«Баккан бала өз балаңдан да башкача, ысык болот деген чын экен! Баягы кызды сагынып!.. » – деп сөзүнүн аягына чыкпай апасы күн алыс бышактай бергендиктен тээ өгүнү Ынак Акшоолага телефон чалган: – Алло? – Да? – Ии, кандай?! – тоңдоосун сурады Ынак. – Жакшы?! – Акшоола адегенде жүрөгүнүн «болк» этип бир катуу туйлап алганына карабай токтоо, суроолуу унчукту. – Алло, Сезимди эмне кыласың, айылга жибербейсиңби? – Эмне болду?! – канчалык кайдыгер окшоп, калп эле «кекирейгени» менен Акшоола андан: «Бала кандай?» – деген эле бир сөз күтүп, ошону уккусу келип, ичинен уйгу-туйгу түшүп жүрөгү тыбырчылап атты. А бирок Ынак өчөш¬көнсүп, тек гана:– Эмне болсун, абышка-кемпир кайра-кайра чалып атат! – деди. – Мм... – шаабайы сууй түшкөн менен келин саамга буйдала калып анан: «Атам менен апамда эмне жазык? Анын үстүнө, таптакыр ажырашып кетпеген соң... Анан да бала ортодо данакер эмеспи», – деп ойлоп:– Болуптур, Сезим өзү деле сагынып атат... – деди кептин чындыгын айтып. Ошонун эртеси эле Ынак Сезимди айылга жеткизип кеткен. Канткен менен кыз эмеспи, Сезим кетип атып да: «Апуля, коркпойсуңбу? ! Сиз иштесеңиз Бакытты ким карайт?!» – деп кайра-кайра кылчактап, кабатырланып атып араң кетти. Ал антип апасы менен кош-беш айтышып, кийинип, даяр болгуча Ынак сыртта машинесинде күтүп отуруп, качан гана кызы көтөрүнүп чыкканда жерден так көтөрүп ала коюп өөп эркелетти да, машинасына отургузуп, жөнөп кетти. Ошондон кийин кыз ат тезегин кургатпай, апта алмашпай телефон чалат: – Мен иштедим, кызым! – деди Акшоола бүгүн Сезимди кубанткысы келип. – Иштедиңизби? ! А Бакытты ким карап атат?! – Нянка. – Мм... Ал кандай, жашпы же карыбы? – Жаш. Абдан жакшы кыз. Келгенде көрөсүң го. Сезим бөбөгүнөн санаасы тынчыгандай эми: – Атам телефон чалып атабы? – деди. – Мм.. Ооба, – калп айтты Акшоола, – Чалып атат. А өзүңдүн окууң кандай? Апаң, атаң жакшыбы? – Жакшы. Баары жакшы. Таятамдар келиштиби? – Келе элек. * * * Айткандай эле Акшооланын ата-энеси келе элек. Биринчи жолкусунда аларды: «Ынак келгенде келгиле, антпесеңер ал таарынат... Күйөө балаңар Америкада», – деп токтоткон, экинчи жолу да даярданып алышкан Ашыракман аксакал менен байбичеси: «Күйөө балабыз Кытайда экен», – деп супсундары сууп отуруп калган. Үчүнчү сапар: «Кечээ эле Пакистанга кетти», – деди Акшоола. – Апей, алат күн, Америка менен Кытайды карап аңырайтып отура берип, андан бери эле канча өттү. Эми баланын тушоосун кескенде барабызбы?! Ботом, куда менен кудагый деле унчукпайт. Деги, баралычы! Түшүм да жакшы эмес... Соо эмес булар! – деди бир күнү эне. Алар ушул жолкуда кыз-күйөөсүнө барар-коёрун айтпай-дебей туруп, ошол Сезим сураган күндүн эртеси эле бапырап кирип келишти. Ата менен эненин жыты, мээримине кудум секелек кыздай эреркеп, эркелеген кызына: – Эмне мынча өңүңдөн аздың берекем? Деги ден-соолугуң жакшыбы? – деди эне. – Жакшы апа... – Ынак келди беле, ботом? – күн улам кечтеп бараткандан уламбы, шек алгандай сурады эне. Атасынан тартынып, алда нени айта албай аткандай акырын башын чайкады кыз. Кызынын карегинде каканактай түшкөн жашты байкап, ашканага кошо чыккан эне: – Мындайыңар жок эле, эмне болдуңар? – деди. Ак¬шоола андан ары жашыра албай калды. Апасынын мойнуна колун ороп ыйлап ийди: – Ынак бизден кетип калган, апа! – Ок! – деп чочуп кетти эне, – Ал эмнеси экен?! Качан? – Көп болду. Баягы силер кеткенден кийин, Америкадан келип эле... Эне тунжурай түштү: – Куда-кудагыйлар эмне дейт? Каттап атышабы? – Ики! – башын чайкады Акшоола. – Баягы мен төрөрдө апам келип, ал да мага таарынып кетип калган. Ошол боюн¬ча алар да жок. Бакыт төрөлгөндө келишет го десем, анда да келбей коюшту. – Капырай, ал эмнеси?! Анан ошондон бери эле жалгызсыңбы? ! Башын ийкеди Акшоола. – Э, кокуй, эмнеге антип шордодуң, балам? Чет-чеберин эле билгизсең, эмгектесем да жетип келбейт белем! Жүрөгүм мыкчылып эле, эки эмчегим зыркырап, түшүм бузулуп жүргөн? Көрсө!.. – деген эненин жаны түтөп-түтөп кетти, – Э, Кокуй! Өзү кош бойлуу болсо!.. Жок дегенде төрө¬гөндө жаныңда болгон жокпу, күйөөң?! Башын чайкап, көзүнүн жашын мөлтүлдөтүп жер тиктеди кыз. – Болоору болуптур, эми! – деди бир убакта эне. – Аман-эсен эки колуңду бооруңа алып алганың олжо! Эркек деген ошол, жаш кезде ошентип ары кетет, бери кетет. Эстүү аял күтөт, түтөт! Сенин эле эриң дейсиңби?! . Ыйлаба, антип! Андан көрө кирген сайын жакасын агартып жууп, тамак– ашын алдына коюп, жылуу сөзүңдү айтып тур. Бармактайдан кошулган жарына ким болбосун эле акыры айланып келет. Ии! Уулун жыттасын, жайына кой?!. – Жок, апа!. Ал деген ... – деп Акшоола: «Баласын балам бар экен деп ойлоп да койбойт!» – дегиси келди эле, эне аны башкача түшүнүп алды: – Токтот, «жогуңду! » Аял дегенди билесиңби, эмне үчүн жерге теңейт?! Анткени аялдын мыктысы ошончолук көтө¬рүмдүү, кечиримдүү болот! – деп анан кызына сабак болсун дегендей акырын шыбырады, – Сенин атаң деле илгери ыраматылык Алмаш менен ымалаша коюп, аз жерден кызматтан куулуп, партиядан чыгып кала жаздаган... Акшоола апасына «жалт» карады: «Алмаш деген Алиянын апасы да?! – оюна дароо өзүнүн өгүнкү божомолу «шак!» эте түштү, – Анда Алиянын атасы... менин атамбы?!» – Анан, апа?! – жасап аткан ишин токтото коюп, апасын андан ары ыкылдатты/ – Анан эмне болду эле? Оюнун баары кызынын көңүлүн жубатуу, аны кызганыч менен жек көрүү деген азаптан арачалоо, сабырдуулук менен кечиримдүүлүккө үгүттөп, түтө да, күтө билүүгө ынандыруу болуп, «жаңылып-жазган сенин эле эриң дейсиңби?! » – дегиси