БИСМИЛЛААХИР РОХМААНИР РОХИИМ

=ТАУХИД ТУУРАЛУУ=
6 Уландысы...
Андан башка илах (сыйынууга татыктуу зат) жок. Бул Алла Тааладан башка бардык сыйынылуучу нерселерди жокко чыгаруу. Себеби, "илах" созунун лексикалык мааниси - сыйынылуучу нерсе. Курайштын каапырлары Жаратуучу Жалгыз Алла экендинин билген абалда, балбалдарга (идол, айкелдерге) сыйынышкан жана ..."бизди Аллага жакындатуулары учун аларга (айкелдерге) сыйынабыз",- дешкен. (Имам Тахавийнин) 'Андан башка илах жок" деген созу "Анын шериги жок" деген созунон башка маанини берет. Ошондуктан, бул кайталоо деп эсептелбейт. (Абу Хафс Ал-Газнавий).
Алар [Имам Тахавий жана ал бул китепти жазууда алардын создоруно таянган аалымдар] Алла Тааланын:
"Сенден мурун жиберилген элчилерибизден: Алладан башка сыйына турган Кудайларды жасаган-жасабагандыгыбыз тууралуу сура (б.а, Биз муну кылган жокпуз) (Зухруф суросу, 45-аят) деген созуно ылайык, Алла Таала Озу жараткан нерселердин ичинен, пенделери ага сыйынуучулары учун башка кудай дайындабагандыгын билдируу учун "Алладан башка илах жок",- деп айтышты (Хибатуллах ат-Туркистаний).
Алла Тааланын сыпаттары жан анын кемчиликтерден аруулугу тууралуу
Эзелки, башталышы жок. Туболуктуу бутоору (аягы) жок. Ал олбойт жана жок болбойт. Анын гана каалаганы болот. Аны элестетуулор менен билип болбойт жана ой-кыял Аны тушуно албайт. Жандууларга окшобойт. Тируу, олбойт. Баарын оз ордуларына жайгаштырып, башкарып туруучу (Каййум). Ал эч качан уктабайт. Муктаждыксыз Жаратуучу. Кыйналбастан ырыскы беруучу. Коркпостон жан алуучу. Кыйынчылыксыз эле кайра тирилтуучу.
ТУШУНДУРМО:
Эзелки, башталышы жок. Эгер Ал мурда жок болуп, кийин пайда болсо, анда Ал, Анын пайда кылуучуга муктаж болмок. Ошентип, уланып кете берет, же бул нерсе башталышы жок, байыркыга келип токтойт. Уланып кете беруусу мумкун эмес, ошондуктан башталышы жок эзелкиге келип токтошу анык болду.
Имам Тахавий "эзелки" деген созду "башталышы жок" деген менен бекемдеди. Анткени, "эзелки" деген создун тилдеги мааниси коп убакыт откон дегенди билдирет. Замахшарий Алла Тааланын:
Деген созун тафсир кылып жатып минтип айткан: "Эзелки (кадийм) - жылдар, кылымдар бою турган нерсе. Эзелки деп сыпатталуунун эн аз мооноту бир жыл. Ушундан улам, адатта бул имарат эзелки (илгерки), бул абышка эзелки (илгерки) деп айтылат". Алла Таала жонундо айтылган создо бул маани максат кылынбайт. Анын сыпаты жонундо айтылган "эзелки" деген создогу максат-Анын бар болуусунун башталышы жок деген мааниде. Ошентип, муну менен (башталышы жок деген соз менен) лексикалык жана адаттагы маанисинен сактануу иретинде созун бекемдеди. (Абу Хафс ал-Газнавий).
📗"ТАХАВИЯ АКЫЙДАСЫ" китебинен.
🌿ЫЙМАН НУРУ

Комментарии

Комментариев нет.