Адам баласы *100 жашка* чыкса, *36 500 күн* жашайт экен.

Ал эми 50 жашта, *18 250 күн* болот.
40 жашта - *14 600 күн.*
30 жашта - *10 950 күн.*
Карасаңыздар, жашоодо убакыт кандай гана саат жебесиндей чыкылдап өтүп жатат. Биз болсок миллион күн жашачудай болобуз. Келгиле, ар бирибиз күнүбүздү жакшы өткөргөнгө аракет кылалы.
Ниетибизди оңдойлу, сабырдуу бололу.
Өмүрүбүз өткөнчө
сыйлашалы,
Сыр сактап, ишеничте
сырдашалы,
Ынтымак, биримдикти бийик кармап,
баарыбыз жашоодогу кырды ашалы.
Кайрымдуу , кечиримдүү бололу,
ар бирибиз жакшы атка конолу.
Өткөнгө өкунбөйлу,
дайны жок төгулбөйлу.
Жакшыны колдойлу, кемчиликти оңдойлу.
Жаман ишке барбайлы,
жакшыны жандайлы.
Кир жерге сүлгү бололу,
келечекке үлгү бололу.
Арамдыкты таштайлы,
жакшы ниеттен баштайлы.
Эмгектенип иштейли,
азчылыкты күчтөйлү.
Улууну урматтайлы,
кичүүнү ызаттайлы.
Аталарды даңкка алалы,
апаларды баркка алалы,
уул балдарды урматтайлы,
кыз балдарды кылдаттайлы.
Жыгылганды тайайлычы,
алсыздарды айайлычы.
Бөксөну толтуралы,
жакшылыкты болтуралы.
Өмурду өксутпөйлу, көңүлдү көксүтпөйлү.
Кошунага кошулалы,
жакшы күндө отуралы.
Убакытты барктайлычы,
жаратканды актайлычы.
Ачуу сөздү ашырбайлы,
бышпаганды бышырбайлы
Кайнатаны какпайлычы,
кайненени жактайлычы.
Кайнеэжени сыйлайлычы,
кара ниеттик кылбайлычы.
Кайнаганы какпайлычы,
сабырдуулук сактайлычы.
Кайын сиңди-кайнилерди жактайлычы,
ар нерсенин чын бышыгын тактайлычы.
Келиндерди келгенде колдойлучу,
өтө каардуу кайнене болбойлучу.
Куйөө бала баркынан кетпесинчи,
бул турмушту кызың менен эптесинчи.
Кызың болсо көздөн жашын төкпөсүнчү,
өмүр бою өкүнүп өтпөсунчү.
Наристе аман -эсен төрөлсүнчү,
ак бешикке ыңаалап бөлөнсүнчү.
Элимде тынчтык заман боло берсин,
ырыскылар кудайдан толо берсин.
Дуйнөдө тынчтык орносунчу,
боору таш согуш болбосунчу.
Ыймансыз уул кыздардан алыс кылсын, ар адамды Аллахым калыс кылсын🤲🏻
Бир туугандар туугандай бололучу,
Бапырап бийиктике конолучу.
Ар адам жакшы болуп умтулсунчу,
жакшылар жамандыктан кутулсунчу.
Адамзат аз жашоодо көптү көрсүн,
жерди эле эмес, асмандагы көктү көрсүн.
Ар баскан кадамында акты көрсүн,
ар күнү мөмөлөгөн шакты көрсүн.
Дени сак саламат жүрө берсин,
турмуштун эң жакшысын сүрө берсин.
Ар адам жузгө чыгып карысын,
айталбаймын андан ары арысын.
Баарыңарга эки дүйнө бак берсин,
бак берсе да бат берсин.
Ырыскылар ар үйдө кең болсунчу,
баарыбызга ынтымак тең болсунчу.
🌹🌸🌺
Бул саптарды окуган адамдар ,жакшы ойго,жакшы сапка кошулуп, *36 500 күн жашасын!*
🤲🏻🤲🏻🤲🏻🤲🏻🤲🏻🤲🏻🤲🏻

Комментарии

Комментариев нет.