Сүйүү, сүйүү... Атың сенин керемет. Айтчы сүйүү, сага кимдер теңелет? Сени менен дос болууга жүгүнсөм, Сараңдыгың кетти мени жемелеп! Ушул саптарды жазып олтуруп, сүйүүнүн акыйкатын издегим келди. Адамзат сүйүүсүз өмүр өтөбөс.. Эки ашык бирин-бири сүйбөсө, махабаттын улуулугу байкалмак эмес. Сүйүүнүн күчтүүлүгүн эч ким даңазалабастыр... Жүрөктүн башкача согуп, каректин башкача тиктеши эле баарып сүйүүнү айгинелейт. Эх, сүйүү! Канчалаган адамды азапка салып, канчалаган адамды азаптан алып чыктың экен? Канча түндөрдү уйкусуз өткөрүп, канча каттардын күбөсү болдуң? Кээде пайдаңа караганда, зыяның көбүрөөктөй сезилет. Адамды сүйдүрүп койуп, өзүң дайынсыз жоголгонуң кантет? Эки жарым, бир бүтүнгө айлануу үчүн, сенин сезимиң эки жакка тең бирдей болууга тийиш эмеспи? Эмне үчүн бирине көбүрөөк сүйүү бересиң да, экинчисне аз бересиң? Же, экөөнүн сыноосунан ырахат аласыңбы? Калыстыгың кайда? Кең пейилдигиңчи? Эгер, сезимиңди аяп жатсаң, анда эмнеге экөөнү кезиктирдиң? Эмнеге ортосуна түштүң да, байкоосуз отуң жактың? Жообуң жокпу? Ооба, жообуң жок! Сен алсызсың! Сен мерез жана таш боорсуң! Сага жолуккан күнү менин жан дүйнөмдө бурганак, ойлорумда чийелешкен куру үмүттөр пайда болгон. Жүрөгүм сүйүүдөн жабыркап, көңүлүм сынып, тагдырдан тайгаланганыма сен гана күнөлүүсүң. Сага кезикпегенимде, мен булардын баарын көрмөк эмесмин.. Хмм, кайдаан? Сага кезикпей койууга мүмкүн беле? Шайтан жолду торогондой эле, кай жактан чыга келесиң да, адамдын акылын торуп аласың. Анын жүрөгүнү өзүңө баш ийдиресиң да, каалаганыңды жасайсың. Байкуш жүрөк сенин кебиңе кулак салып, акылсыздык кылып койоорун кайдан билсин? Сен кезиктирген адамдан сүйүүмө жооп алалбай калганда, көзүмө ыза жашы тегеренип, сүйүүнү жектесем, сенин табаң канат. Унуттура койбойсуң. Түшкө кирип, таңды өзүң менен кошо аттырасың. Кет! Жан жүйнөмдөн кет! Акылымдан кет, сүйүү! Сенден түңүлдүм, сенден жададым! Сага таарындым! Сенден үмүтүмдү да үздүм! Кош бол! Суранаарым, экинчи ирет кайрылба! Таш боор махабат менен күрөшүүгө алым жок!
Дева Любимая дева
КОШ СҮЙҮҮ!
Сүйүү, сүйүү... Атың сенин керемет.
Айтчы сүйүү, сага кимдер теңелет?
Сени менен дос болууга жүгүнсөм,
Сараңдыгың кетти мени жемелеп!
Ушул саптарды жазып олтуруп, сүйүүнүн акыйкатын издегим келди. Адамзат сүйүүсүз өмүр өтөбөс.. Эки ашык бирин-бири сүйбөсө, махабаттын улуулугу байкалмак эмес. Сүйүүнүн күчтүүлүгүн эч ким даңазалабастыр... Жүрөктүн башкача согуп, каректин башкача тиктеши эле баарып сүйүүнү айгинелейт. Эх, сүйүү! Канчалаган адамды азапка салып, канчалаган адамды азаптан алып чыктың экен? Канча түндөрдү уйкусуз өткөрүп, канча каттардын күбөсү болдуң? Кээде пайдаңа караганда, зыяның көбүрөөктөй сезилет. Адамды сүйдүрүп койуп, өзүң дайынсыз жоголгонуң кантет? Эки жарым, бир бүтүнгө айлануу үчүн, сенин сезимиң эки жакка тең бирдей болууга тийиш эмеспи? Эмне үчүн бирине көбүрөөк сүйүү бересиң да, экинчисне аз бересиң? Же, экөөнүн сыноосунан ырахат аласыңбы? Калыстыгың кайда? Кең пейилдигиңчи? Эгер, сезимиңди аяп жатсаң, анда эмнеге экөөнү кезиктирдиң? Эмнеге ортосуна түштүң да, байкоосуз отуң жактың? Жообуң жокпу? Ооба, жообуң жок! Сен алсызсың! Сен мерез жана таш боорсуң! Сага жолуккан күнү менин жан дүйнөмдө бурганак, ойлорумда чийелешкен куру үмүттөр пайда болгон. Жүрөгүм сүйүүдөн жабыркап, көңүлүм сынып, тагдырдан тайгаланганыма сен гана күнөлүүсүң. Сага кезикпегенимде, мен булардын баарын көрмөк эмесмин.. Хмм, кайдаан? Сага кезикпей койууга мүмкүн беле? Шайтан жолду торогондой эле, кай жактан чыга келесиң да, адамдын акылын торуп аласың. Анын жүрөгүнү өзүңө баш ийдиресиң да, каалаганыңды жасайсың. Байкуш жүрөк сенин кебиңе кулак салып, акылсыздык кылып койоорун кайдан билсин? Сен кезиктирген адамдан сүйүүмө жооп алалбай калганда, көзүмө ыза жашы тегеренип, сүйүүнү жектесем, сенин табаң канат. Унуттура койбойсуң. Түшкө кирип, таңды өзүң менен кошо аттырасың. Кет! Жан жүйнөмдөн кет! Акылымдан кет, сүйүү! Сенден түңүлдүм, сенден жададым! Сага таарындым! Сенден үмүтүмдү да үздүм! Кош бол! Суранаарым, экинчи ирет кайрылба! Таш боор махабат менен күрөшүүгө алым жок!