28-болум Бул учурда аябай эле кызып калган Искен айдоочуну обу жок шаштырып жатса,Бишкектен чыккандан бери туштукту карай ойноп баратпаганын ойлоп,жоопкерчиликти сезген Аркыт ичкиликти токтотуп,алдыдагы Айя менен боло турган жолугушуну ой элегинен откоруп,кантеерин билбей жолго айдочудан ото тигилип келатты. -Бас! Атанды коруну урдур! Кандай айдашты коргоз!-деген Искендин опурулмасына маани деле бурбай калган айдоочу бир кезде тетирисинче ылдамдыкты азайтып барып жол жеегине токтоп Аркытка кайрылды: -Шеф алар артта калышкан окшойт. Болбосо эмдигиче эки жолу кууп жетмекпиз,-деди. -Ооба канат байлап эле учуп кетишпесе мындай ылдамдык менен эбак жолугушмак, -деп Аркыт дагы ойлоно тушту. -Алга! Эмне турабыз айда!-дедиИскен оолжуй суйлоп,-Андай немени улактай эле бокторуп кайра тартабыз. -Биринчи таап алсак анае аны меен озум суйлошом дагы,ызы чуусу жок эле арта алып жонойбуз. -Сен аны эмнеге чойоктотосун эй! Карма дагы колун толгоп машинага сал. Бутту! Айтканды укпаган неме экенсин...-деп Искен озунукун берген жок. -Степке айдоочусу менен сегиз киши батат экен. Эгер биз кучко салсак ошол сегизи тен бизге жабылып Айяны бербей койуштары мумкун,ошон учун аларды алдашыбыз керек,-деди ичиндеги арагы аздан тарап сергек ой жугурто баштаган Аркыт.-Арта айда Айбек биз алар Токтогул жакка бурулганда отуп кеткен окшойбуз. Кара бумер артты карай мурдагыдан жайырак жоноду. Аздан сон баягы кызыл степ алдыларынан чыкты. Жарыгын очуруп куйгузуп,сигнал берип,алдын тороп токтоткон Айбек басып барып жангы эле унаа экенин тааныган сон бул жолу жайдары салам айтып,кечирим дагы сурап жиберип,айыптуудай ун катты: -Кечирим койгула байкелер,биз бир кызды издеп журдук эле,ал Бишкектен силерге тушкон жок беле? -Мага жалан эле эркектер отурган. Ал алдыша кеткен машинада болушу керек. Айти аке каттуу айдачуу эле эмдигиче Ошко кирип кетти болушу керек. Силер кууп жете албай койдунарбы? -деп айдоочу Айти акенин артта экенин жашырып ,буларды жазгыруунун далбасасын жасады. -Жо-ок,ал Токтогулга киргенде биз отуп кеткен окшойбуз. Эгер аны коруп калсанар анда келаткан кызга аган издеп журот деп айтып койгулачы,-деп артка тарткыча болбой арттан далдалактай чуркап жеткен Искен стептин эшигин ачып оолжуй опурулду: -Кана аяш? Мен аны жыргар жерине ыйлатып алып барам! Аркыттай жигитти чанган кндай экенин ага озум корсотуп койом. Кана ал?-деп машина ичине башын тыкты. -Эч кандай кыз жок бизде!-деп озуно жараша жооп берди айдоочу.-Аяшынды башка жактан изде! 29-болум -Издейбиз,издейбиз! Биринчиден сенин машинандын ичин карайынчы кана...-деп арак сасыган илеби менен нары карай жоолоп,буга ичиндегилер жиндене баштаганда Аркыт менен Айбек аны эки жактан колтуктап оз машинасын карай жетелеп кетишти. Аздан сон алар артты карай каттуу кетишкендеринде айдоочу телефонун колго алды: -Алоо Айти аке,жанагылар бир кызды издеп журушуптур. Кебетеси аны ала качышат окшойт. Ичиндегилери бут ылжып мас экен. Жашына турасызбы? Алар азыр барып калат.... -Рахмат уко! Азыр жашынам,-деп Айти аке артка бурула берип улгайып калган жургунчулордун арасындагы жалгыз кыз Айяга кайрылды.-Жаналгылар бир кызды издеп журушуптур. Ал кыз сен болушун керек. Кандай кылалы?Алар аябай мас экен дейт. Жашына туралыбы? Же... -Кимди?Мениби? -чочуп кетти бейкапар келаткан Айя.-Эмне кылышат экен?Кимдер экен? -Кимдер экенин ит билсинби! Биз менен бирге кележатан кызды ала качышарын айтышыптыр. Андайларын жок беле? -Жок!