ЕЛИЗАБЕТ ЧЫГАРМАЛАРЫ
9 мая

АДАШКАН ТАГДЫРЛАР ....

9~болум
Абай тракторуну токтотуп, үйгө кирди. Уулун көрүп, таңыркай сурап кирди...
–Кел Тилеген амансыңарбы?
–Келиңиз ата , амансызбы ?
––Ыы қандай отурасыңар ? Келин кана ,бүгүн иш күнүңгө эрте келипсиң ?
Тилеген башын жерге салып , эч темке дей албады... Атасынын эмне дерин билип ,сөз ача албады...
––Абышка келиңиз, жумушуңуз бүттүбү ? Уулуңуздун келгенинин себеби келинибиз үйдөн чыгып кетиптир, бир кун өтсө да жок экен...
––Мм кайда кетет, эмне үчүн чыгып кетет. ?
–Уулуңуз урушпадык, айтышпадык деп жатат.. Билбедим дагын, бир демке айтышта кыйын..
––Ээ башы жок! Жөндөн жөн кайсы жинди үйдөн өзү болгон жиндидей чыгып кетет. Эки кат абалында. ! Бирөөнүн баласыга күнөөнү койбой өзүңдүн акмак чоң жиндиңден жакшына сурап корбойсүңбү? Эмне кылдын? Башынды бийик көтөр ,өлтүрүп жатканда да бийик көтөрүп туурасын айтып өл ! Эмне болду дейм!
––Эч темке ата !
––Көзүмө кара ! Катын тарбиялаган акмак ! Келинге бир демке болсо сен дагы апаң дагы менден соо кутулбайсыңар! Териңи тескери сыйрып, туз тыгамын.... Турмуш, катын башкарыш ушундай кыйын болот. Бүлөө багыш кыйын болот!
–Сен тезинен кудагыйга телефон кыл.
Макул абышка...
Кымбат апа дайым балдарына арачы болуп таяк жечү.. Ар бир баласынын, кызынын катасыга экөөлөп жооп берчү.. Жүрөгү түшүп ,тызылдап кол телефонун алып Зулайкага чакыруу жөнөттү...
––Алоо? Алоо?! Зулайка амансыңбы ?
––Аманчылык кудайгый эже ! Өзүңүздөр жакшы жүрөстөрбү?
––Зулайка сиңдим , бир иш болуп калды , ачууга алдырба садага болоюн.
Мээрим үйдөн таарынып, чыгып кетиптир. Кайда экенин билбей Тилеген үйгө келиптир . Ии шорум катты шорум!
––Кабатыр албай шаардагы торот канага келиңиздер! Кудагый уулуңузда келсин. Кызымды эмне кылып койгонун айтып берсин. Бир өлүмдөн калып ,көчөдө көз жарыптыр. Жакшы инсандар бар экен. Алар болбогондо силер небереңерден мен кызымдан айрылмакмын..
––Ии кечирип кой айланайын. Азыр барабыз. Азыр.
Телефон ду өчүрүп, абышка келинибиз көз жарыптыр. Оору канада шаарда экен. Тур Тилеген тура гой балам. Мен ун кууруп, атала кылып алайын.
––Эми ким күтөт сенин аталаңды я ? Сатып алабыз жолдон суйюк тамак үйүнө келгенде жасап бересиң.... Дароо кийинишип, жолго аттанышты. Жол жүрө бири~бирине сөз катпай ойлуу бара жатышты. Төрөт канага жеткенде Тилегендин бутту баспай араңдан кирди.
Эшик алдында Зулайка күтүп олтурган болчу.
––Зулайка кудаагый кандайсың? Теги амансыңбы ?
––Саламатсыздарбы ? Мен жакшы шүгүр . Небере куллук болсун! Сиздерге . Тилеген ата деген наамга ээ болушуң менен..
––Куллук , ырахмат. Зулайка биз келинибизден кабар алып чыгалы. Неберебизди көрүп , анан олтуруп жай сүйлөшөбүз....
––Макул, кириңиздер. Мен мында олтуруп турамын.
Абай Кымбат болуп Мээрим жаткан бөлмөгө кирип барышты... Абалы оор жаткан Мээрим башын да көтөрүүгө алы келбеди...
––Ата ,апа келиңиздер!
––Жат жатагой ,ордуңдан козголо корбо. Ырахмат кызым , бизди неберелүү кылып, наристе жытына жеткиргенин үчүн. Эсен аман.Кымбат апа сөз айта албай ыйлап алды. Эне да , жүрөгү сезип, көнүлү ооруп , жанына басып келип Мээримдин жүзүнөн сүйдү.
––Айланайын амансыңбы балам? Кандай күнгө кабылдың? Бир ооз апа ай деп айтпайт белең ? Жабыркап ээн талада кыйналып калыпсыңго аттигин ай !
Эриндери кургап, көзүн араң ачып , жутунуп, кыйналса да жүзүндөгү жылмаюнун жоготпой үмүттү көздөрүн Тилешенден үзбөй Мээрим жатты...