келип аткан эне Акшооланын эмнеге антип кызыкканын аңдабай калды. – Адегенде мен да сенчилеп куру намыстанып, ызаланып, ыйлап жүрбөймүнбү. Бир күнү анан атаңдын «жаңылдым, жаздымына» карабай, үч баламды ээрчитип алып төркүнүмө кетип калдым. Келген жөнүмдү угуп эле таятаң: «Ок, кокуй!» – деп санын бир «тарс!» чаап, байбичесин акшыя карап алып эле эшикке чыгып кетти. – Атаңа бу келишиң жакпай калды, кызым! Күйөөң артыңдан келсе эми унчукпай кете бер! – деди таянең, – «Кызыңа берген тарбияң ушулбу?!» – деп эми мени да кууратат! «Отурган кыз орун табат» дейт, ботом! Эриңдин анча-мынча шоктугун байкамаксан деле болуп койбойсуңбу? ! Төркүнүңө чейин жарыя салбай! Уялгандан өлүп эле калайын дедим! Кудай жалгап атаң бат эле артымдан жетип келди. Кетерин кетип алып, эми келбей коёбу деп жаным чыгып аткан жаным, сүйүнгөнүмдү сураба! Ошондон көп өтпөй эле, анда заман ошондой катаал эле да: «Аялы туруп бирөөнү боозутуп койгон, моралдык жактан туруксуз! » – деп үстүнөн арыз жазышып, пар¬тиядан түгүл кызматтан бошотуп салышаарда бечара Алмаш партиялык чогулушта: «Жок, менин ага эч кандай доом жок! Аны тааныбайм дагы!» – деп караманча танып кетип куткарган. Сен да ошондо курсагымда болчусуң. Мына, эми... – Апа?! – качантан берки издеген бир чындыкты тапкандай, сыңар тизелей отуруп, апасынын көздөрүнө тигилди кызы, – Апа, ачык айтыңызчы, Алиянын атасы ким?! Апасы уурусу кармалып каалгандай кайпактай түштү. – Апа?! Акшооланын эмне ойлоп атканын билгендей, акырын башын ийкеди эне. Кубангандан кызынын эриндери диртилдеп, көзүнөн ып-ысык жаштар томолонуп кетти: – Башта эмнеге айткан жок элеңер?! – А кезде андай нерсе өөн эле да, балам... Анын үстүнө Алмаш да «айтпагыла! » деп көгөрүп туруп албадыбы... – А кийинчи?! Алмаш апа өлүп, Алия томолой жетим калганда, жанакы канкорго кор болуп, сурап алар кишиси жок кайыр сурап калгандачы? ! – Оюбузда эле болуп атты, балам! Бирок... – Эмне бирок?! – Күйөө бала, келиндин бетин кантип карайбыз деп, силерди кепке кемтик, сөзгө сөлтүк болбосун деп!.. – Коюңузчу, апа! Мен силерди эстүү-баштуу адамдар деп жүрсөм!.. – Атаң деле улам жашы өйдөлөгөн сайын тунжурап эле, көп ойлончу болуп алды. Айтпаганы менен ошол кызды ойлойт окшойт. Мени деле жөн жүрөт дейсиңби, кокуй! Кудай, арбак алдында карыздар окшоп!.. Көзүбүз тирүүсүндө ошол кыздын бетин ачып алсак деп... Биякка келатып да ошону ойлоп келдик. – Туура кыласыз, апа! – Акшоола апасын мойнунан кучактап, бетинен сүйдү. – Апакем, менин!.. – Атаңды ал үйдө жалгыз соксойтпой барайын, ботом! – деп төркү үйгө беттеген апасы кайра кайрылды, – А сен а кыздын дайын-дарегин билесиңби? – Билем, апа! Ал азыр кыздары менен көлдө. Өгүнү кайненеси келип кеткен... – Ии, бечара, – ыраазы боло ушинтти апасы, – Баягы жылы Алмаш өлгөндө да уул-келини жок, өзү келиптир болчу. – Анда Алия апасынын өлгөнүн уккан эмес турбайбы. Күйөөсү билип туруп эле айтпай койгон имиш. – Акмак неме го, ботом! – Акмак болгондо да кандай! Ал азыр киши өлтүрүп, түрмөгө түшкөн. – Ок! Эмне дейт, бу чунак кыз?! – Эч нерсе! Ал жөнүндө кеп кылбай эле коёлучу! Андан көрө көлгө качан жөнөйлү, абышкаңыз менен акылдашыңыз. Эртеси Ашыракман карыя демейдегиден да эрте турду. Кечээ кемпири менен акылдашкандан кийин, эмнегедир калдалаңдап эле, башкача болуп алыптыр. Ошондон көп өтпөй эле анан байбичеси, кызы менен небереси болуп көлгө жөнөп кетишти... * * * Эки колун шымынын чөнтөгүнө салып, терезеден алыс-алыска тунжурай тиктеген Ынак Кабылович башын саал чалкалата, карегине кылгыра түшкөн жашты агызбай, тамагына кептеле түшкөн ыза менен кошо ары кык эттирип жутуп алдыгенде үй-бүлөлүк турмушу да, иши да ойдогудай болуп, жоро-жолдош, дос-туугандар бапырап башпаанектеп, «ити чөп жеп» атып эле, эмнегедир акырындап баары жыласталып, бакыт кушу кимгедир, каяккадыр кайып болуп, карматпай учуп кетти. «Эмнеге?! Эмнеден жаздым?! – дейт оюнда, – Кай жазыгым үчүн Теңирим мени мынча жазалады?! .» Өзөгүн өрттөгөн өкүнүч менен ачуу арманды ачуу менен баскысы келди! Жаак эттери түйүлө, сол алаканын оң муштуму менен ныгырып-ныгырып алды. – Ынак Кабылович?.. – деди аңгыча маркетинг жигит баш багып, – Уруксатпы? «Кир!» – дегендей башын ийкеп, ордуна барып отурган Ынак Кабылович: – Иштер кандай?! – деди. – Мм... – жигит көздөрүн ала качып, кайпактап кетти, – Баягыдай эле... Жакшы эмес, Ынак Кабылович! – Шайтан алгыр!!! – акыркы үмүтү «жалп!» эткендей Кабыловичтин заманасы тарый түштү, – А Нурболот Жакыпович эмне дейт?! – «Колумдан келбей калды, жардам бере албайм. Иш сотко өтүп кетиптир...» деди. – Сотко дейсиңби?! – Тигилер өткөн жумада эле ишти сотко өткөрүп ийишиптир, мынакей... – Жигит шефинин алдына бир тутам кагаз таштады. – Эмне үчүн буларды мен билген эмесмин?! Кызматкери эми ага бир чети таң калгандай, бир чети табалагандай ормоё тиктеди: – Сизди такыр эле кармай албай койбодумбу, Ынак Кабылович! Соткаңыз өчүрүлгөн! .. Бая күнү барсам, сиз... – Болуптур! – Алда нени элес-булас эстегендей саал жумшара, бирок болбой эле кайра сурдана карады шеф. – Андан кийинчи?! – Андан кийин деле Лилия эже: «Керек болгондо ишке өзү барат! Мындан ары тынчын алып келбегиле да, чалбагыла! » деген. Анан... – жигит андан ары да бир нерсени айта албай аткандай оозун таптап барып унчукпай калды эле: – Айта бер! – деди шефи. – Кечээ күнү Лилия эже келип кассадан акча алып кетти. – Акча?! Канча?! – Беш жүз миң! Өзүңүз кол коюп берген турбайсызбы? ! – Акмак!!! – сызга отурганын билген Ынак ордунда