1 дек 2017

Жаныбек ЖАНЫЗАК^ Тынымсыз кумар, Эроповесть

1-бөлүм
Аппак "Лексус" короодон чыгып, чоң көчөгө түштү. Алтынай машинада отурган киши көрүп калбасын деп эңкейип башын ката калды. "Лексус" дагы жүз метрдей жылып барып, солго бурулуп кетти.
Алтынай бир саат мурда прокатка алган "Ауди"ни от алдырып, бир аз окчунураакта артынан баратты.
Анын шаршембиге чейин Алматыдан кайтып келбесине азыр Алтынай аңдып бараткан машиненин айдоочусу бөркүндөй эле ишенген, анткени ал буга чейин да көп жолу бир нече күндүк командировкага кетип жүргөн. Дал ушул жагдай аны көптүрүп, ал азгырыла баштады деп ойлоду Алтынай. Күйөөсү төрт айдан бери көзүнө чөп салып жүрөт. Минтип ойлоого көп себептер бар эле. Кайда гана барбасын, жадагалса жол боюндагы жепирейген тамактануучу жайдан да, телефон чалып, үйдөн тапчу эмес. Анысы аз келгенсип, төшөктө да Алтынайга жолобой, жаа бою качып калган. Акыркы убакта кимдир бирөө чалып, Алтынай трубканы алса эле унчукпай тыңшап тура берчү болду.
Эми ал бир келесоо эмес да, эри аны алдап, ала жипти аттап жүргөнүн дароо эле түшүндү. Күрмөсүнүн чөнтөгүнө капыстан колун сала коюп, таап алган бир тутам презерватив шектенүүлөрүн дагы бир жолу далилдеп, анын чыдамын чегине жеткирген акыркы тамчы болду.
Бул табылга ал үчүн оор сокку болгон жок, тескерисинче, жеңилдей түшкөнсүдү. Эчак эле өзүн колго алып, ажырашалы деп сунуш кылса болмок экен. Бирок кызыгуу сезимине алдырып, күйөөсү аны кимге алмаштырганын билгиси келди.
Адегенде эле көптөн бери көз артып, тийишип жүргөн шыңга бойлуу, жалжал көз кошунасы Жаңылдан шек санады.
Алтынай баарына кылдат камданды: жумушунан эрте чыгып, прокатка машине алды да, аны айдап үйү жакка келип, короого кирген жол көрүнгүдөй болуп бурчка токтоду. Ал болжолдогондой эле, Медер көп өтпөй жумуштан келип, сакал-мурутун алып, кийимдерин алмаштырып, бир жакка камына баштады.
Бир убакта анын ак "Лексус"у чоң жолго түшүп, түштүктү көздөй зуулдады, "Ауди" артынан жетип-жетпей келе жатты. Анткен менен алардын жарышы көпкө созулган жок, Медердин машинеси таштак жолго бурулуп, отуз чакырымдай жүрүп отурду да, сыртында жазуусу жок, бадал менен курчалган чакан мейманкананын алдына келип токтоду.
Медер кейсин көтөрө машинесинен түшүп, мейманканага кирип кеткенде, жолдун четине токтогон Алтынай унаа токтоочу жайга кирди. Аңдыган адамы мейманкана кызматкерине катталып, бөлмө алганча күтүп отурду. Анан бир маалда эч бир толкунданбаганына таң калып машинеден түштү. Медердин ойношу менен жолугушуусу кандай өтөт болду экен деп ойлонуп "Ауди"де отурганда кабынан чыгып кетчүдөй болуп түрсүлдөгөн жүрөгү тынч ала түшкөн окшойт. Анысы кара атлас ич көйнөк, шиш такалуу кызыл туфли кийип алып, кенен керебетте чалкалай жатып тосуп алат болду бекен?
Аялдын төшөктө дал ушундай кийингенин Медер жактырчу, жашыруун жолугушуубузга ошентип кийинчи деп ойношунан сурангандыр.
Арийне, чынын айтканда, ак "Лексус" чоң жолдон таштак жолго бурулганда эле Алтынайдын деми басылган. Ага чейин "курулай эле шек санап жатсам керек, Медер жумуштары менен эле бир жакка бараткан го" деген ой кеткен.
"Бүгүн кечинде үйдө болом, келген төлөмдөрдү карап чыгам, " деп калп айтса да, ошентип ойлогон.
Алтынай жакындаганда эле мейманкананын айнек эшиктери шарак этип эки жакка ачылып кетти. Ал администраторго келип:
– Кутмандуу кечиңиз менен! – деп учурашты.
Администратор, сүйкүмдүү жаш жигит, ордунан тура калып, күлүмсүрөп алик алды:
– Кутмандуу кечиңиз менен, айым. Сизди угуп жатам.
– Жанболотов деген мырза менен ушул жерден жолугушабыз деп макулдаштык эле. Келди беле? Кайсы бөлмөгө токтоду экен?
– Бир аз күтө турасызбы, айым?
Ал компьютерден карап:
– Жүз жыйырманчыда экен. Ага телефон чалып, сизди келди деп айтайын! – деп жигит телефонго колун созду.
– Убара болбой эле коюңуз, – деди Алтынай шашып кетип. – Мен ага сюрприз кылайын дедим эле.
Жигит көзүн кысып, жылмайып койду.
– Өз эркиңиз! – деди администратор. "Медер Жанболотовдун ордунда мен болсом кана! " дегенсип, Алтынайды жалдырап карап калды. – Анын бөлмөсү биринчи кабатта, мына бул коридор менен түз барсаңыз.
