》》》》》БИР БООРУМ 《《《《《

Коштолгон жакшылык кубантып,
Консо да ырыскы кут консун!
Жараткан жакшыга жалгасын,
Жаркытып белегин камдасын.
Жалындуу алтындай байкеме,
Жыдыбас жаштыкты байласын.
Өтсө да айланып убакыт көп,
Кетсе да жылдарың кайыр кош деп,
Кебелбе алтындай бир боорум,
Кемиргин турмуштун таттуусун жеп.
Өткөрүп эмгекке жылдарың,
Өзүңдү көп иштеп кыйнадың.
Эмгекти жебеген акыйкат,
Кайтарат зор мээнет кылганың.
Учса да убакыт зымырап,
Букса да жан-дүйнөң чымырап,
Жүрөгүң мээримде дүкүлдөп,
Каныңда кубаныч тыбырап.
Ыр жазып санаттап көп жолу,
Арнадым сүйүүгө жигитке,
Окудум китепти үңүлүп,
Дүйнөнүн көп сырын билишке,
Күчүм жок, сөз таппай кыйналам,
Сезим бар жүрөктү кыйнаган,
Кол барбай эң жакын адамга,
Атама, апама, сиздерге ыр жазып ийишке.
Толгонуп ойлордун неченин,
Тооруган жолдордон кечемин,
Айта албай сүйүүмдү өзүңө,
Өзүмдү күнөөлүү сеземин.
Досум көп ишенип сыр чечкен,
Бир күнү достуктан четтеди,
Курбум көп бир бөлгөн бир нанды,
Бирок да бир боорго жетпеди.
Бассак да жолдорду кадамдап,
Бир боорум сен барсың билемин,
Алыстан илебиң жылытып,
Ардактап мен сени сүйөмүн.
Аралык бөлүшүп көп жылды,
Мен сени сагынып жүрөмүн...
Сенин да дал менин өзүмдөй,
Кусада экениң билемин....😘 : ! БАКТЫГҮЛ СЕКСЕНБЕК КЫЗЫ *

Комментарии

Комментариев нет.