тегеренип-тегеренип кетти. Маркетинг чыгып кеткенден кийин Ынак качан, кайсы убакта эмнеге кол койгонун такыр эстей албай, башын мыкчыды. «Токточу?! Ооба!..» – бир нерселерди элдир-селдир элестетти... * * * Ооба, ал көзүн ачканда терезенин ачык форточкасына аппак ай конуп алыптыр болчу. Толукшуп, толгон айдын ак жарыгынан көзү уялып, билеги менен жүзүн калкалаган. .. А бирок, айдан түшкөн алтын нур, ак шоола анын жарым жартылай ачык жаткан денесине мээримин төгүп, жүзүнөн, көзүнөн сүйүп, көкүрөгүн аруулап аткандай, магдырай түшкөн. Бул мамиле, бул сезим ага эмнегедир тааныш сыяк¬танган. .. «Акшоола?! .» – көздөрү умачтай ачыла түшкөнү эсинде. А бирок, ай жанагы ордунан жылып, акырын-акырын арылап баратыптыр. .. – Акшоола... – анын кетишин каалабагандай, ээрчий карап эриндерин кыбыратты. Ошо маалда аны айданбы, Акшооладанбы, кызгангандай жуп-жумшак колдор өзүнө имере тартып, ысык эриндер жүзүнөн, көкүрөгүнөн, көздөрү¬нөн. .. туш келди аймалады. – Акшоола?.. – анын Акшоола эмес экенин билсе да, билгиси келбей, эми элеки керемет сезимди жоготуудан корккондой өзүн-өзү алдап магдырады Ынак. Канча күндөн берки шараптын күчүнө кошул-ташыл, акыл-сезимин мас кылып, баары жокко кайыл кылган аялзатынын назы, кылыгы аны өзүнө чөгөрүп баратты. – Жаным, мени сүйөм дечи? – деп атты ыпысык эриндер жалбара өпкүлөп. – Сүйөм... «Ики! – деди ичинен Лилия, – Сүйөт имиш! Эси-дартыңдын баары азыр Акшоола болуп атканын, мени эмне билбейт дейсиң го?! Эч нерсе эмес, бүгүн бир колума түшсөң, андан кийин сенин сүйүү-мүйүүңдүн мага бир тыйындай да кереги жок!..» – Бир нерсе сурайын жаным, макул болосуңбу? – деди анан. – Сура... – анын эмне сураарын түшүнгөндөй көңүлсүз унчукту Ынак. – А сен буркуйбай, чын дилиң менен айт да? – ?.. – Мага бир аз акча керек болуп атат?.. – Канча? Лилия сөөмөйү менен жигиттин эриндерин басып койду: – Чш-ш, жаны... Сендей жигитке «канча?» деген жарашпайт! – Болуптур, сураганыңча. .. – Анда... эртең унутуп калбаш үчүн мына буга кол коюп койсоң? – күн мурун даярданып алгандай жаздыгынын алдынан кагаз, калемсап алып чыга койгон... – Акмак!!! – трубканы көтөрдү Ынак. Ачуусу келгенгеби, же канча күндөн бери баш көтөрбөй ичкенгеби, колдору калчылдап атып Лилиянын номерин терди. – Алло, Лилия?! – Эмне?! – анын эмнеге чалганын билгендей, бирок Ынак эч күтпөгөндөй орой жооп берди аял. Башка жеген эмедей «селт» этти да: – Лилия?! Сен түшүнүп атасыңбы, карыз деген чачтан көп, фирма кыйын абалда турат?! – деди Ынак. – Билем! – Лилия?.. – эми айласы түгөнгөндөй сүйлөдү Ынак, – Лилия?! – Эмне?! – Карызыбызды жаап, фирманы кайра бутуна тургузушубуз керек. Андан кийин баары сеники! – А сен эмне, фирмаңдын тагдыры эчак эле чечилип калганын билбейсиңби? ! Айтмакчы, биздики да бүттү!.. Билесиңби, чарчадым сенден! – Суранам, Лил?! Алган акчаңды кайра бере тур? – Сен мени эмне, келесоо деп атасыңбы?! – жанагыдан да күчөп, «тарс!» жарылды аял, – Же эмне, эки күн мурун эле өзүңдүн: «Карызымды кайрып берип атам!» – деп кол коюп бергениңди унутуп салдыңбы?! Анда кайра эсиңе тутуп ал, ал акчаны мен жөн алган жокмун! Мында сенин, анан да мамлекеттик нотариустун колу менен мөөрү турат! – ?!! – Ынак уккан кулагына ишенип-ишенбей, дендароо боло түштү, – Лилия?! Сен эмне деп атасың, Лилия?! – Эмне уксаң ошо деп атам!!! Же карыз экениң жалган беле?! Катындарыңа батпай көчөдө калганда, көйнөгүңдүн жакасын эле эмес, көңүлүңдү агартып, оюң менен ой, боюң менен бой болуп, болгон ишимдин баарын таштап, салпылдап сени ээрчип көчөдө жүргөнүм эмне, ит бекер бекен, ыя?!! – Сен... Ушундай катын белең, Лилия?!. – чындап эле түтөп кетти Ынак. Анан калса ушул жагымсыз үндү качандыр, каяктандыр уккандай, бирок такыр эстей албай атты. – Так, что билип кой, Ынак Кабылович! Эми экөөбүздүн аласабыз да, бересебиз да жок! Эгерде эле кайра да бир тынчымды алып чала турган болсоң, анда мага таарынба! Милицияга, теле-радиого, гезитке чалып, абийириңди айрандай гана төгөмүн!! ! Ту-ут! Ту-ут!.. «Кызык! Бул эмнеси?! Мен деги эмне болуп атам?! Бул өңүмбү же түшүмбү?! – анын мындай мүнөзүн башта көр¬бөгөн жигит чындап эле таң калды, – Баса, бул үндү мен каяктан уктум эле?.. Чын эле бир жактан уккам!..» – Аа-аа-аа!! ! – деп анан ызадан өзүнө-өзү батпай, өзөгү өрттөнүп, столду бир катуу муштады эле, сырттан катчы кыз чуркап кирип келди: – Сизге эмне болду, Ынак Кабылович? Аны укпай, көрбөгөндөй шефи башын кош колдоп мыкчып, өксүп-өксүп ыйлады. Унчукпай чыгып кеткен кыз анан: – Ынак Кабылович бүгүн эч кимди кабыл албайт. Эртең келиңиздерчи? – деп кезекте тургандарды кетирип атты. – Бир ооз эле сөзүм бар эле, чоң кыз. Бул өтө маанилүү! – элдин соңунда калган жигит өтүндү, – Арнас деген жигит келиптир десеңиз, өзү деле билет болуш керек? – Болбойт! – деген кыз анан акырын айтты, – Туура түшүнүңүз, шефтин табы жок болуп турат. Ал баары бир кабыл албайт. Сыртка чыгаарын чыгып алып, Арнас андан ары узап кете албай, короонун ичиндеги отургучка келип отурду. «Ынак Кабыловичтин табы жок экен, кабыл албай койду» десем Акшоола ишенеби?» – деди оюнда. Акыркы күндөрү Акшоола андан жаа бою качып, атүгүл телефон менен да сүйлөшпөгөнгө аракетенчү болгон. Эмне үчүн экенин Арнас деле сопсонун түшүнөт. Экөөнүн ортосунда тек гана урмат-сыйдан башка эч нерсе болбогону менен, эмнегедир Ынак алардан арамданат имиш! Арнас Акшооланы телефон чалат деп такыр ойлогон эмес. Кечээ эртең менен трубканы ала коюп, кубангандан чекесинен тер чыпылдап кеткен! Ошондон көп өтпөй эле