга жарабадыңбы? Мен да умут менен сени күтүп жүрбөйт элем...
Тилеген өзүңчү деп бакыргысы келди бирок унчукпай көзүнө тигилип карап турду. Эшикти каттуу жаап чыгып кетти.... Дагы деле ошол мүнөз...
Түшкү убакыт. Тамактанып жатышкан. Кухняга чогу иштеген кыздар менен Айкөл кирип келди. Ак койнок , кара шым , бийик така тыкылдап келип , эң акыркы столдон жай алды.... Ал жердеги эркетердин баары Айкөлгө кызыгып көздөрүнү үзө албай жатышты. Студент жүк түшүрүүчү балдар тийишүүгө да үлгүрүштү...Тилеген курактуу директордун орун басары Нурлан тамагын көтөрүп Айкөлдүн жанынан орун алып, экөө кобураша тамактанып жатышты....Канча өзүнү басканы менен Тилегендин жүрөгүнү кызгануу ээледи...Карабай тамагында жебей чыгып кетти... Кийинчерек Айкөл менен чогу жүрүп чогу иштеп калды. Айкөлдүн өзүнө тыңдыгы тазалыгы , кийинип жүрүшү Тилегенди эле эмес башка эркек заттарыны да кызыктырып, арбабай кочу эмес эле ... Анан да тайманбаган мүнөзү өжөрлүгү менен көп жерден жарк этте чыга калчу... Тилеген үйүнө келип Мээрим менен Айкөлдү салыштыра бере турган адат тапты.....Мээримдин түптүз мүнөөзү , Тилегендин көзүн карап , өз сөзүнү да толук айта албастыгы жакпай жанын кейитчуу болду... Кээде жагымсыз жыт. Кийиминин жупунулугу да жакпай баратты..Жетелеп барып кийим алып берсе да ,үйдө эски кийимдерини кийип жаңысын бекитип койчу адаты такыр жакпачу...... Жанына келсе ар дайым куурулган тамак жыттанып, зээнин кейитчүү. Ичи чонойо баштаган кезде такыр озүнү карабай койду. Тилегендин да күндөн күнгө көңүлү сууп баратты.... Эрте менен кофе ичип, кагаздарды бирден көздөн өткөрүп жаткан Айкөл Тилегендин маанайсыз келгенин көрдү..
––Тилеген салам !
––Кутман таң ! Кечикпей келген күнүн да бар экен ээ ?
––Ооба да . Эмне маанайың сууз?
––Аа жакшы баары...
Кастюмун чечип ,илип жатканда ак көйнөгүнүн сары дактарына көзү түштү....
––Тилеген устүңү карачы кай жерде оонап жатып келдиң....?
–– Мм оба ушундай болуп калды.
Батырак чеч. Уят иштегилер эмне дейт?
–Эмне кыласың жуйм деп алба ,и так азыр келишет баары.
––Бүгүн кечирек келишет бол батырак.. Айкөл Тилегендин унабаган оюна койбой үстүнөн чечип алып, түалетке жүгүрдү , бир аз убакытын ичинде ак көйнөгүнү таптаза кылып ,алып келип үстүнө жатпы.
––Рахмат. Түшкү тамак менден болсун деп ыраазы боло жылмайды...Алдын топчулап жатып, өзүнө жакын турган Айкөлдүн кыйпкызыл ээрини , атырынын жыты делебесин козгоп жиберби... Бири бирине жакындашып, арада өбүшө кетти...
Эшик кагылып, экө эки жакка бөлүнүп өздөрүнү түздөп олтуруп калышты.... Ал күнү экөөнүн тең маанай жакшы иштешти...
Кечинде ак баракка жазылган дарек боюнча Айкөл шаар четиндеги орус улутундагы кемпирдин дарегин издеп таап барды.....
Көп жылдан ашуун Кыргызстанда жашап жүргөн орус кемпир так жана даана кыргызча сүйлөп тосуп алды..
–– Здраствуйте ! Людмила Анатольевна это вы ?
––Ну да , это я . Аа сен ким ? Эмне керек?