Алтынай баш ийкеп, жигит көрсөткөн тарапка бет алды. Андан ары кандай кыларын билбей, бушайман болуп жатты. Медердин тымызын жолугуша турган жерине чейин аңдып барууну гана пландаштырган болучу. Эми күйөөсү ойношу менен бир бөлмөдө эзилишип жатканда, ал эмне кыларын билбей, "эшикти жара тээп кирип барсамбы же сүйүшкөндөр ээрчишип сыртка чыккыча коридордо күтө турсамбы? " деп ойлоно түштү.
Алтынай коридордун тиги башына жетип, жүз жыйырманчы бөлмөнүн түбүндө тушалгансып туруп калды. Ошол учурда кызматчылардын бөлмөсүнөн сүргү, шейшеп, жууп-тазалоочу каражаттар жүктөлгөн арабаны түртүп кызматчы жаш келин чыкты.
Алтынайды көрө коюп:
– Сизге жардам керекпи? – деп сурады.
Алтынай эшикти тигил эшикти жалт карап алды – ичинен эч бир дабыш угулбайт.
– Мен ачкычымды кире беришке калтырып коюптурмун, – деди ал. – Кайра артка баргым келбей жатат. Ачкычыңыз болсо, ачып бересизби?
– Азыр! – Келин алжапкычынын чөнтөгүнөн ачкыч алып чыгып, эшикти эшикти ачты.
– Рахмат! – деди Алтынай.
– Эч нерсе эмес. – Кызматчы келин ошол эле ачкыч менен кошуна бөлмөнү ачып, кирип кетти.
Алтынай ичкери кирип, эки жагын каранды. Оң жагында – ванна, сол жагы – шкаф, бет маңдайы – уктоочу бөлмө экен. Ал сырткы эшикти эшикти акырын жаап, уктоочу бөлмөгө кулак төшөй баштады. Ичкериден күйөөсү эмне кылып жатканын каңкуулаган кыңкыстаган, онтогон үндөр угулуп жатты.
Алтынай кулагын эшикке такады: онтогон, күшүлдөгөн, бышылдаган үндөр барган сайын катуулай баштады. Мына азыр бөлмөгө кирип барып, эри менен ойношу экөөнү иш үстүндө кармап, айгай салып, абийирлерин айрандай төгүп, анан Медерди жашоосунан биротоло сызып таштап, башын өйдө көтөрүп басып кеткиси келди. Бирок кайрадан кызыгууга алдырды. Алтынай эшиктин туткасын акырын бурап, бир аз түрттү да, жылчыктан шыкаалап карады. Көз алдында тири укмуш көрүнүш пайда болду.
Энеден туума жылаңач Медер керебеттин жанында тизелеп турат. Ийиндерине кимдир бирөөнүн кара чулкичен сымбаттуу буттары артылган, чулкинин тартмасы эттүү сандарына жармашып, ал эми шиш такалуу кызыл туфли Медерди ыкчамыраак кыймылда дегенсип, бир калыпта далыга ургулайт. Сымбаттуу буттардын ээси каргылданган жоон үн менен онтоп жатат.
Аялдын бетин Алтынай көрө албады, бирок шашылышта ойноштор сыйрып алууга үлгүрбөгөн көк жабуунун үстүндө жайылып жаткан кара чачын даана байкады.
Медер ойношунун аласына башын тыгып алып, бир калыпта кыймылдап жатканын көргөн Алтынайдын оозу ачылды. Аны менен эч убакта мындай кылчу эмес эле. Керебетте жаткан аялдын онтогон үнү ушунчалык жоон болгондуктан, аны эркек экен ойлосо болот эле. Алтынай бул жийиркеничтүү көрүнүшкө тойдум деди да, эшикти ачып жиберди.
– Саламатсыңарбы? – деп ал акырын, бирок даана айтты.
Күйөөсүнүн үрөйү учкан кебетесин көргөндө, табам канат деп ойлогон, бирок Медер өң-далеттен кетип, керебеттен тура качканда өзү да көргөн көзүнө ишенбей дендароо болуп туруп калды…
Керебетте жаткан ойношу өйдө болуп, отуруп калды. Ал асты жагы кызыл торчо менен саймаланган кара атлас ич көйнөк кийип алыптыр. Анткен менен анын төшүндө аялдын кош эмчеги эмей эле, дене түстүү пластмассадан жасалма эмчек тагылып турат. Упа сүйкөлгөн жүзүн, бойолгон көздөрү менен кыпкызыл эриндерин жакшылап караган Алтынай кийме чач кийген тиги неме эркек экенин байкады. Аласынан көтөрүлүп турган огеле чоң аспабы анын божомолун тастыктап турат. Алигинин баш ы Медердин шилекейинен ого бетер жылтырап калыптыр...
Таң калыштуусу, күйөөсүнүн мындай "төшөк кумарын" билген соң, Алтынай аны какшыктаган да, шылдың кылган да жок. Тескерисинче, бейтааныш эркектин сымбаттуу буттарын карап туруп, өзү да дүүлүгүп чыкты.
– Мен баарын түшүндүрөм, – деди Медер жанталашып.
– Убара болбо! Ансыз деле баары түшүнүктүү, – деди да, Алтынай убактысын текке коротпогонуна маашырлана бөлмөдөн чыгып кетти.
Эми мындан ары ал үчүн Медер өлдү. Эми мындай эркекти ал жашоосунан таптакыр сызып таштайт.