экөө ресторандан кезигишти. Саал эртерээк келген Арнас Акшооланы гүл менен тосуп алды. – Саламатсызбы, Акшоола? – Саламатсызбы? – бажырая гүлдү алды Акшоола, – Рахмат... – Менин уулум кандай? – Арнастын андан кийинки эле суроосу ушул болду. – Рахмат, жакшы! Бирок... – Акшооланын жүзүндөгү эми элеки жылмаюу акырындап азайып, саал мостоюңку унчукту, – Бирок, сизден суранам Арнас, Мындан кийин Бакытты... «уулум» деп айтпаңызчы? ! Ансыз да... – Билем... Түшүнөм, Акшоола. Кечириңиз? «Кечирдим» дегендей күлүмсүрөп, башын ийкеген Акшоола: – Арнас, менин сизди чакырган себебим... бизге сиздин жардамыңыз керек? – деди. – Кандай жардам? – «жандилим менен!» дегендей карады жигит. – Билесизби, – Акшоола кепти кандай баштасам дегендей адегенде саал оңтойсуздана, оор улутунуп алып, Ар¬насты карабай тунжурап отуруп, анан сөздүн ток этээр жерин айты: – Ынак Бакытты сиздин балаңыз деп ойлоп жүрөт! – Коюңузчу?! – же сүйүнөөрүн, же күйүнөрүн билбей, чындап эле Арнас ыңгайсызданып кетти, – Мен... – Көңүлүңүзгө албай эле коюңуз, бул эми билбестик, түшүн¬бөстүктөн. .. Сиздин уулум экөөбүзгө жасаган жакшылыгыңызга кийинки кездерде тоңдоосун мамиле жасаганым да ошондон. Кечириңиз? – Жок, жок, эмнеге кечирим сурайсыз, Акшоола. Тескерисинче мен... – Менимче сиздин доктор катары, жолдош катары жасаган жакшылыгыңызды, биздикине келип-кеткениңизди бирөөлөр туура эмес түшүнүп, Ынакка айтышат көрүнөт. Анын үстүнө, эсиңиздеби, баягы Бакыт али төрөлө электе биздин үйдүн алдынан апама кезикпедик беле? – Кайненеңизгеби? Эсимде. – А киши да тескери ойлоп калыптыр. Бирок, мени түйшөлткөн ал эмес! – ?.. – Угушума караганда Ынак ичкиликке берилип бараткандай. Фирмасы да банкрот болуптур деп атышат. Бирок!.. – алда неге ызаланып, кыжалаттана, туталанып айтты келин, – Эмнеге ушундай болуп кеткенине такыр түшүнбөйм! Ынак мынчалык кордук көрө турган адам эмес эле! Ал деген... билесизби, бирден-бир билимдүү, иш билги адис, мыкты жетекчи болчу! Ал... Ал адамдан башкача асыл адам эле! Ал абдан боорукер, ак көңүл, анан да чектен ашкан берешен, кишинин көңүлүн оорутпаган айкөл эле! Эмне болуп кеткенине такыр акылым жетпейт! Билесизби, өгүнү бала бакчадан келатсак уулум: «Апа, бүт балдардын атасы бар. Эмне үчүн менин атам жок?» – дейт да кадыресе адамдай муңканып, улутунат. «Атаң бар! Ал абдан жакшы адам! Көрөсүң го, иштен бошогондо бир күнү келет!» – десем: «Анын колу бошобосо, өзүбүз деле барбайлыбы! Мен атамды көргүм келет!» – дейт. Акыры, уулумду ээрчитип алып бардым. Бирок!.. Бирок мен уулума: «Атаң ушул!» – деп такыр айта албай койдум!.. Акшооланын көздөрүнөн жаш тыпылдап таамп кетти: – Билесизби, эмнеге?! Биздин бет маңдайыбызда анткени, уулума мен жомок кылып айтчу абалкы Ынак эмес, таптакыр башка адам келаткан! Арыктап, аябай жүдөп кетиптир! ... Анан да бутуна тура албай мас! Эки жагынан эки кызматкери, кароолчу, айдоочу болуп, баарылап атып машинеге салышты... Анда уулум: «Апа, атамдын жумушунда ушундай аракечтер иштейби?!» – дейт! «Демек, атаң иште жок турбайбы, балам! Жүрү, кетели!» – деп ээрчитип кеткиче шаштым. Уулум жанымды койбой койгонунан, ки¬йинки жумада телефон чалып: «Уулуң сурап атат, Ынак! Сенин мүмкүнчүлүгүң болбосо, биз баралы?» – десем... Билесизби, эмне дейт?! – ?.. – Кечириңиз? Анда ал: «Арнасыңдан тууп алган арам сийдигиңди мага угузба! Эгерде эле көзүмө көрсөтсөң, кардын жарып таштайм!» дейт! – Ыйлабаңызчы, Акшоола?.. – Акшооланын алдында өзүн бузуку, жексур сезип, эмне кылаар айласын таппай, оңтойсуз абалда калды жигит, – Мен... сизге жамандык кылайын деп такыр ойлогон эмесмин. Тескерисинче. .. – Билем, Арнас. Мен сиздин адамкерчилигиңизди, асыл оюңузду сопсонун түшүнөм. «Билбейсиз» – дегендей Акшооланын колун аяр кармап, эмнегедир башын чайкады жигит. – Бирок, мынча болду мен сизге бир чындыкты айтышым керек... Мен сизди... – эки бети албырып, кыпкызыл болуп кеткен жигитти таң кала карады Акшоола. – Мен сизди... сүйгөнүм чын, Акшоола!! ! – ?!. – эми эле ыйлап басылган, жууган карагатай капкара каректерин бадырайтып, ага чындап бүшүркөй карады келин: «Сүйөм дейби?..» Бирок, бат эле жандилинде бир силкинип алып: – Арнас, мага сиздин жардамыңыз керек? – деп эч нерсе укпагандай, түшүнбөгөндөй, же бул темада мындан ары сүйлөшүүнү каалабагандай Акшоола жигиттин колдорунан колун тартып алып, кептин удулун чукул буруп кетти: – Ынакка жардам беришибиз керек. Балким, ага сиз жолугуп, сүйлөшүп көрөрсүз? Балким, бардыгы ал ойлогондой эмес экенин, Бакыт өзүнүн уулу экенин билсе... – Жарайт! – деди Арнас анын эмне ойлогонун түшүн¬гөндөй. – Өгүнү Сезим келип кетти, – деди Акшоола ууртунан жылмайыңкы, – Бою өсүп, акыл токтотуп, эс кирип калыптыр. Бөбөгүн кайра-кайра өпкүлөп: «Апаке, бул атамдын эле уулу турбайбы! Караңызчы, кандай окшош!» – деп тим эле так секирип кубанат десең, садага болоюнум! Ансайын зээ¬ним кейип, заманам тарыды. Тээ төрөй элегимде бир жолу: «Апа, мунун атасы чын эле Арнас байкеби?» – дегенинен: «Атаң ачуусу менен эле ошентип атат, кызым. Андай сөз¬дөргө ишенбей жүр!» – десем ынангансып калган. Көрсө, мага айтпаганы менен ал деле ичинен сызып, ишенип-ишенбей жүрүптүр да! Кетээринде бөбөгүнүн сүрөттөрүн жыйнап алыптыр: «Чоң атам менен апам көрсүн!..» – дейт. Ушулардын баарын угуп отурган Арнас Ынакка бир чети суктанып, бир чети жек көрүп кетти. Ошондон кийин Ынак Кабыловичтин кабылдамасына эки-үч келип, бирок биринде да жолу болбой кеткен... * * * (уландысы бар)
ПОРТАЛ KG
"Адашкандар" 26-болук.