-деп дароо эле Аркытты эстеген Айя кыйкырып жиберди-Айланайын байке тезирек жашыныныз. Мени алар кечоо дагы ала качмак болушкаг. Аяны тангала карап алган шопкр машинесин асталатып жол боюнан кире калчу буйтка,бурула каччу жол издеди. Бирок,ан жолдун эки тарабы тен тик экен,ал жакка бурулса машина аласалып кетчудой,жакын арадан бурулуп кетчу жол дагы жок эле. -Кандай кылабыщ карындаш машинени жашырчуу жер жок болуп жатат,-деп айдоочу машинесин токтото берип Айя кайрылды. -Айланайын байке бирдемке кылыныз! -Сен жерге тушуп жашына тур! А биз болсо сени Токтогулдан эле тушуп калган деп койобуз,-деди алдыда отурган абышка. -Туура айтасыз аксакал!-деп Айти урулун алаканы менен уруп алып,жерге ооп тушуп арткы эшикти ачып Айяга кайрылды. -Кызым сен жолдон кичине ылдыйраак тушуп карангы жерге отура тур. Анан тигилер келип кеткенден кийин сени кайра салып алып жолубузду жайбаракат улайбыз. Кандай дейсин? -Маку байке,-деп машинадан атып чыккан Айяны айдоочу колунан жетелеп жолдон ылдый тушуруп,карангы жерге отургузуп,кайра чыгып келди дагы капотун ачып чукуламыш этип калды. Коп откон жок,алды жактан коз уялткан жарыгы менен каттуу келген машина чукул токтоп,андан тушуп басып келген киши айдоочуга салам айтып,анан сыпайы турдо сурап калды: -Байке жана кундузу Бишкектен сизге бир кыз салдым эле ал келатабы? Келатан болсо суйошуп алсам бообу? -Кайчсы кыз? Аа ооба сени тааныдым. Ооба келатан ал кыз бирок Токтогулга келгенде тушуп калды. -Кандайча байке? Мен аны сизге Ошко чейин жол киресин толоп салбадым беле? Анан эмнеге Токтогулдан тушуп калат? 30-болум -Мен эмнеге тушуп калганын кайдан билейин! Жанагы сотогой телефон деген неме силерди бат эле айнытып жиберип жатпайбы. Ары бери чалышып суйлошту дагы Токогулда жакындары бар окшойт,кала берди. Ишенбесен машинаны ичин кара!-ишенимдуу турдо айтты Айти. Ошентсе дагы Аркыт салондун ичине баш багып коз жугуртуп алды. Ал машинасына отуруп журуп кеткенден кийин бир жургунчу бушкурой тушуп ун катты: -Мобу ким эле? Бир жерден коргондой болуп атам... -Бул жанагы жаштардын лидери Аркыт Ашыров да! -Анан ушул дагы кыз ала качабы? -Ала качканы ушул да! Бул саясатчыларын телевизорго чыгып алып суйлосо булардан жакшы киши жок. Ал эми тун катып кылгандары бул. -Жаштардын лидерлери ушинтип атса жыргаган экенбиз!.. . Айя карангы жерде отуруп машина келип токтогондон кийин,кишилердин кобурашкан ундорунун арасынан которунку чыккан Аркыттын конур унун даана тааныды. Жолдо ката бул жигитке жолугуп,ал тургай уйуно туноп,баш кошуу туралуу олуттуу сунушун дагы угуп,мындай тагдырына ишенсе да,тушуно да бербей тан калып келаткан ал Артыктын уну дарылдап чыккан машинасы артты карай алыстаганда кандайдыр ичи конултактай тушту. Эмнегедир Аркыт бир журокко жакын ,жанга жагым нерсесин алып кеткендей кокурогу ачышты. Ал бул торт жагы топ келишкен жигит жашоо -турмушу,курчаган чойросу,байлыгы, бийлиги,билими боюнча,дегеле баардык тарабынан озунон тоочолук ойдо турарын,анын тени сулуу десе сулуу,теги дагы ак соок,жашоо деншели дагы жогору Акак экенин моюнуна алып,ал курбусунун башынан аттабаган эрдигине ыраазы болуп келатты эле эми ал артынан ушунча аралыкка чейин кубалап келгенинен улам кайрадан ыргылжын ойлорго алдырып бир туруп Аркыттай жигиттин шагын сындырганына окуно баштады.. Акак менен Айянын агасы Бекболотун ортолорунан аруу таза,арамсыздык балалык суйуу откон эле.... Айяга атасынын серт кебетеси ыроолонсо,тескерисинче Бекболотко энесинин ондуу тустуу,жарнамага тартылчуудай келбети,сымбаттуу тулку бою берилип,,ага жараша балалыктагы мунозу боевик кинодогу баш каармандыкына окшоп келип,тайманбас, чечкиндуу,ошонусунан улам интернаттын атамандарынан болгондуктан Акактай сулуу кыздын журогун оной эле багындырып, озу дагы ага тун суйуусун арнаган эле.. 31-болум Экоонун ынак мамилеси мугалимдерге чейин жетип,чонойгондо булардын уйлонушоруно баары эле ишенишчу. Жатаканаларынан качып чыгып,интернаттын багында далай тундорду сырдашуу менен откоруп,кечелерде бой балкыткан музыканын жай ыргагында бойлорун бойо