Бул катты көпкө ойлонуп жазып,көңүлүмдүн түпкүрүндөгү өзгөчө жылуулук менен жолдоп олтурам сага. Калемимди колго алган учурдан тартып, сенин мектепти көздөй келе жатканын, класска кирип келгениң, сабак өтүп жатканда ынтаа коюп карап олтурганың, айтор баары көз алдымдан тизмектелип өтүп жатты. Ооба, кээде сенин кичинекей аруу жүрөгүңдө да бир өзгөрүүлөр болгонун кантип байкабай коёюн. Балким , үй - бүлөдө, а мүмкүн теңтуштарыдын арасында пикир келишпей калган учурлар болот чыгаар, же окуу оор сезилиши ыктымал. Билип кой, сенин азыркы күндөгү максатың- билим алуу. Талыкпаган эмгек, алга карай умтулуу менен гана ийгиликке жетесиң. Билим гана сени керемет ааламга жетелейт, билим гана кооз дүйнөнүн эшигин ачат сага! Андыктан мектептеги ар бир күндү өзүң үчүн пайдалан. Ар бир күндү жаңы бир күн катары кабылда, жаңылык жаратканга аракет кыл. Азыр 21- кылым! Дүйнө укмуштуудай өнүгүп жатат, алардын катарынан Кыргызстан артта калбаш үчүн, сен окушуң керек, кымбаттуу окуучум! Албетте, ийгиликтин жолу татаал. Ар бир жетишкендик сөзсүз кыйынчылыктар менен коштолот. Токтоп калбаш керек, сен жаңылган жерден жаңы багыт ачылышы мүмкүн экенин эстен чыгарба! Мен сага ишенем, окуучум! Анткени сенде, али дүйнөнү таптаза кабыл алган жүрөгүңдө келечекке карай ташталган ишенимдүү кадам бар. Сен өзгөчөсүң, кайталангыссың, өзүңө гана таандык өзгөчө талант ээсисисиң! Мезгил өтөт, ошол кезде мээнетинин аркасынан, жашоодо ордун тапкан, кийинки келечекке тажрыйбасынан бөлүшүп, жол көрсөткөн адам болгонуңду көргүм келет, окуучум. Ошондо да бир ирээт оку мен жазган катты. Жылмаясың, бала кезиң эске түшөт. Ошол ийгиликтүү күндөрүңө чейин жолун ачык болсун! Мугалимиң!
Акбар Жанышбеков
Саламатсыңбы, сүйүктүү окуучум!
Бул катты көпкө ойлонуп жазып,көңүлүмдүн түпкүрүндөгү өзгөчө жылуулук менен жолдоп олтурам сага. Калемимди колго алган учурдан тартып, сенин мектепти көздөй келе жатканын, класска кирип келгениң, сабак өтүп жатканда ынтаа коюп карап олтурганың, айтор баары көз алдымдан тизмектелип өтүп жатты.
Ооба, кээде сенин кичинекей аруу жүрөгүңдө да бир өзгөрүүлөр болгонун кантип байкабай коёюн. Балким , үй - бүлөдө, а мүмкүн теңтуштарыдын арасында пикир келишпей калган учурлар болот чыгаар, же окуу оор сезилиши ыктымал.
Билип кой, сенин азыркы күндөгү максатың- билим алуу.
Талыкпаган эмгек, алга карай умтулуу менен гана ийгиликке жетесиң.
Билим гана сени керемет ааламга жетелейт, билим гана кооз дүйнөнүн эшигин ачат сага!
Андыктан мектептеги ар бир күндү өзүң үчүн пайдалан. Ар бир күндү жаңы бир күн катары кабылда, жаңылык жаратканга аракет кыл. Азыр 21- кылым! Дүйнө укмуштуудай өнүгүп жатат, алардын катарынан Кыргызстан артта калбаш үчүн, сен окушуң керек, кымбаттуу окуучум!
Албетте, ийгиликтин жолу татаал. Ар бир жетишкендик сөзсүз кыйынчылыктар менен коштолот.
Токтоп калбаш керек, сен жаңылган жерден жаңы багыт ачылышы мүмкүн экенин эстен чыгарба!
Мен сага ишенем, окуучум!
Анткени сенде, али дүйнөнү таптаза кабыл алган жүрөгүңдө келечекке карай ташталган ишенимдүү кадам бар. Сен өзгөчөсүң, кайталангыссың, өзүңө гана таандык өзгөчө талант ээсисисиң!
Мезгил өтөт, ошол кезде мээнетинин аркасынан, жашоодо ордун тапкан, кийинки келечекке тажрыйбасынан бөлүшүп, жол көрсөткөн адам болгонуңду көргүм келет, окуучум.
Ошондо да бир ирээт оку мен жазган катты.
Жылмаясың, бала кезиң эске түшөт.
Ошол ийгиликтүү күндөрүңө чейин жолун ачык болсун!
Мугалимиң!