«Баккан бала өз балаңдан да башкача, ысык болот деген чын экен! Баягы кызды сагынып!.. » – деп сөзүнүн аягына чыкпай апасы күн алыс бышактай бергендиктен тээ өгүнү Ынак Акшоолага телефон чалган: – Алло? – Да? – Ии, кандай?! – тоңдоосун сурады Ынак. – Жакшы?! – Акшоола адегенде жүрөгүнүн «болк» этип бир катуу туйлап алганына карабай токтоо, суроолуу унчукту. – Алло, Сезимди эмне кыласың, айылга жибербейсиңби? – Эмне болду?! – канчалык кайдыгер окшоп, калп эле «кекирейгени» менен Акшоола андан: «Бала кандай?» – деген эле бир сөз күтүп, ошону уккусу келип, ичинен уйгу-туйгу түшүп жүрөгү тыбырчылап атты. А бирок Ынак өчөш¬көнсүп, тек гана:– Эмне болсун, абышка-кемпир кайра-кайра чалып атат! – деди. – Мм... – шаабайы сууй түшкөн менен келин саамга буйдала калып анан: «Атам менен апамда эмне жазык? Анын үстүнө, таптакыр ажырашып кетпеген соң... Анан да бала ортодо данакер эмеспи», – деп ойлоп:– Болуптур, Сезим өзү деле сагынып атат... – деди кептин чындыгын айтып. Ошонун эртеси эле Ынак Сезимди айылга жеткизип кеткен. Канткен менен кыз эмеспи, Сезим кетип атып да: «Апуля, коркпойсуңбу? ! Сиз иштесеңиз Бакытты ким карайт?!» – деп кайра-кайра кылчактап, кабатырланып атып араң кетти. Ал антип апасы менен кош-беш айтышып, кийинип, даяр болгуча Ынак сыртта машинесинде күтүп отуруп, качан гана кызы көтөрүнүп чыкканда жерден так көтөрүп ала коюп өөп эркелетти да, машинасына отургузуп, жөнөп кетти. Ошондон кийин кыз ат тезегин кургатпай, апта алмашпай телефон чалат: – Мен иштедим, кызым! – деди Акшоола бүгүн Сезимди кубанткысы келип. – Иштедиңизби? ! А Бакытты ким карап атат?! – Нянка. – Мм... Ал кандай, жашпы же карыбы? – Жаш. Абдан жакшы кыз. Келгенде көрөсүң го. Сезим бөбөгүнөн санаасы тынчыгандай эми: – Атам телефон чалып атабы? – деди. – Мм.. Ооба, – калп айтты Акшоола, – Чалып атат. А өзүңдүн окууң кандай? Апаң, атаң жакшыбы? – Жакшы. Баары жакшы. Таятамдар келиштиби? – Келе элек. * * * Айткандай эле Акшооланын ата-энеси келе элек. Биринчи жолкусунда аларды: «Ынак келгенде келгиле, антпесеңер ал таарынат... Күйөө балаңар Америкада», – деп токтоткон, экинчи жолу да даярданып алышкан Ашыракман аксакал менен байбичеси: «Күйөө балабыз Кытайда экен», – деп супсундары сууп отуруп калган. Үчүнчү сапар: «Кечээ эле Пакистанга кетти», – деди Акшоола.
– Апей, алат күн, Америка менен Кытайды карап аңырайтып отура берип, андан бери эле канча өттү. Эми баланын тушоосун кескенде барабызбы?! Ботом, куда менен кудагый деле унчукпайт. Деги, баралычы! Түшүм да жакшы эмес... Соо эмес булар! – деди бир күнү эне.
Алар ушул жолкуда кыз-күйөөсүнө барар-коёрун айтпай-дебей туруп, ошол Сезим сураган күндүн эртеси эле бапырап кирип келишти.
Ата менен эненин жыты, мээримине кудум секелек кыздай эреркеп, эркелеген кызына:
– Эмне мынча өңүңдөн аздың берекем? Деги ден-соолугуң жакшыбы? – деди эне.
– Жакшы апа...
– Ынак келди беле, ботом? – күн улам кечтеп бараткандан уламбы, шек алгандай сурады эне. Атасынан тартынып, алда нени айта албай аткандай акырын башын чайкады кыз. Кызынын карегинде каканактай түшкөн жашты байкап, ашканага кошо чыккан эне:
– Мындайыңар жок эле, эмне болдуңар? – деди. Ак¬шоола андан ары жашыра албай калды. Апасынын мойнуна колун ороп ыйлап ийди:
– Ынак бизден кетип калган, апа!
– Ок! – деп чочуп кетти эне, – Ал эмнеси экен?! Качан?
– Көп болду. Баягы силер кеткенден кийин, Америкадан келип эле...
Эне тунжурай түштү:
– Куда-кудагыйлар эмне дейт? Каттап атышабы?
– Ики! – башын чайкады Акшоола. – Баягы мен төрөрдө апам келип, ал да мага таарынып кетип калган. Ошол боюн¬ча алар да жок. Бакыт төрөлгөндө келишет го десем, анда да келбей коюшту.
– Капырай, ал эмнеси?! Анан ошондон бери эле жалгызсыңбы? !
Башын ийкеди Акшоола.
– Э, кокуй, эмнеге антип шордодуң, балам? Чет-чеберин эле билгизсең, эмгектесем да жетип келбейт белем! Жүрөгүм мыкчылып эле, эки эмчегим зыркырап, түшүм бузулуп жүргөн? Көрсө!.. – деген эненин жаны түтөп-түтөп кетти, – Э, Кокуй! Өзү кош бойлуу болсо!.. Жок дегенде төрө¬гөндө жаныңда болгон жокпу, күйөөң?!
Башын чайкап, көзүнүн жашын мөлтүлдөтүп жер тиктеди кыз.
– Болоору болуптур, эми! – деди бир убакта эне. – Аман-эсен эки колуңду бооруңа алып алганың олжо! Эркек деген ошол, жаш кезде ошентип ары кетет, бери кетет. Эстүү аял күтөт, түтөт! Сенин эле эриң дейсиңби?! . Ыйлаба, антип! Андан көрө кирген сайын жакасын агартып жууп, тамак– ашын алдына коюп, жылуу сөзүңдү айтып тур. Бармактайдан кошулган жарына ким болбосун эле акыры айланып келет. Ии! Уулун жыттасын, жайына кой?!.
– Жок, апа!. Ал деген ... – деп Акшоола: «Баласын балам бар экен деп ойлоп да койбойт!» – дегиси келди эле, эне аны башкача түшүнүп алды:
– Токтот, «жогуңду! » Аял дегенди билесиңби, эмне үчүн жерге теңейт?! Анткени аялдын мыктысы ошончолук көтө¬рүмдүү, кечиримдүү болот! – деп анан кызына сабак болсун дегендей акырын шыбырады, – Сенин атаң деле илгери ыраматылык Алмаш менен ымалаша коюп, аз жерден кызматтан куулуп, партиядан чыгып кала жаздаган...
Акшоола апасына «жалт» карады: «Алмаш деген Алиянын апасы да?! – оюна дароо өзүнүн өгүнкү божомолу «шак!» эте түштү, – Анда Алиянын атасы... менин атамбы?!»
– Анан, апа?! – жасап аткан ишин токтото коюп, апасын андан ары ыкылдатты/ – Анан эмне болду эле?
Оюнун баары кызынын көңүлүн жубатуу, аны кызганыч менен жек көрүү деген азаптан арачалоо, сабырдуулук менен кечиримдүүлүккө үгүттөп, түтө да, күтө билүүгө ынандыруу болуп, «жаңылып-жазган сенин эле эриң дейсиңби?! » – дегиси келип аткан эне Акшооланын эмнеге антип кызыкканын аңдабай калды.