кадап,татуу эриндер бири бирине желимсиз чапталышып, кыз алгач ирет эркектин кучагында магдыраса,бала эн биринчи Акактан аялдын бал даамын татыган. Келечекти бирге болжошуп,бири биисиз жашай албачуудай сезилчу эле ал учурда. Айтор балалыктын бал ширин кездерин алгачкы суйуунун ажайып учурлары менен кооздошкон эле анда... Бирок жигит мектепти аяктаган сон окуудан жолу болбой аскерге алынса,кыздын Орусиялап акчанын артынан кубалап кетишкен ата-энеси келишип,Бишкек шаарын байырлашкан сон ал бейкут балалыгын откоргон элет жыттуу шаардан кетип,чон турмуштун чор кайнаган чордонуна айланган борбор калаада жашоого мажбур болгон. Буга жараша экоонун жашоо денгели менен коомдогу ордулары кескин айрымаланып, жигит кой турмуштун койгойундо баш которгонго даарманы келбей журсо,кыз жаны чойросунун баш айланткан бийиктиги менен жашоолорунун кок тиреген денгелинен томон коз жибергенге чолоосу тие бербеди. Чынында балалык суйуунун жарыгы бастаган билигин которуп,чан баскан бнтин сурууго батынышы милдет болон жигит оз турмушунан басынып демилгени колго ала албады. Анын устуно карындашы Айя менен Акак жан бирге курбулардан кыздын азыркы абалы жигитке маалым эле.Эгер балалык менен тун суйуусун жандандырышса Бекболот озуно кыйын болуп каларын сезди. Акактай чон ичип чон жеп калган кыздын калоосун кандырыш озунун колунан келбесин билгенинен да жигит ага умтулбады. Бекболоттон башка намыр ар менен анча эсептешпеген бироо болсо али толугу менен очуп буто элек кыздын суйуусун пайдаланып анын бийик бийликтуу,байлыгы бапыраган атасынын суйуктуу куйоо баласы болууга умтулмак. Отуну менен кирип кулу менен чыкса дагы кайнатасына жагып,кызына жагалданып, тымызын турдо оз максаттарын ишке ашыра бермек. Жаратылышынан намыской жана кок Бекболот баардыгын оз кучу менен жеткиси келчу. Коз каранды болууну жек корчуу.....(у. б) 32-болум Анын устуно Акак менен жарым саатап телефондо суйлошкон карындашынан анын жаны суйуулору,жыргал жашоосу туралуу кабардар болгон сайын ага ого бетер батына албай,Айя аркылуу салам дубай айтканга аран даап журду. Ошентип журуп Акактын айтылуу Аркыт Ашыров менен жаны жактыруулары башталгандан тартып кийинки мамилелерине чейин билгени менен анын кезектеги конул ачуу оюну сыяктуу маани бербеген Бекболот экоонун уйлонорун укканда чочуп кетти. Али да Акакка болон суйуусу бастай элек,андыктан анын озунуку болушунан журок тупкурундо умуту катылып калган,кай бирде эркинен тыш муну энсеп дагы алган Бекболоттун ичи ачыша тушту. Андан оз эрки менен баш тартып жургонуно,озун оолак кармаганына окуно тушту. Уйлонбосо дагы кыз жигит катары журбосо дагы Бишкекке барган сайын жон деле болсо жолукпаганына бармагын тиштеди. Жок дегенде куйоого тийе элегинде бир жолугуп,балалык кундордогу аруу суйулорду эскерип,кучагына кысып чон турмушка ак жол каалап,кокуроктогу кокшунун кандыргысы келди. Бекболот дагы элчилеп Орусияга барып иштеп анча мынча пул тапр,Ош шаарынан уйлуу болуп андан калган акчасына жапан улгусундогу жети жургунчу салса болгудай машина алып Ош-Бишкек жолунда эл ташып иштеп жургон. Ошондой кундордун биринде Оштон келген эл эптеп чыгынып,аран батынып жатып озу Айянын телеыонуна акырын уурдап алган Акактын номурун терди: -Алоо,-деген кыздын жумшак уну угулганда Бекболот эмне деерин билбей калды,-Суйлобойсунорбу? -деп ал окумуно тарта озгоруло тушкондо гана: -Акак бул менмин,Бекбоотмун. .. -Бекболот?-деп эми кыз бушуркогон же тангалганы билинбей телефондон уну жоголо тушту,-Кайсы Бекболот? -Айянын агасыы... -Оо кудай,сен дагы чалат экенсин ээ мага?