–– мага жардамыңыз керек. Тагдырымы көрүп бериңиз.
––Жүр , ичкериге кир...
Жыгачтан салынган жапыз үйгө киришти... Үйдүн ичи таптаза. Стол ,стул, эски шкаф, сервант турат. Ичинде толо идиш. Оң тарапта телефизор турат. Эки терезе ,текчесинде майда кыйпкызыл болуп роза гулу быжырап гулдөп үйдүн көркүн ачып турат.... Жанында лимон өстуруп койгон..Сабактарында майда чиркейлер жүрөт... ортодогу тамактануучу стол бетинде бир бөтөлкө арак менен тарелкада төрт сууга бышырылган картошкө Бир нан жана ирети менен вилка лошка койюлган...
Орус кемпир көзү менен ишара берип олтур дегендей чекедеги стулду көргөздү...
––Ыы скажи мне что тебе надо ?
––Мага бир уй бүлөөлү эркекти каратып бериңиз?
––Ой кызым , анда акчасы көөп болот.
––Канча керек ? Мен айткан суммаңызды берем....
––Жакшы анда сурөттү барбы?
––Ооба ,ала келгенмин...
Мындай кыл кызым. Менден да күчтүү Цыган улутундагы аял бар . Мен окуйм кучу бат кетет. Ал Цыган түболуктуу окуйт. Ме бул дареги . Эки көчө ыйлдыйда бат эле жетесиң.....
Орус кемпир окуй албады. Тилегендин сурөтүн көргөндө аялынын кош бойлуу экендигин көрдү. Дагы бир наристенин убалынан коркту...
Ошол кечеде Цыганды таап , Тилегенди бүтүндөй өзүнө окутуп, баш жүгүртмө жасатып алды.. Тилеген да жипсиз байланып, көзүнө Айкөлдөн башкасы көрүнбөй калды.... Ал кара дубанын күчү күндөн күнгө күчөп акыркы кездерде башы каттуу ооруп, сөз көтөрө албай ачуусу да бат келе турган болуп калган.....
Айкөлдү көрөр замат , ачуусу басаңдап, жаратына дары койгондой эс ала турган болду... Тилеген мен Айкөлдү каттуу сүйөм асыз жашай албайт экенмин деп ойлоду.......
≈≈≈≈≈≈≈≈≈≈≈≈≈≈≈≈≈≈≈≈≈≈≈≈≈≈≈≈≈≈≈≈≈≈≈≈≈≈≈
{}{}{}
Эртеси жумушка барбай Тилеген айылга бет алды... Жол жүрө ар түрдүү ойлор мээсин жеп салды... Кара дубанын күчү өзүнө баш ийдирип кул кылып алганы менен иши жок , эч темкени билбей асыл адамдарынан кол жууп жатканын сезбей баратты... Мээримди эстегенде ачуусу келип, көңүлү жай алгыча жанчып ,эзип ургусу да келип турду...
Үйнө жетип келди. Сыртта апасы нан жаап жүргөн..
––Ии дессе ой Тилеген сенби балам?
––Ооба мен. Апа кандайсыз? Амансызбы?
––Рахмат балам. Тилеген апасынын жанындагы тактайга олтура кетти.. Башын жерге салып, уф деген сөздөн башкасына жарабады....
––Тилеген эмне болду балам. Тусуң кантет.? Теги тынчылыкпы..? Самара ! Оо Самара~а
––Оов апа !
––Кел кызым , нанды кызартып үзүп ал. Байкең келиптир мен сүйлөшөйюнчү...
Жүрү үйгө ... Устундогу халатын чечип, Тилегенди жетелеп алып кирип кетти...
––Сүйлө балам. Жарыл. Эмне болду Мээрим кайда?
––Апа Мээрим жок. Кайда кеткенин билбейм. Жумуштан келсем эшик ачык туруптур. Түнү менен күттүм ана келет, мына келет деп дайыны жок....
––––Кудагыйга телефон чалдыңбы?
––Жок, чалбадым.....Аңгыча тракторуну айдап , Абай да кирип келди....
Автор Жаңыл....уландысы бар...

Комментарии