– Адегенде мен да сенчилеп куру намыстанып, ызаланып, ыйлап жүрбөймүнбү. Бир күнү анан атаңдын «жаңылдым, жаздымына» карабай, үч баламды ээрчитип алып төркүнүмө кетип калдым. Келген жөнүмдү угуп эле таятаң: «Ок, кокуй!» – деп санын бир «тарс!» чаап, байбичесин акшыя карап алып эле эшикке чыгып кетти.
– Атаңа бу келишиң жакпай калды, кызым! Күйөөң артыңдан келсе эми унчукпай кете бер! – деди таянең, – «Кызыңа берген тарбияң ушулбу?!» – деп эми мени да кууратат! «Отурган кыз орун табат» дейт, ботом! Эриңдин анча-мынча шоктугун байкамаксан деле болуп койбойсуңбу? ! Төркүнүңө чейин жарыя салбай!
Уялгандан өлүп эле калайын дедим! Кудай жалгап атаң бат эле артымдан жетип келди. Кетерин кетип алып, эми келбей коёбу деп жаным чыгып аткан жаным, сүйүнгөнүмдү сураба! Ошондон көп өтпөй эле, анда заман ошондой катаал эле да: «Аялы туруп бирөөнү боозутуп койгон, моралдык жактан туруксуз! » – деп үстүнөн арыз жазышып, пар¬тиядан түгүл кызматтан бошотуп салышаарда бечара Алмаш партиялык чогулушта: «Жок, менин ага эч кандай доом жок! Аны тааныбайм дагы!» – деп караманча танып кетип куткарган. Сен да ошондо курсагымда болчусуң. Мына, эми...
– Апа?! – качантан берки издеген бир чындыкты тапкандай, сыңар тизелей отуруп, апасынын көздөрүнө тигилди кызы, – Апа, ачык айтыңызчы, Алиянын атасы ким?!
Апасы уурусу кармалып каалгандай кайпактай түштү.
– Апа?!
Акшооланын эмне ойлоп атканын билгендей, акырын башын ийкеди эне. Кубангандан кызынын эриндери диртилдеп, көзүнөн ып-ысык жаштар томолонуп кетти:
– Башта эмнеге айткан жок элеңер?!
– А кезде андай нерсе өөн эле да, балам... Анын үстүнө Алмаш да «айтпагыла! » деп көгөрүп туруп албадыбы...
– А кийинчи?! Алмаш апа өлүп, Алия томолой жетим калганда, жанакы канкорго кор болуп, сурап алар кишиси жок кайыр сурап калгандачы? !
– Оюбузда эле болуп атты, балам! Бирок...
– Эмне бирок?!
– Күйөө бала, келиндин бетин кантип карайбыз деп, силерди кепке кемтик, сөзгө сөлтүк болбосун деп!..
– Коюңузчу, апа! Мен силерди эстүү-баштуу адамдар деп жүрсөм!..
– Атаң деле улам жашы өйдөлөгөн сайын тунжурап эле, көп ойлончу болуп алды. Айтпаганы менен ошол кызды ойлойт окшойт. Мени деле жөн жүрөт дейсиңби, кокуй! Кудай, арбак алдында карыздар окшоп!.. Көзүбүз тирүүсүндө ошол кыздын бетин ачып алсак деп... Биякка келатып да ошону ойлоп келдик.
– Туура кыласыз, апа! – Акшоола апасын мойнунан кучактап, бетинен сүйдү. – Апакем, менин!..
– Атаңды ал үйдө жалгыз соксойтпой барайын, ботом! – деп төркү үйгө беттеген апасы кайра кайрылды, – А сен а кыздын дайын-дарегин билесиңби?
– Билем, апа! Ал азыр кыздары менен көлдө. Өгүнү кайненеси келип кеткен...
– Ии, бечара, – ыраазы боло ушинтти апасы, – Баягы жылы Алмаш өлгөндө да уул-келини жок, өзү келиптир болчу.
– Анда Алия апасынын өлгөнүн уккан эмес турбайбы. Күйөөсү билип туруп эле айтпай койгон имиш.
– Акмак неме го, ботом!
– Акмак болгондо да кандай! Ал азыр киши өлтүрүп, түрмөгө түшкөн.
– Ок! Эмне дейт, бу чунак кыз?!
– Эч нерсе! Ал жөнүндө кеп кылбай эле коёлучу! Андан көрө көлгө качан жөнөйлү, абышкаңыз менен акылдашыңыз.
Эртеси Ашыракман карыя демейдегиден да эрте турду. Кечээ кемпири менен акылдашкандан кийин, эмнегедир калдалаңдап эле, башкача болуп алыптыр. Ошондон көп өтпөй эле анан байбичеси, кызы менен небереси болуп көлгө жөнөп кетишти...
* * *
Эки колун шымынын чөнтөгүнө салып, терезеден алыс-алыска тунжурай тиктеген Ынак Кабылович башын саал чалкалата, карегине кылгыра түшкөн жашты агызбай, тамагына кептеле түшкөн ыза менен кошо ары кык эттирип жутуп алдыгенде үй-бүлөлүк турмушу да, иши да ойдогудай болуп, жоро-жолдош, дос-туугандар бапырап башпаанектеп, «ити чөп жеп» атып эле, эмнегедир акырындап баары жыласталып, бакыт кушу кимгедир, каяккадыр кайып болуп, карматпай учуп кетти. «Эмнеге?! Эмнеден жаздым?! – дейт оюнда, – Кай жазыгым үчүн Теңирим мени мынча жазалады?! .» Өзөгүн өрттөгөн өкүнүч менен ачуу арманды ачуу менен баскысы келди! Жаак эттери түйүлө, сол алаканын оң муштуму менен ныгырып-ныгырып алды.
– Ынак Кабылович?.. – деди аңгыча маркетинг жигит баш багып, – Уруксатпы?
«Кир!» – дегендей башын ийкеп, ордуна барып отурган Ынак Кабылович:
– Иштер кандай?! – деди.
– Мм... – жигит көздөрүн ала качып, кайпактап кетти, – Баягыдай эле... Жакшы эмес, Ынак Кабылович!
– Шайтан алгыр!!! – акыркы үмүтү «жалп!» эткендей Кабыловичтин заманасы тарый түштү, – А Нурболот Жакыпович эмне дейт?!
– «Колумдан келбей калды, жардам бере албайм. Иш сотко өтүп кетиптир...» деди.
– Сотко дейсиңби?!
– Тигилер өткөн жумада эле ишти сотко өткөрүп ийишиптир, мынакей... – Жигит шефинин алдына бир тутам кагаз таштады.
– Эмне үчүн буларды мен билген эмесмин?!
Кызматкери эми ага бир чети таң калгандай, бир чети табалагандай ормоё тиктеди:
– Сизди такыр эле кармай албай койбодумбу, Ынак Кабылович! Соткаңыз өчүрүлгөн! .. Бая күнү барсам, сиз...
– Болуптур! – Алда нени элес-булас эстегендей саал жумшара, бирок болбой эле кайра сурдана карады шеф. – Андан кийинчи?!
– Андан кийин деле Лилия эже: «Керек болгондо ишке өзү барат! Мындан ары тынчын алып келбегиле да, чалбагыла! » деген. Анан... – жигит андан ары да бир нерсени айта албай аткандай оозун таптап барып унчукпай калды эле:
– Айта бер! – деди шефи.
– Кечээ күнү Лилия эже келип кассадан акча алып кетти.
– Акча?! Канча?!
– Беш жүз миң! Өзүңүз кол коюп берген турбайсызбы? !
– Акмак!!! – сызга отурганын билген Ынак ордунда тегеренип-тегеренип кетти.