-эми тангалганы же суйунгону айрымаланбады кыздын. -Эптеп чыгынып чалдым.... -Эмнеге? -Сен суйлошпой койосун го деп корктум. Кандайсын анан озун? -Кудайга шугур жакшы. Эмнеге суйлошпой коймок элем? -Билбейм. Сен азыр башкасын да. -Кандайча башкамын? Ошол эле Акакмын 33-болум -Башында апакай бантиги бар,татынакай мектеп формасын кийген секелек кыз эмессинда,-жигиттин унун кусалуудай чыккандыктан кыз эмне дерин билбей калдф дагы тына тушуп: -Сен деле озгордун да Беке. Биз эми чонойбодукпу! -Ошо чонойбой эле койсок болмок...Менин сыртым озгоргону менен жан дуйном ошол эле бойдон. Кечирип кой жон эле сенин унунду угайын деп эле чалгам.... -Мени озгорду дейсинби? Мен деле ошол эле бойдомун. -Жо-ок сен аябай озордун болушун керек. Сырттан укканым эле ушунча... Башка адам болуп калдынго... -Мени не операция жасатып журогун алмаштырды деп уктун беле? Мен деле баягы эле Акакмын. -Анда ошол журоктун тупкурундо баягы аруу сезимдин алдыктары алган экен да... -Беке мен эч нерсени унуткан жокмун. Бирок азыр эми анын баарын козгоп эмне кереги бар? -Кечирип кой. Мен жон гана сенин унунду угайын деп эое чалган болчумун. Сенин азыркы жашооно кийлигишейин деген оюм жок. Алдыга жакшы максаттарды койуп жатыпсынар ошол ише ашып бактылуу болгула. -Рахмат Беке! Сен дагы бактылуу бол. Экоо ушинтип суйлошкон,мунун акырында жигит тынчын алганы учун дагы бир жолу кечирим сурап экинчи чалбастыгын айткан. Бирок уч кундон кийин кайра чалган. Ошол учурда Акак Аркыт экоо машинасында суйлошуп отурушту эле конгуроо кагылганда ал телефонду бейкапар котороону менен андагы чалып жаткан ктшинин ысымын окуганда кандайдыр кайсалай тушуп,Аркытты жалт карап алып: -Ало Беке байке мен сага анан чалайынчы ээ,-деп очургон. Бул Аркытка шектуу туюлуп,"Беке байкеси менен анан эмнени суйлошот болду экен? Ага байке деп кайрылганы менен сага дп бутургону кандай?-деген кызганычтуу ойго алдырган ал ошондон чыгып эле детективдик фирмада иштеген таанышына телефон чалып,андан иш тураалуу жолугушууну отунгон. 34-болум Аздан сон алардын кенсесиндеболуп, Акактын суротун,дайын дарегин берип бул сулуу кызды азыртадан баштап озу ага уйлонгончо андып беруулорун буюртма юерген. Ал тургай жана эле Акак менен озу жолугушкан анын жумушунун алдына андый турган фирма кызматкерин оз машинасы менен жеткирип дагы койгон. "Эч нерсе эмес мен уйлоно турган кишимди ушинтип текшерип койсом ашыктфк деле кылбайт"- деп ойлогон Аркыт. Ал эми Акак болсо ошондо Бекболотко убадалагандай эле жумуш куну аяктаган сон озу чалып: -Беке откондо эле экинчи чалбайм дедин элего эмне болду?-деп сурады ал жай сурашкан сон эле. -Чалмак тургай коргум келип жатсачы сени... -Беке эски ооруларыбызды козгобой эле койбойлубу? Кел андан коро айтчу созубузду телефондон эле айтышалы... - Телефондон сенин карагат коздорун корунбой жатпайбы. -Откондо унунду угуш учун эле чалдым дедин эле. Эми козунду коргум келет деп жатасын. Эмкиде мындан да терендейсин го. Кел Беке андан коро жолугушпай эле койолу. Менин Аркыт Ашыровго турмушка чыкканы жатканымды уктун да. Ал белгилуу киши экообуздун жолукканыбызды суук коздоркорсо ага жетип калышы мумкун. -Мен сенин аяш байкен боломго Акак бирдеме болсо Айя мага бирдеме берип ийиптир ошону алгыча жолуктум деп айтасын. Али ага турмушка чыга элексин го... Кийин уйлонгондорундон кийин мындай мумкунчулук блбойт, Акак. -Болуптур. Кайсы жерден жолугалы? -Сен азыр каяктасын? -Жумуштан жаны эле чыктым. Менин жумушум Чыгыш-5те. -Анда ошод арадагы кафелердин биринин аьдында жолугалы. -Жолдун боюнда "Дасторкон" деген чакан кафе бар мен ошонун алдында болом. -Макул табам. Рахмат сага Акак... Тун суйуулорун бири бирине арнаган экоо жолугушкандарында унчукпай тиктешип туруп калышып,анан жигит кучак жайчудай болуп умтулганда кыз озун кармап,кеткенчиктей берип колун сунду. Акактын апакай колун кыса армаган Бекболот ага обдулуп барып бетинен суйду. Уландысы бар..
ПОРТАЛ KG
Кара кыздын бактысы.
