Кумтөр казылып баштаганда эч кандай каршылык болгон эмес.

Жыйынтыгында Кумтөрдүн алтыны чет жактан келгендер менен бийлик башындагылардын ортосунда таланып-тонолуп жокко эсе болуп калды. Экологияга, мөңгүлөргө оорду толгус зыян келтирилди. Жоопко эч ким тартылган жок. Жерүйдүн иштешине каршы далилдүү себептерди айтып абдан эле каршы турдук. Таластын элинин көпчүлүгү каршылыгын билдирсе дагы болбой мына эми президентибиз баш болуп кийинки жылы иштейт деп жатышат. Жерүй иштей баштаганда Кумтөрдөгүдөй болуп, экологияга, мөңгүлөргө, айлана-чөйрөгө, малга эң негизгиси ошол өрөөндө жашаган адамдарга зыяны тийип калса ким жооп берет? Менин жеке пикиримде "Ошондой зыян эч качан келбейт, келсе мен керт башым менен жооп берем"- деген бир мамлекеттик атка минээр болуш керек. Ошонун бири Д.Зилалиев болуш керек деп ойлоймун. Дагы бир жолу айтышка туура келип жатат, Жерүйдүн 100 тоннага жакын алтыны жана башка баалуу табылгалар болгону 100 миллион долларга эле сатылды. Өндүрүлгөн байлыктан мынча проценти Кыргызстандыкы деп айта албайбыз. Кичине ойлонуп көргүлөчү туугандар, эмне себептен, ишке кире элете эле азыртадан элге Жерүйдүн акчасы деп кредит берилип жатат? Жрүйдөн пайда таппай эле бекер акча таратылып жатат, кайдан? Байкуш элим алданып жатканын билбей, кай бирлери билип туруп деле, кызматына, акчага сатылып жан талашып кредит алууда. Жүрүйдүн кенинин пайдасын эл, Кыргызстан көрбөсү анык болуп калды. Эми Кудайдан эч кандай зыяны жок болуп калса деп тилеймин.

Комментарии

  • 19 янв 2017 18:28
    Туура  айтасын  мен  якутияда  болгом  элдин  созун
  • 19 янв 2017 18:41
    ат  ал  жак  суук  жаман  эле  ыссыкта  кудай   сактасын  элди
  • 19 янв 2017 19:49
    Булардагы элди  ойлошот
  • 10 фев 2017 22:02
    Эл биримдикте болушу зарыл
  • 26 июл 2017 20:22
    Таластыктар жекруйду 1986 жылдан бери эле ачалбай келе жатышат. Аны ача да албайт, баркына да же теалышпайт. Мен билгенден ушул кунго чейин окмот чонтогунонкаржыланып келе жатат экен. Алган жагынан башка аймактардан алдыда деп уккан элем., бере келгенде ме сага деп, корсотчу жерин корсотуп келе жатышат. Кыргыз эли ЖЕРУЙСУЗ эле оокаты отуп келген, дагы да ото бермекчи. Андан тышкары байлыктар толо коп. Мисалы: ЧОНСАРЫЧУЙ таластан оноо болсо да батырат да бага да алат. Айланар жок калды. Жеруй ачылвт андан радиация чыгат. Ылдамыраак келип чуйдон орун алгыла....