Небересин колуна алып, Абай менен Кымбат эне жыттап, эркелетип сүйүнүчүндө чек жок...
Тилеген өз күнөөсүн сезип батынып аялына да , уулуна да жакын бара албай четте каткан казыктай турду... Уулун көрүп , өзүнү зордоп аракет кылса да жүрөгү муздап туруп алды....
Абай Кымбат экөө чыгып кетишти.
Тилеген жакын келип ,
–– Мээрим кечирип кой , билем күнөөм кечирилгис бирок сага айтып түшүндүрүп бере албайм. Кечирбей деле койсоң болот . Кечиримдүү иш кылбадым...Мээрим көзүн жумуп, Тилегендин колун кармады. Оюнда болду баары бүттү кечирим сурады жашообуз жакшы болуп кетет деп ойлогон болчу.. Жанында жаткан уулун, колуна алып , жыттап чекесинен сүйүп , сыртка чыгып кетти...
Төрөт канага жакын жерде чай канада Абай , Кымбат ,Зулайка болуп сүйлөшүп олтурушкан.
Тилеген кирип барды....
––Апа кандайсыз ден соолуктарыңыз жакшыбы?
––Жакшы шүгүр, келчи мындай олтурчу эми ачык сүйлөшөлү....
––Кудааларым мен сиздерди абдан сыйлаймын. Балаңыздарды жаман дебейм кызымда да күнөө толтура. Бирок , өз үйбүлөсүнөн башка кыз менен жолугуп жүрүүсү эмнеси кандай түшүнсөм болот? Тилеген кызымды сага кордоткону эмес ,аялдыкка бергенмин, бүлөө кылып ал деп. Көчөгө таштап койо турган менин бадам козу карын эмес..
Кызым талаада өлүп калса эмне болот эле?
Я, айтчы Тилеген ошол сен жүргөн кыздан менин кызымдын эмнеси кем?
–– Э атаңдын оозунайындын баласы кеп бул жакта дечи ! Уят ! Мен мындайды күтпөдүм эле сенден ! Кымбат апа да эмне дерин билбей жакасын кармады....
––Ай Зулайка койчу ай , кантип ушундай болсун? Тилеген эмне дейт я ?
––Сиздер аралашпаңыздар биз Мээрим экөөбүз чечебиз. Жашай турган да биз. Ооба менден кетти кечириңиздер..
–– Акмак ! Жап оозуңду ! Биз калганын үйгө барганда сүйлөшөбүз. Мээримден да кечирим сурайбыз. Аа жаштык кылыптыр дейин десем ,бир баланын атасы болуп калып туруп мындай ишти жасаганын туура эмес. Биздин семияда болбойт мен тирүү экенмин бул ишти башка кайтарбайсың! Кимди тартып калгансың ? Тууган уруктар, эл укпасын. Мени тирик эле горго тыктың! Уятсыз !
Ал жерде эч ким башка сөз ача албады... Зулайка да уруша албады. Тилегендин таанылгыс жүзүн көрүп таң калды...
Ал кече Кымбат апа абышкасы менен шаарда түнөп калышты.... Тилеген эрте менен жумушуна кетти. Күндөгүдөй жашоо уланып жатты. Айкөлдүн мени де же үй бүлөөңө кайт деген сөзү абдан ойлонтурду. Тилеген бир жуманын ичинде абдан өзгөрдү. Түн уйкусунда тынчтык жок. Аялын ойлобосо да кичинекей өз канынан бүткөн уулун кече албады. Дубанын күчү өз бийлигин жүргүзүп, акыры Айкөлдү тандады.. Жумуштан чыгып,, Айкөл чакырган дареке барды.
Эшигинин звоногун басып бир аз туруп калды. Эшик ачылып, уйкулуу көзүн ушалап, кыска халатын оронуп Айкөл Тилегендин мойнуна асылды.....
––Келдиңби?
–– Ооба келдим, билбейм кантип келгеними .
––Жүр, келе олтурчу сүйлөшөлү.
––Айкөл башым катты. Биз бир азга жолукпай турсакчы мен да ойлонуп бир тыянакка келмекмин.
––Тилеген менин боюмда бар. Сен кече албай жатасың уулуңду. Жакында мен да төрөйм. Менден да менин баламдан да кол үзөсүң! Тиги аялың менен бактылуу болуп жашай аласыңбы?
––Анда эмне кыл дейсиң? Ата энем сени алышыма көнүшпөйт.
––Кетебиз.
––Кайда кетебиз. ?
––Москвага кетебиз.
––Акылың жайындабы? Ал жакта кантип жашайбыз?
––Мага уже жумуш даяр. Сага да даяр ал жагынан кам санаба . Бир жылдан соң небереси менен келсек ата энең унчуга албайт кечирет.
––Мен кете албайм. Ал жактагы жашоону элестете да албайм. Ушул жерде эле иштеп жашайбыз. Мен сени да Мээримди да багууга күчүм кудуретим жетет...
