Кудай буйруса, ушул келе жаткан Жекшемби, 17-ноябрь – кыргыз киносунун күнү.

Биздин кесиптик майрамыбыз. Ошондуктан биз майрамдайбыз. Саат 11-00до Опера жана Балет театрына барып, «Ак Шоола» балдар хорунун «Алтын уя» аттуу опереттасын көрүп келебиз. Биздин кызыбыз Сыйапат да ушул хорго кошулганына эки айдан ашып калды. Буйруса, кызымда чоң өзгөрүүлөр болуп атат. Тартынбай, өзүн эл арасында эркин алып жүргөндү үйрөнүп калды. Токтоо жана зендүү кыз болуп чоңоюп атат. Мугалимдер ушул опереттаны келип көргүлө, силердин балдарыңар да, буйруса эмики жылы опереттага катышышат дешти. Ичимден сүйүнүп атам. Чынында эле, кызым, уулум эл алдына чыгып. Коркпой, уялбай роль аткарып, ырдап, бийлеп, негизи эле таланттуу эмгекчил болуп чоңоюшса деген тилегим бар. Сиздер да балдырыңыздарды алып, эстетикалык ырахат алып, жан дүйнөңүзгө музыка тартуулап кетиңиздер демекчимин! Ал эми кечинде саат 18-00, кайненем жана мен Элмирбек Иманалиев аяш атамдын чыгармачылык кечесине барып, сапаттуу, жүрөктөн чыккан чыгармаларды угуп, жан дүйнөбүздү байытып келебиз. Уулум менен кызымды атасына калтырып, кайненемди ээрчитип бир жыргап келем го чиркин. Кудайым ошол күнгө жеткирсин.

Комментарии

Комментариев нет.