Канат Эгембердиева: “Дарыгерлер, уулумдун бөйрөгүн 3 ай ичинде алмаштырбасак, өмүр суусу түгөнөөрүн айтышты”

Медер туткан жалгыз уулум кечээ жакындан бери эки бөйрөгү иштебей, өмүр суусу менен алпурушуп калды. Рак илдетине кабылып, кант диабети кокодон алып, жогорку кан басымдан улам үйдөн алыс чыга албай, балама жүк болуп анын багуусунда отурган кезде, какаганга муштаган болуп, уулум да минтип мен сыяктуу мүмкүнчүлүгү чектелген инсандардын катарын толуктап калды.

Канат Эгембердиева: “Дарыгерлер, уулумдун бөйрөгүн 3 ай ичинде алмаштырбасак, өмүр суусу түгөнөөрүн айтышты” - 895885460976
 Балам, Азаттын оорусу өтүшүп кеткендигине байланыштуу ал эл катары он жылдап гемодиализ алып, жашай албайт экен. Тез аранын таагырагы 3 ай ичинде бөйрөгүн алмаштырбаса, өмүр суусу түгөнө турганын дарыгерлер баса белгилеп, эскертишти. Операция Кыргызстанда эмес Турцияда жазала турган болду. Бөйрөк алмаштыруу операциясы өзү эле 10 миң доллар болсо, донорду сатып алуу 20 миң долларын тураарын айтышты. Андан соң бир жылга чейин бөйрөк өз алдынча иштеп кеткиче бир жыл ай сайын дарылануусуна 1000 доллардан кетет экен. Жалпы эсеп менен 48-50 миң доллар керектелет туура.... Өзүбүз эл журттун колдоосуна муктаж болуп турганда, мынча сумманы кайдан табам деп баш катырып, түн уйкум үчкө бөлнүп уктабай таңды атырып жатам. Көзү жалдырап, жакшылыктан үмүт үзбөй жаткан баламдын абалын көргөндө булугуп ыйлаагандан башка аргам жок. Азатымдын артында калган туягы да жок, кааран болуп кайгырганда колдоп, жакшы сөзсүн аяп турчу жубайы дагы жок. Балам, бала жытын жыттап, ата сезимин сезип, ата статусуна ээ болгон күнгө жеткирүүгө жардам берүүңүздөрдү өтүнөм.
Канат Эгембердиева: “Дарыгерлер, уулумдун бөйрөгүн 3 ай ичинде алмаштырбасак, өмүр суусу түгөнөөрүн айтышты” - 895885486320

Жараткан, уулума жанын кыйнаган дарттан арылтам деген күйүмдүү туугандарды, кесиптештерди жана кайрымдуу калкымды бериптир. Тууган урук азык-түлүк жагынан колдоо көрсөткөндөн тышкары гемодиализинин акчасын чогултуп төлөп, алтургай концерт уюштуруп жатышат. А мен жардам бермек турсун кан басымым көтөрүлүп, кандагы канттым жогорулап уулумдун жанына ооруканага жатып калдым. Уулумдун буттан туруусуна колдоо көрсөтүп, жакындары уюштуруп жаткан концертке келип берүүңүздөрдү суранам.

Комментарии