––Мен бул жерде сени ал менен тең бөлүшө албайм. Менин артыман жүгүргөндөр ошончо мен сени сүйөмүн . Түшүнүп жатасыңбы ? Сен менен бактылуу боломун. Үй бүлөлүү эркекке жаштыгымды, кыздыгымды курман кылып мени акылдан азган деп уккан белең! Мага берген убадаларың кана ? Эркек болчу сөзүңө
жооп берчи , ошол сөзүңдө турчу....
Чындыгында Тилегендин эки буту бир өтүккө тыгылды... Айкөл айласын кетирди. Айкөлдү тандап ,бул жерден качып кетпесе жашоосу тозокко айланчудай болуп, ошол кечеде экөө сүйлөшүп билет алып, эки күндөн соң учуп кете турган болушту....
Маңдайында турган бакыттын кадырын билбей , турмуштун туткуну болуп аз күндүк өмүрдө жыргал жашоону көксөп турмуштун какысына жолугуп ар бири тагдырынан адашышты... Тилегендин абалын эч ким сезген жок. Кыргызчылык кылып, молдолорго басып окутуп, дубанын күчүн жазуу керек болчу. Бирок бир да инсан сезген жок... Кагып согуп ,урушуп акыл насатын канча ирет айтканы менен бир да сөз мээсине кирип ,сиңген жок... Жөн гана абага кайкып учуп жатты...
≈≈≈≈≈≈≈≈≈≈≈≈≈≈≈≈≈≈"""≈≈≈"""""""""""""""""""""≈≈≈≈≈≈
Көзүн ачып эч нерсеге түшүнө албай Мээримдин эси кетти... Кадырлуу кайненеси менен өз апасы айтыша кетип, айласын кетирип турган кез эле.... Сөздөрүнүн бирине да түшүнө албай, жалдырап жанындакылардын оозун тиктейт....
–––Менин кызым жаман экен, балаңарга жакпаптыр анда силердин балаңарды да багып отуруунун кажети жок. Мага да бала керек...
––Эч ким Мээримди кетсин деген жок. Биздин бүлөө неберем менен кошуп алып кетемин ~деди Абай.
––Эч кандай кызымды кайра ал астанага жибербейм. Жаштыгына карабай макул болдум . Сиздерди көрүп , жакшы инсандар деп ойлогон элем. Көрсө тышынарды жылтыратып алган экенсиңер, аа ичиңер куурап бүткөн экен. Кантип өз балаңарды тарбиялай албадыңар? Же жетимди тебелесең боло берет дедиңерби колунан эчтемке келбейт дедиңерби?
––Ай Зулайка ачууга алдырба !Болду кыл. Келиними алып кетебиз биз.
––Сиз эч кандай сөз кошпоңүз Кымбат эже. Баарына сиз күнөөлүүсүз. Менин баламдын бактына чычтыңар! Кызым кул эмес ,же сатып алган күңүңөр эмес. Небереңерди алып кеткиле , кызымды беш мүнөтта таштабайм.
Тилегендин өлүгү келсин ошол Москадан тиги шуркуясы экөөнүн...
–– Ай болду кыл. Кой карганба...Зулайка кой адашса да менин балам... Энесиңго сени да түшүнүп турамын...
––Апа , апа болду кылыңызчы эмне болуп жатат?
–Тиги шумшук ээриң качып кетиптир Москвага.
Мээрим арткысын сүйлөй албай калды...
Кат таштап кетиптир. Сен көнүлүндөгүдөй эмес экенсиң. Сенден уялат экен. Ал кызсыз жашай албайт экен. Баласынан да кечти . Ага керек болбосо сага да керек эмес...
––Апа эмне деп жатасыз? Баламдан кечпейм. Менин балам. Мага керек... Макул кетсе кетсин , бирок жаратымы кайра кеңейтип баламды менден тартып албаңыз.... Ал кичинекей апа . Менсиз жашай албайт. Мен керекмин балама ...
Тилегенсиз жашаймын, бирок баламсыз жашай албайм......
––Жашайсың ! мына мен жашатамын ! Кана сызган чызыгымдан чыгып көрчү..Энен эмесмин башка....
Каргашалуу кун ;
Энени кыркы чыга элек беш күндүк наристеден ажыратышты... Бир үй бүлөө жок болду.... Жараткандын да каары келди... Уккан жандын баары жакасын кармап тообо кылышты...
Өзүн жоготуп , жинди болгон немедей чачын жулуп, ыйлап жаткан баласын эстегенде эт жүрөгү үзүлүп Мээрим үй абагында жатты... Тамакта жебей өз башын дубалга, полго уруп акылын жоготуп баратты....
Кымбат апа кичинекей небересин колуна алып, чыркырап эмчек сурап , жетим козудай тыбырчылап ыйлап жаткан небересине боору ооруп , эзилип бүттү. Канча түндү канча күндү уйкусуз өткөрдү.. Абай катуу ооруп ,төшөктөн тура албай калды....
Уландысы бар...

Комментарии