28-болум
Бул учурда аябай эле кызып калган Искен айдоочуну обу жок шаштырып жатса,Бишкектен чыккандан бери туштукту карай ойноп баратпаганын ойлоп,жоопкерчиликти сезген Аркыт ичкиликти токтотуп,алдыдагы Айя менен боло турган жолугушуну ой элегинен откоруп,кантеерин билбей жолго айдочудан ото тигилип келатты.
-Бас! Атанды коруну урдур! Кандай айдашты коргоз!-деген Искендин опурулмасына маани деле бурбай калган айдоочу бир кезде тетирисинче ылдамдыкты азайтып барып жол жеегине токтоп Аркытка кайрылды:
-Шеф алар артта калышкан окшойт. Болбосо эмдигиче эки жолу кууп жетмекпиз,-деди.
-Ооба канат байлап эле учуп кетишпесе мындай ылдамдык менен эбак жолугушмак, -деп Аркыт дагы ойлоно тушту.
-Алга! Эмне турабыз айда!-дедиИскен оолжуй суйлоп,-Андай немени улактай эле бокторуп кайра тартабыз.
-Биринчи таап алсак анае аны меен озум суйлошом дагы,ызы чуусу жок эле арта алып жонойбуз.
-Сен аны эмнеге чойоктотосун эй! Карма дагы колун толгоп машинага сал. Бутту! Айтканды укпаган неме экенсин...-деп Искен озунукун берген жок.
-Степке айдоочусу менен сегиз киши батат экен. Эгер биз кучко салсак ошол сегизи тен бизге жабылып Айяны бербей койуштары мумкун,ошон учун аларды алдашыбыз керек,-деди ичиндеги арагы аздан тарап сергек ой жугурто баштаган Аркыт.-Арта айда Айбек биз алар Токтогул жакка бурулганда отуп кеткен окшойбуз.
Кара бумер артты карай мурдагыдан жайырак жоноду. Аздан сон баягы кызыл степ алдыларынан чыкты. Жарыгын очуруп куйгузуп,сигнал берип,алдын тороп токтоткон Айбек басып барып жангы эле унаа экенин тааныган сон бул жолу жайдары салам айтып,кечирим дагы сурап жиберип,айыптуудай ун катты:
-Кечирим койгула байкелер,биз бир кызды издеп журдук эле,ал Бишкектен силерге тушкон жок беле?
-Мага жалан эле эркектер отурган. Ал алдыша кеткен машинада болушу керек. Айти аке каттуу айдачуу эле эмдигиче Ошко кирип кетти болушу керек. Силер кууп жете албай койдунарбы? -деп айдоочу Айти акенин артта экенин жашырып ,буларды жазгыруунун далбасасын жасады.
-Жо-ок,ал Токтогулга киргенде биз отуп кеткен окшойбуз. Эгер аны коруп калсанар анда келаткан кызга аган издеп журот деп айтып койгулачы,-деп артка тарткыча болбой арттан далдалактай чуркап жеткен Искен стептин эшигин ачып оолжуй опурулду:
-Кана аяш? Мен аны жыргар жерине ыйлатып алып барам! Аркыттай жигитти чанган кндай экенин ага озум корсотуп койом. Кана ал?-деп машина ичине башын тыкты.
-Эч кандай кыз жок бизде!-деп озуно жараша жооп берди айдоочу.-Аяшынды башка жактан изде!
29-болум
-Издейбиз,издейбиз! Биринчиден сенин машинандын ичин карайынчы кана...-деп арак сасыган илеби менен нары карай жоолоп,буга ичиндегилер жиндене баштаганда Аркыт менен Айбек аны эки жактан колтуктап оз машинасын карай жетелеп кетишти.
Аздан сон алар артты карай каттуу кетишкендеринде айдоочу телефонун колго алды:
-Алоо Айти аке,жанагылар бир кызды издеп журушуптур. Кебетеси аны ала качышат окшойт. Ичиндегилери бут ылжып мас экен. Жашына турасызбы? Алар азыр барып калат....
-Рахмат уко! Азыр жашынам,-деп Айти аке артка бурула берип улгайып калган жургунчулордун арасындагы жалгыз кыз Айяга кайрылды.-Жаналгылар бир кызды издеп журушуптур. Ал кыз сен болушун керек. Кандай кылалы?Алар аябай мас экен дейт. Жашына туралыбы? Же...
-Кимди?Мениби? -чочуп кетти бейкапар келаткан Айя.-Эмне кылышат экен?Кимдер экен?
-Кимдер экенин ит билсинби! Биз менен бирге кележатан кызды ала качышарын айтышыптыр. Андайларын жок беле?
-Жок!-деп дароо эле Аркытты эстеген Айя кыйкырып жиберди-Айланайын байке тезирек жашыныныз. Мени алар кечоо дагы ала качмак болушкаг.
Аяны тангала карап алган шопкр машинесин асталатып жол боюнан кире калчу буйтка,бурула каччу жол издеди. Бирок,ан жолдун эки тарабы тен тик экен,ал жакка бурулса машина аласалып кетчудой,жакын арадан бурулуп кетчу жол дагы жок эле.