Маркетинг чыгып кеткенден кийин Ынак качан, кайсы убакта эмнеге кол койгонун такыр эстей албай, башын мыкчыды. «Токточу?! Ооба!..» – бир нерселерди элдир-селдир элестетти...
* * *
Ооба, ал көзүн ачканда терезенин ачык форточкасына аппак ай конуп алыптыр болчу. Толукшуп, толгон айдын ак жарыгынан көзү уялып, билеги менен жүзүн калкалаган. .. А бирок, айдан түшкөн алтын нур, ак шоола анын жарым жартылай ачык жаткан денесине мээримин төгүп, жүзүнөн, көзүнөн сүйүп, көкүрөгүн аруулап аткандай, магдырай түшкөн. Бул мамиле, бул сезим ага эмнегедир тааныш сыяк¬танган. .. «Акшоола?! .» – көздөрү умачтай ачыла түшкөнү эсинде. А бирок, ай жанагы ордунан жылып, акырын-акырын арылап баратыптыр. ..
– Акшоола... – анын кетишин каалабагандай, ээрчий карап эриндерин кыбыратты. Ошо маалда аны айданбы, Акшооладанбы, кызгангандай жуп-жумшак колдор өзүнө имере тартып, ысык эриндер жүзүнөн, көкүрөгүнөн, көздөрү¬нөн. .. туш келди аймалады.
– Акшоола?.. – анын Акшоола эмес экенин билсе да, билгиси келбей, эми элеки керемет сезимди жоготуудан корккондой өзүн-өзү алдап магдырады Ынак. Канча күндөн берки шараптын күчүнө кошул-ташыл, акыл-сезимин мас кылып, баары жокко кайыл кылган аялзатынын назы, кылыгы аны өзүнө чөгөрүп баратты.
– Жаным, мени сүйөм дечи? – деп атты ыпысык эриндер жалбара өпкүлөп.
– Сүйөм...
«Ики! – деди ичинен Лилия, – Сүйөт имиш! Эси-дартыңдын баары азыр Акшоола болуп атканын, мени эмне билбейт дейсиң го?! Эч нерсе эмес, бүгүн бир колума түшсөң, андан кийин сенин сүйүү-мүйүүңдүн мага бир тыйындай да кереги жок!..»
– Бир нерсе сурайын жаным, макул болосуңбу? – деди анан.
– Сура... – анын эмне сураарын түшүнгөндөй көңүлсүз унчукту Ынак.
– А сен буркуйбай, чын дилиң менен айт да?
– ?..
– Мага бир аз акча керек болуп атат?..
– Канча?
Лилия сөөмөйү менен жигиттин эриндерин басып койду:
– Чш-ш, жаны... Сендей жигитке «канча?» деген жарашпайт!
– Болуптур, сураганыңча. ..
– Анда... эртең унутуп калбаш үчүн мына буга кол коюп койсоң? – күн мурун даярданып алгандай жаздыгынын алдынан кагаз, калемсап алып чыга койгон...
– Акмак!!! – трубканы көтөрдү Ынак. Ачуусу келгенгеби, же канча күндөн бери баш көтөрбөй ичкенгеби, колдору калчылдап атып Лилиянын номерин терди.
– Алло, Лилия?!
– Эмне?! – анын эмнеге чалганын билгендей, бирок Ынак эч күтпөгөндөй орой жооп берди аял.
Башка жеген эмедей «селт» этти да:
– Лилия?! Сен түшүнүп атасыңбы, карыз деген чачтан көп, фирма кыйын абалда турат?! – деди Ынак.
– Билем!
– Лилия?.. – эми айласы түгөнгөндөй сүйлөдү Ынак, – Лилия?!
– Эмне?!
– Карызыбызды жаап, фирманы кайра бутуна тургузушубуз керек. Андан кийин баары сеники!
– А сен эмне, фирмаңдын тагдыры эчак эле чечилип калганын билбейсиңби? ! Айтмакчы, биздики да бүттү!.. Билесиңби, чарчадым сенден!
– Суранам, Лил?! Алган акчаңды кайра бере тур?
– Сен мени эмне, келесоо деп атасыңбы?! – жанагыдан да күчөп, «тарс!» жарылды аял, – Же эмне, эки күн мурун эле өзүңдүн: «Карызымды кайрып берип атам!» – деп кол коюп бергениңди унутуп салдыңбы?! Анда кайра эсиңе тутуп ал, ал акчаны мен жөн алган жокмун! Мында сенин, анан да мамлекеттик нотариустун колу менен мөөрү турат!
– ?!! – Ынак уккан кулагына ишенип-ишенбей, дендароо боло түштү, – Лилия?! Сен эмне деп атасың, Лилия?!
– Эмне уксаң ошо деп атам!!! Же карыз экениң жалган беле?! Катындарыңа батпай көчөдө калганда, көйнөгүңдүн жакасын эле эмес, көңүлүңдү агартып, оюң менен ой, боюң менен бой болуп, болгон ишимдин баарын таштап, салпылдап сени ээрчип көчөдө жүргөнүм эмне, ит бекер бекен, ыя?!!
– Сен... Ушундай катын белең, Лилия?!. – чындап эле түтөп кетти Ынак. Анан калса ушул жагымсыз үндү качандыр, каяктандыр уккандай, бирок такыр эстей албай атты.
– Так, что билип кой, Ынак Кабылович! Эми экөөбүздүн аласабыз да, бересебиз да жок! Эгерде эле кайра да бир тынчымды алып чала турган болсоң, анда мага таарынба! Милицияга, теле-радиого, гезитке чалып, абийириңди айрандай гана төгөмүн!! ! Ту-ут! Ту-ут!..
«Кызык! Бул эмнеси?! Мен деги эмне болуп атам?! Бул өңүмбү же түшүмбү?! – анын мындай мүнөзүн башта көр¬бөгөн жигит чындап эле таң калды, – Баса, бул үндү мен каяктан уктум эле?.. Чын эле бир жактан уккам!..»
– Аа-аа-аа!! ! – деп анан ызадан өзүнө-өзү батпай, өзөгү өрттөнүп, столду бир катуу муштады эле, сырттан катчы кыз чуркап кирип келди:
– Сизге эмне болду, Ынак Кабылович?
Аны укпай, көрбөгөндөй шефи башын кош колдоп мыкчып, өксүп-өксүп ыйлады. Унчукпай чыгып кеткен кыз анан:
– Ынак Кабылович бүгүн эч кимди кабыл албайт. Эртең келиңиздерчи? – деп кезекте тургандарды кетирип атты.
– Бир ооз эле сөзүм бар эле, чоң кыз. Бул өтө маанилүү! – элдин соңунда калган жигит өтүндү, – Арнас деген жигит келиптир десеңиз, өзү деле билет болуш керек?
– Болбойт! – деген кыз анан акырын айтты, – Туура түшүнүңүз, шефтин табы жок болуп турат. Ал баары бир кабыл албайт.
Сыртка чыгаарын чыгып алып, Арнас андан ары узап кете албай, короонун ичиндеги отургучка келип отурду. «Ынак Кабыловичтин табы жок экен, кабыл албай койду» десем Акшоола ишенеби?» – деди оюнда.
Акыркы күндөрү Акшоола андан жаа бою качып, атүгүл телефон менен да сүйлөшпөгөнгө аракетенчү болгон. Эмне үчүн экенин Арнас деле сопсонун түшүнөт. Экөөнүн ортосунда тек гана урмат-сыйдан башка эч нерсе болбогону менен, эмнегедир Ынак алардан арамданат имиш!
Арнас Акшооланы телефон чалат деп такыр ойлогон эмес. Кечээ эртең менен трубканы ала коюп, кубангандан чекесинен тер чыпылдап кеткен! Ошондон көп өтпөй эле экөө ресторандан кезигишти. Саал эртерээк келген Арнас Акшооланы гүл менен тосуп алды.