1- бөлүм
– Демек, сиз аны менен ажыраштыңызбы?
– Албетте!
– Көп болдубу ажырашканыңарга?
– Эки жыл болду.
– Анан эмне болду?
Суроо түшүнүксүз болгонунан Алтынай кайра сурады:
– Эмнени айтып жатасыз?
Кайрат шурудай тизилген ак тиштерин көрсөтө жылмайды.
– Сиз азап чектиңизби? Жолдошуңуз менен ажырашуу оор болдубу?
Алар Чүй проспектиндеги дубалдары агыш, жашыл терезелүү чакан итальян ресторанында маектешип олтурушат. Экөө бир жума мурун юридикалык фирмадан таанышышкан. Досунун курулушта иштеген уулу жумуш убагында экинчи кабаттан кулап буту сын ып, куруучу ишкана анын дарыланууга кеткен чыгымдарын төлөп берүүдөн баш тартканда, Кайрат ошол фирмага "кантип өндүрүп алууга болот? " деген маселе менен кайрылган.

0777329784 номуруна 100 бирдик сал,
же илибой терминалдан ►Электронные деньги►WebMoney►R429713653063◄ 100 руб.
Анан 0777329784 ватсапка квитанция көрсөт.

Китептерди биерден танда:
janyzak_ru

Комментарии

Комментариев нет.