-Кандай кылабыщ карындаш машинени жашырчуу жер жок болуп жатат,-деп айдоочу машинесин токтото берип Айя кайрылды.
-Айланайын байке бирдемке кылыныз!
-Сен жерге тушуп жашына тур! А биз болсо сени Токтогулдан эле тушуп калган деп койобуз,-деди алдыда отурган абышка.
-Туура айтасыз аксакал!-деп Айти урулун алаканы менен уруп алып,жерге ооп тушуп арткы эшикти ачып Айяга кайрылды.
-Кызым сен жолдон кичине ылдыйраак тушуп карангы жерге отура тур. Анан тигилер келип кеткенден кийин сени кайра салып алып жолубузду жайбаракат улайбыз. Кандай дейсин?
-Маку байке,-деп машинадан атып чыккан Айяны айдоочу колунан жетелеп жолдон ылдый тушуруп,карангы жерге отургузуп,кайра чыгып келди дагы капотун ачып чукуламыш этип калды.
Коп откон жок,алды жактан коз уялткан жарыгы менен каттуу келген машина чукул токтоп,андан тушуп басып келген киши айдоочуга салам айтып,анан сыпайы турдо сурап калды:
-Байке жана кундузу Бишкектен сизге бир кыз салдым эле ал келатабы? Келатан болсо суйошуп алсам бообу?
-Кайчсы кыз? Аа ооба сени тааныдым. Ооба келатан ал кыз бирок Токтогулга келгенде тушуп калды.
-Кандайча байке? Мен аны сизге Ошко чейин жол киресин толоп салбадым беле? Анан эмнеге Токтогулдан тушуп калат?
30-болум
-Мен эмнеге тушуп калганын кайдан билейин! Жанагы сотогой телефон деген неме силерди бат эле айнытып жиберип жатпайбы. Ары бери чалышып суйлошту дагы Токогулда жакындары бар окшойт,кала берди. Ишенбесен машинаны ичин кара!-ишенимдуу турдо айтты Айти. Ошентсе дагы Аркыт салондун ичине баш багып коз жугуртуп алды.
Ал машинасына отуруп журуп кеткенден кийин бир жургунчу бушкурой тушуп ун катты:
-Мобу ким эле? Бир жерден коргондой болуп атам...
-Бул жанагы жаштардын лидери Аркыт Ашыров да!
-Анан ушул дагы кыз ала качабы?
-Ала качканы ушул да! Бул саясатчыларын телевизорго чыгып алып суйлосо булардан жакшы киши жок. Ал эми тун катып кылгандары бул.
-Жаштардын лидерлери ушинтип атса жыргаган экенбиз!.. .
Айя карангы жерде отуруп машина келип токтогондон кийин,кишилердин кобурашкан ундорунун арасынан которунку чыккан Аркыттын конур унун даана тааныды. Жолдо ката бул жигитке жолугуп,ал тургай уйуно туноп,баш кошуу туралуу олуттуу сунушун дагы угуп,мындай тагдырына ишенсе да,тушуно да бербей тан калып келаткан ал Артыктын уну дарылдап чыккан машинасы артты карай алыстаганда кандайдыр ичи конултактай тушту. Эмнегедир Аркыт бир журокко жакын ,жанга жагым нерсесин алып кеткендей кокурогу ачышты. Ал бул торт жагы топ келишкен жигит жашоо -турмушу,курчаган чойросу,байлыгы, бийлиги,билими боюнча,дегеле баардык тарабынан озунон тоочолук ойдо турарын,анын тени сулуу десе сулуу,теги дагы ак соок,жашоо деншели дагы жогору Акак экенин моюнуна алып,ал курбусунун башынан аттабаган эрдигине ыраазы болуп келатты эле эми ал артынан ушунча аралыкка чейин кубалап келгенинен улам кайрадан ыргылжын ойлорго алдырып бир туруп Аркыттай жигиттин шагын сындырганына окуно баштады..
Акак менен Айянын агасы Бекболотун ортолорунан аруу таза,арамсыздык балалык суйуу откон эле....
Айяга атасынын серт кебетеси ыроолонсо,тескерисинче Бекболотко энесинин ондуу тустуу,жарнамага тартылчуудай келбети,сымбаттуу тулку бою берилип,,ага жараша балалыктагы мунозу боевик кинодогу баш каармандыкына окшоп келип,тайманбас, чечкиндуу,ошонусунан улам интернаттын атамандарынан болгондуктан Акактай сулуу кыздын журогун оной эле багындырып, озу дагы ага тун суйуусун арнаган эле..