– Саламатсызбы, Акшоола?
– Саламатсызбы? – бажырая гүлдү алды Акшоола, – Рахмат...
– Менин уулум кандай? – Арнастын андан кийинки эле суроосу ушул болду.
– Рахмат, жакшы! Бирок... – Акшооланын жүзүндөгү эми элеки жылмаюу акырындап азайып, саал мостоюңку унчукту, – Бирок, сизден суранам Арнас, Мындан кийин Бакытты... «уулум» деп айтпаңызчы? ! Ансыз да...
– Билем... Түшүнөм, Акшоола. Кечириңиз?
«Кечирдим» дегендей күлүмсүрөп, башын ийкеген Акшоола:
– Арнас, менин сизди чакырган себебим... бизге сиздин жардамыңыз керек? – деди.
– Кандай жардам? – «жандилим менен!» дегендей карады жигит.
– Билесизби, – Акшоола кепти кандай баштасам дегендей адегенде саал оңтойсуздана, оор улутунуп алып, Ар¬насты карабай тунжурап отуруп, анан сөздүн ток этээр жерин айты:
– Ынак Бакытты сиздин балаңыз деп ойлоп жүрөт!
– Коюңузчу?! – же сүйүнөөрүн, же күйүнөрүн билбей, чындап эле Арнас ыңгайсызданып кетти, – Мен...
– Көңүлүңүзгө албай эле коюңуз, бул эми билбестик, түшүн¬бөстүктөн. .. Сиздин уулум экөөбүзгө жасаган жакшылыгыңызга кийинки кездерде тоңдоосун мамиле жасаганым да ошондон. Кечириңиз?
– Жок, жок, эмнеге кечирим сурайсыз, Акшоола. Тескерисинче мен...
– Менимче сиздин доктор катары, жолдош катары жасаган жакшылыгыңызды, биздикине келип-кеткениңизди бирөөлөр туура эмес түшүнүп, Ынакка айтышат көрүнөт. Анын үстүнө, эсиңиздеби, баягы Бакыт али төрөлө электе биздин үйдүн алдынан апама кезикпедик беле?
– Кайненеңизгеби? Эсимде.
– А киши да тескери ойлоп калыптыр. Бирок, мени түйшөлткөн ал эмес!
– ?..
– Угушума караганда Ынак ичкиликке берилип бараткандай. Фирмасы да банкрот болуптур деп атышат. Бирок!.. – алда неге ызаланып, кыжалаттана, туталанып айтты келин, – Эмнеге ушундай болуп кеткенине такыр түшүнбөйм! Ынак мынчалык кордук көрө турган адам эмес эле! Ал деген... билесизби, бирден-бир билимдүү, иш билги адис, мыкты жетекчи болчу! Ал... Ал адамдан башкача асыл адам эле! Ал абдан боорукер, ак көңүл, анан да чектен ашкан берешен, кишинин көңүлүн оорутпаган айкөл эле! Эмне болуп кеткенине такыр акылым жетпейт! Билесизби, өгүнү бала бакчадан келатсак уулум: «Апа, бүт балдардын атасы бар. Эмне үчүн менин атам жок?» – дейт да кадыресе адамдай муңканып, улутунат. «Атаң бар! Ал абдан жакшы адам! Көрөсүң го, иштен бошогондо бир күнү келет!» – десем: «Анын колу бошобосо, өзүбүз деле барбайлыбы! Мен атамды көргүм келет!» – дейт. Акыры, уулумду ээрчитип алып бардым. Бирок!.. Бирок мен уулума: «Атаң ушул!» – деп такыр айта албай койдум!..
Акшооланын көздөрүнөн жаш тыпылдап таамп кетти:
– Билесизби, эмнеге?! Биздин бет маңдайыбызда анткени, уулума мен жомок кылып айтчу абалкы Ынак эмес, таптакыр башка адам келаткан! Арыктап, аябай жүдөп кетиптир! ... Анан да бутуна тура албай мас! Эки жагынан эки кызматкери, кароолчу, айдоочу болуп, баарылап атып машинеге салышты... Анда уулум: «Апа, атамдын жумушунда ушундай аракечтер иштейби?!» – дейт! «Демек, атаң иште жок турбайбы, балам! Жүрү, кетели!» – деп ээрчитип кеткиче шаштым. Уулум жанымды койбой койгонунан, ки¬йинки жумада телефон чалып: «Уулуң сурап атат, Ынак! Сенин мүмкүнчүлүгүң болбосо, биз баралы?» – десем... Билесизби, эмне дейт?!
– ?..
– Кечириңиз? Анда ал: «Арнасыңдан тууп алган арам сийдигиңди мага угузба! Эгерде эле көзүмө көрсөтсөң, кардын жарып таштайм!» дейт!
– Ыйлабаңызчы, Акшоола?.. – Акшооланын алдында өзүн бузуку, жексур сезип, эмне кылаар айласын таппай, оңтойсуз абалда калды жигит, – Мен... сизге жамандык кылайын деп такыр ойлогон эмесмин. Тескерисинче. ..
– Билем, Арнас. Мен сиздин адамкерчилигиңизди, асыл оюңузду сопсонун түшүнөм.
«Билбейсиз» – дегендей Акшооланын колун аяр кармап, эмнегедир башын чайкады жигит.
– Бирок, мынча болду мен сизге бир чындыкты айтышым керек... Мен сизди... – эки бети албырып, кыпкызыл болуп кеткен жигитти таң кала карады Акшоола.
– Мен сизди... сүйгөнүм чын, Акшоола!! !
– ?!. – эми эле ыйлап басылган, жууган карагатай капкара каректерин бадырайтып, ага чындап бүшүркөй карады келин: «Сүйөм дейби?..» Бирок, бат эле жандилинде бир силкинип алып:
– Арнас, мага сиздин жардамыңыз керек? – деп эч нерсе укпагандай, түшүнбөгөндөй, же бул темада мындан ары сүйлөшүүнү каалабагандай Акшоола жигиттин колдорунан колун тартып алып, кептин удулун чукул буруп кетти:
– Ынакка жардам беришибиз керек. Балким, ага сиз жолугуп, сүйлөшүп көрөрсүз? Балким, бардыгы ал ойлогондой эмес экенин, Бакыт өзүнүн уулу экенин билсе...
– Жарайт! – деди Арнас анын эмне ойлогонун түшүн¬гөндөй.
– Өгүнү Сезим келип кетти, – деди Акшоола ууртунан жылмайыңкы, – Бою өсүп, акыл токтотуп, эс кирип калыптыр. Бөбөгүн кайра-кайра өпкүлөп: «Апаке, бул атамдын эле уулу турбайбы! Караңызчы, кандай окшош!» – деп тим эле так секирип кубанат десең, садага болоюнум! Ансайын зээ¬ним кейип, заманам тарыды. Тээ төрөй элегимде бир жолу: «Апа, мунун атасы чын эле Арнас байкеби?» – дегенинен: «Атаң ачуусу менен эле ошентип атат, кызым. Андай сөз¬дөргө ишенбей жүр!» – десем ынангансып калган. Көрсө, мага айтпаганы менен ал деле ичинен сызып, ишенип-ишенбей жүрүптүр да! Кетээринде бөбөгүнүн сүрөттөрүн жыйнап алыптыр: «Чоң атам менен апам көрсүн!..» – дейт.
Ушулардын баарын угуп отурган Арнас Ынакка бир чети суктанып, бир чети жек көрүп кетти. Ошондон кийин Ынак Кабыловичтин кабылдамасына эки-үч келип, бирок биринде да жолу болбой кеткен...
* * *
(уландысы бар)