4 июн 2017

Апа

Денемдесиң каны болуп тамырдын,
Дилимдесиң шаңы болуп жаңы ырдын.
Алыс жерде жүрөктү эзип кусалык,
Апа, сени ушунчалык сагындым.
Балалыктын кайып болуп карааны,
Алды жакта турат турмуш даваны.
Бүт өмүргө кубат экен ойлосом,
Ак сүтүңдүн касиетүү даамы.
Караан-жүзүң күндөн дагы жылуу мага,
Кандай бакыт үнүңдү угуу гана . Алтымыш миң ааламды жарык кылат.
"АПА" деген атаңдын нуру гана.
Нуржигит Кадырбеков
АПАКЕБАЙ жөн эле карааныңды сагындым...

Комментарии

  • 2 мар 2019 10:33
  • 4 мар 2019 10:55
    Колдон келбейт экен чиркин олбос кылып койбойт белем маманды алтындарым кейибегилечи жалгызымдан калган медерлерим силерге бакыт ден соолук каалайм
  • 4 мар 2019 16:36
    Омурлуу бактылуу ыймандуу болгула