31-болум
Экоонун ынак мамилеси мугалимдерге чейин жетип,чонойгондо булардын уйлонушоруно баары эле ишенишчу. Жатаканаларынан качып чыгып,интернаттын багында далай тундорду сырдашуу менен откоруп,кечелерде бой балкыткан музыканын жай ыргагында бойлорун бойо кадап,татуу эриндер бири бирине желимсиз чапталышып, кыз алгач ирет эркектин кучагында магдыраса,бала эн биринчи Акактан аялдын бал даамын татыган. Келечекти бирге болжошуп,бири биисиз жашай албачуудай сезилчу эле ал учурда. Айтор балалыктын бал ширин кездерин алгачкы суйуунун ажайып учурлары менен кооздошкон эле анда... Бирок жигит мектепти аяктаган сон окуудан жолу болбой аскерге алынса,кыздын Орусиялап акчанын артынан кубалап кетишкен ата-энеси келишип,Бишкек шаарын байырлашкан сон ал бейкут балалыгын откоргон элет жыттуу шаардан кетип,чон турмуштун чор кайнаган чордонуна айланган борбор калаада жашоого мажбур болгон. Буга жараша экоонун жашоо денгели менен коомдогу ордулары кескин айрымаланып, жигит кой турмуштун койгойундо баш которгонго даарманы келбей журсо,кыз жаны чойросунун баш айланткан бийиктиги менен жашоолорунун кок тиреген денгелинен томон коз жибергенге чолоосу тие бербеди. Чынында балалык суйуунун жарыгы бастаган билигин которуп,чан баскан бнтин сурууго батынышы милдет болон жигит оз турмушунан басынып демилгени колго ала албады. Анын устуно карындашы Айя менен Акак жан бирге курбулардан кыздын азыркы абалы жигитке маалым эле.Эгер балалык менен тун суйуусун жандандырышса Бекболот озуно кыйын болуп каларын сезди. Акактай чон ичип чон жеп калган кыздын калоосун кандырыш озунун колунан келбесин билгенинен да жигит ага умтулбады. Бекболоттон башка намыр ар менен анча эсептешпеген бироо болсо али толугу менен очуп буто элек кыздын суйуусун пайдаланып анын бийик бийликтуу,байлыгы бапыраган атасынын суйуктуу куйоо баласы болууга умтулмак. Отуну менен кирип кулу менен чыкса дагы кайнатасына жагып,кызына жагалданып, тымызын турдо оз максаттарын ишке ашыра бермек. Жаратылышынан намыской жана кок Бекболот баардыгын оз кучу менен жеткиси келчу. Коз каранды болууну жек корчуу.....(у. б)
32-болум
Анын устуно Акак менен жарым саатап телефондо суйлошкон карындашынан анын жаны суйуулору,жыргал жашоосу туралуу кабардар болгон сайын ага ого бетер батына албай,Айя аркылуу салам дубай айтканга аран даап журду. Ошентип журуп Акактын айтылуу Аркыт Ашыров менен жаны жактыруулары башталгандан тартып кийинки мамилелерине чейин билгени менен анын кезектеги конул ачуу оюну сыяктуу маани бербеген Бекболот экоонун уйлонорун укканда чочуп кетти. Али да Акакка болон суйуусу бастай элек,андыктан анын озунуку болушунан журок тупкурундо умуту катылып калган,кай бирде эркинен тыш муну энсеп дагы алган Бекболоттун ичи ачыша тушту. Андан оз эрки менен баш тартып жургонуно,озун оолак кармаганына окуно тушту. Уйлонбосо дагы кыз жигит катары журбосо дагы Бишкекке барган сайын жон деле болсо жолукпаганына бармагын тиштеди. Жок дегенде куйоого тийе элегинде бир жолугуп,балалык кундордогу аруу суйулорду эскерип,кучагына кысып чон турмушка ак жол каалап,кокуроктогу кокшунун кандыргысы келди.
Бекболот дагы элчилеп Орусияга барып иштеп анча мынча пул тапр,Ош шаарынан уйлуу болуп андан калган акчасына жапан улгусундогу жети жургунчу салса болгудай машина алып Ош-Бишкек жолунда эл ташып иштеп жургон. Ошондой кундордун биринде Оштон келген эл эптеп чыгынып,аран батынып жатып озу Айянын телеыонуна акырын уурдап алган Акактын номурун терди:
-Алоо,-деген кыздын жумшак уну угулганда Бекболот эмне деерин билбей калды,-Суйлобойсунорбу? -деп ал окумуно тарта озгоруло тушкондо гана:
-Акак бул менмин,Бекбоотмун. ..
-Бекболот?-деп эми кыз бушуркогон же тангалганы билинбей телефондон уну жоголо тушту,-Кайсы Бекболот?
-Айянын агасыы...
-Оо кудай,сен дагы чалат экенсин ээ мага?-эми тангалганы же суйунгону айрымаланбады кыздын.
-Эптеп чыгынып чалдым....
-Эмнеге?
-Сен суйлошпой койосун го деп корктум. Кандайсын анан озун?
-Кудайга шугур жакшы. Эмнеге суйлошпой коймок элем?
