Мен синдим Фатиманы абдан сагындым....

Ал азыр Пермде. Турмушка чыгып, бомпойгон уулдун суйуктуу апасы болду, бир уйдун эрке келини. Фатима Россияга кетип атканда, абдан ыйлагам, таарынгам. Анткени апа болом деп, мен кинодон убактылуу кетип аткам. Фатима менин ордума иштеп турса деп кылданчумун. Синдиме коп нерсени уйроттум эле. Мага чыдаган, мага куйгон, мен кыйкырганда унчукпай актерлорду издеп жоногон абдан аракетчил жардамчым эле. Анан эле мен кеттим деп Россияга кетип, суйгону Нурлан куйоо балама омурлук жар болуп кетип калды. Эми качан келишет билбейм. Ушул жылы келсе экен деп абдан кутуп атам. Синдим менен сырлашкан кундорумду сагындым...

Комментарии

Комментариев нет.