Комментарии
- 30 авг 2016 09:42Arzybek ☞AMD☜☞【👍】☜Биз качан онолобуз айталбай бирок биз депутат президенттди жамандай берсек еч качан онолбойбуз
- 30 авг 2016 09:43Arzybek ☞AMD☜☞【👍】☜Башка мамлекетке окшоп ар бир башыбызга налог патент илип койушун каалайсынарбы
- 30 авг 2016 09:44Arzybek ☞AMD☜☞【👍】☜Мына озубуздун гиминде да айтылып турат е
- 30 авг 2016 09:45Arzybek ☞AMD☜☞【👍】☜Оркундой бер осо бер оз тагдырын колунда деп
- 30 авг 2016 09:45Arzybek ☞AMD☜☞【👍】☜Ошон учун озубуз аракет кылалы достор чондорго шылтай бербей
- 30 авг 2016 09:46Arzybek ☞AMD☜☞【👍】☜Иншаллах баары алдын да
- 30 авг 2016 11:30👑 Queen 👑Ээн туура соз
- 1 сен 2016 10:21Айталина Кубанычбековакаяктагы туура соз чондор элдерге жумуш орун тузуп берсе ошондон чыккан киреше Эгемендуу Кыргызстаныбызды гулго айлантат. Бул кыздын айканы деле туура. Чынында биздин ата энелерибиз СССР ге иштеп эле оз жанын багышкан. Биз чет олколордон эмнебиз кем, алардан калбай оз мамлекетибизди онуктурушубуз керек. Бизден эмне чыгат дейсин коп болсо озубузду камсыздай алабыз чондор болсо бюджеттин акчасын жебей туура нерсеге акчаны коротсо жакшы болот деп ойлойм. Рахмат Айталина.
- 30 окт 2016 20:57Б Kар бир адамдын озунон жаман дей берсек жаман болотта
- 30 окт 2016 20:59Б Kал мындай ал тигиндей деп журуп эмнеге жетет экенбиз билбеейм
- Б KКомментарий удалён.
- Б KКомментарий удалён.
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
Alysh Plus
Жөнөкөй кыргыз кызынын Президент Алмазбек Атамбаевге Кайрылуусу.
Жылдыз Абдишахап кызы
Урматтуу президент!
Биз, Кыргызстан деги качан өнүгөбүз!? Качан биз жакшы президентке жарыйбыз? Президенттике келип Кыргыз эли үчүн эмне жумуштарды аткардыныз ?
Кыргыз эли баспаган, жумуш издеп качпаган жер калдыбы деги? Миллиондогон акчаларды коротуп ипподром куруп , көчмөндөр оюнун өткөргөнчө, хан сарайларды салганча ошол акчага завод, фабрикаларды курсаңыз биздин кырчындай жаштарыбыз чет өлкөгө качпай өз мекенинде иштеп калат эле го, тирүүлөй өрттөнүп бөтөн эл , бөтөн жерде өмүрлөрү кыйылбайт эле го! Бул өзөктү өрттөгөн, 17 адамдын өмүрүн алган Россиядагы кырсык канчалаган кыргыздын көзүн ачты!
Чындыгында бизге татыктуу президент боло алдыңызбы?
Өз өлкөбүздө алган маянабыз тамак ашка жетпей, чет өлкөгө жумуш издеп агылып кете беребизби же?
Биз кайсы арыбызга эгемендүүлүктү майрамдайбыз !?
Эгемендүүлүктү алып биз эмнеге жетиштик !?
Өлкөдөгү жумушсуздук, белчесинен коррупцияга баткан госоргандар, сапатсыз ВУЗдар, тамтыгы чыккан жолдор, чаңы сапырылган жаңы конуштар, жанга баткан кедейчилик, балдарын жетелеген кыргыз тилемчи аялдар ! Мунун баарына ким күнөөлүү?
Жоопкерчилиги жок, өзүнүн жеке кызыкчылыгын ойлогон президентпи же кыргыз эли өзү күнөөлүүбү? Ким?
Өзүңүздү тарыхта калтыргыңыз келип көчмөндөр оюнун ойлоп таптыңыз ! Тарыхта калгыңыз келеби Алмазбек Атамбаевич? Завод, фабрика куруңуз! Сапаттуу жолдорду , көпүрөлөрдү, мектептерди салыңыз. Өз элиңизди жумуш менен камсыз кылыңыз , ооруканаларды тургузуңуз. Чет өлкөлөргө агылып чыгып бараткан элдерди жумуш менен камсыз кылыңыз! Мына сизге тарыхта калуунун жолу ! Мына соопчулука жетүүнүн жолдору! Акча , бийлик, мансап бардыгы сиздин колуңузда турат ! Калганын бир гана сиздин ыйманыңызга коебуз!!! Али да болсо кеч эмес!!! Сизден кыргыз элине татыктуу жашоо, кең келечек түзүп берет деп үмүтү үзүлбөгөн КРнын жараны
Жылдыз Абдишахап кызы.