Күлгүн жаштык билбейм кандай аталат?

Күчтүү болчум, күтпөс тагдыр чечимин.
Дүйнө мага карыз өңдүү махабат ,
Дүңгүрөтүп жашап өтсөм дечүмүн.
Кайыл болуп жаштыгыма жоготкон,
Кайра эле мен жомокторго ишенем.
Арзуу издеп, ай жылдарын короткон,
Азабы көп, алабарман киши элем.
Улам бир күн үмүт болуп жанчудай,
Узун түндө бүтпөйт санаам, толгонуум,
Сүрдөтүп бир жарк деп чыга калчудай,
Сүйүү издеп бүгүн дале жолдомун.
Улутуна бүтөр бир күн сапарым,
Учуру өтсө, жалындаган өрт өчөт.
Мен сүйүүнү ыйык көрүп жашаарым,
Мезгил өзү, ошол кезде көрсөтөт.

Күлгүн жаштык билбейм кандай аталат? - 937580477853

Комментарии