-Билбейм. Сен азыр башкасын да.
-Кандайча башкамын? Ошол эле Акакмын
33-болум
-Башында апакай бантиги бар,татынакай мектеп формасын кийген секелек кыз эмессинда,-жигиттин унун кусалуудай чыккандыктан кыз эмне дерин билбей калдф дагы тына тушуп:
-Сен деле озгордун да Беке. Биз эми чонойбодукпу!
-Ошо чонойбой эле койсок болмок...Менин сыртым озгоргону менен жан дуйном ошол эле бойдон. Кечирип кой жон эле сенин унунду угайын деп эле чалгам....
-Мени озгорду дейсинби? Мен деле ошол эле бойдомун.
-Жо-ок сен аябай озордун болушун керек. Сырттан укканым эле ушунча... Башка адам болуп калдынго...
-Мени не операция жасатып журогун алмаштырды деп уктун беле? Мен деле баягы эле Акакмын.
-Анда ошол журоктун тупкурундо баягы аруу сезимдин алдыктары алган экен да...
-Беке мен эч нерсени унуткан жокмун. Бирок азыр эми анын баарын козгоп эмне кереги бар?
-Кечирип кой. Мен жон гана сенин унунду угайын деп эое чалган болчумун. Сенин азыркы жашооно кийлигишейин деген оюм жок. Алдыга жакшы максаттарды койуп жатыпсынар ошол ише ашып бактылуу болгула.
-Рахмат Беке! Сен дагы бактылуу бол.
Экоо ушинтип суйлошкон,мунун акырында жигит тынчын алганы учун дагы бир жолу кечирим сурап экинчи чалбастыгын айткан.
Бирок уч кундон кийин кайра чалган. Ошол учурда Акак Аркыт экоо машинасында суйлошуп отурушту эле конгуроо кагылганда ал телефонду бейкапар котороону менен андагы чалып жаткан ктшинин ысымын окуганда кандайдыр кайсалай тушуп,Аркытты жалт карап алып:
-Ало Беке байке мен сага анан чалайынчы ээ,-деп очургон.
Бул Аркытка шектуу туюлуп,"Беке байкеси менен анан эмнени суйлошот болду экен? Ага байке деп кайрылганы менен сага дп бутургону кандай?-деген кызганычтуу ойго алдырган ал ошондон чыгып эле детективдик фирмада иштеген таанышына телефон чалып,андан иш тураалуу жолугушууну отунгон.
34-болум
Аздан сон алардын кенсесиндеболуп, Акактын суротун,дайын дарегин берип бул сулуу кызды азыртадан баштап озу ага уйлонгончо андып беруулорун буюртма юерген. Ал тургай жана эле Акак менен озу жолугушкан анын жумушунун алдына андый турган фирма кызматкерин оз машинасы менен жеткирип дагы койгон. "Эч нерсе эмес мен уйлоно турган кишимди ушинтип текшерип койсом ашыктфк деле кылбайт"- деп ойлогон Аркыт.
Ал эми Акак болсо ошондо Бекболотко убадалагандай эле жумуш куну аяктаган сон озу чалып:
-Беке откондо эле экинчи чалбайм дедин элего эмне болду?-деп сурады ал жай сурашкан сон эле.
-Чалмак тургай коргум келип жатсачы сени...
-Беке эски ооруларыбызды козгобой эле койбойлубу? Кел андан коро айтчу созубузду телефондон эле айтышалы...
- Телефондон сенин карагат коздорун корунбой жатпайбы.
-Откондо унунду угуш учун эле чалдым дедин эле. Эми козунду коргум келет деп жатасын. Эмкиде мындан да терендейсин го. Кел Беке андан коро жолугушпай эле койолу. Менин Аркыт Ашыровго турмушка чыкканы жатканымды уктун да. Ал белгилуу киши экообуздун жолукканыбызды суук коздоркорсо ага жетип калышы мумкун.
-Мен сенин аяш байкен боломго Акак бирдеме болсо Айя мага бирдеме берип ийиптир ошону алгыча жолуктум деп айтасын. Али ага турмушка чыга элексин го... Кийин уйлонгондорундон кийин мындай мумкунчулук блбойт, Акак.
-Болуптур. Кайсы жерден жолугалы?
-Сен азыр каяктасын?
-Жумуштан жаны эле чыктым. Менин жумушум Чыгыш-5те.
-Анда ошод арадагы кафелердин биринин аьдында жолугалы.
-Жолдун боюнда "Дасторкон" деген чакан кафе бар мен ошонун алдында болом.
-Макул табам. Рахмат сага Акак...
Тун суйуулорун бири бирине арнаган экоо жолугушкандарында унчукпай тиктешип туруп калышып,анан жигит кучак жайчудай болуп умтулганда кыз озун кармап,кеткенчиктей берип колун сунду. Акактын апакай колун кыса армаган Бекболот ага обдулуп барып бетинен суйду.
Уландысы бар..