Атамдын иниси таксист

болуп иштейт. Бишкек-
Нарын болуп күндө каттап
турат. Бир күнү машинасы
бир жерден бузулуп
калыптыр. Оңдоп бүтүп эки жагын караса, жаңы
дөңгөлөк жатыптыр.
Жакшы болду деп, алып
машинасына салып
алыптыр. Арадан 2-3 күн
өтүптүр. Шашылыш жумушу менен киши салбай
эле кетейин деп жатса, бир
жигит байке мени салып
алыңызчы деп, экөө
Бишкекке жол тартат. Аркы-
беркини сүйлөшүп отуруп, баягы дөңгөлөк таап алган
жерге келишкенде тиги
жигит: - Байке, биз ушул
жерден жол кырсыгына
кабылганбыз, деп айтыптыр.
Атамдын иниси, "кана, кайсыл жер?" - деп терезени
карап, кайра баланы караса,
бала жок дейт. Коркуп,
келме келтирип араң эле
машинасын үйүнө айдап
келет. Келип чоң апама айтса, аябай урушуптур.
"Эмне ал дөңгөлөктү
аласың?" - деп. Чоң апамдар,
чоң атамдар ал жерге барып,
кой союп куран окуп, баягы
дөңгөлөктү таштап келишиптир. Көрсө, кырсык
болуп адам өлгөн жерден эч
нерсе албаш керек экен.
(Кочурулду)

Комментарии

Комментариев нет.