ТҮШҮНБӨДҮМ

Караңгы дүйнө менде,
Өчүң барбы?
Көлөкө түшүрөсүң тагдырыма.
Алдың го,дагы эмнени алам дейсиң,
Алганга дагы кандай,
Өчүң калды?
Мейли мен көнө берем,
Ойрон кылгын.
Ансыз да көрөөр күнүм чектелүүдө,
Талкала!Баарын сындыр,кайып кылып.
Чараасыз пендемин да,
Эч нерсе келбей турат.
Колдон бүгүн.
Жок кылып балалыкты,
Кетти күнүм,
Айылдын ичпей калдым тунук суусун.
Чаңына аралашпай шамалыңдын,
Сагынып таттуулугун балалыктын.
Жоктодум жоктоп турам,
Эски күнүм..
Турмуштан кетирбеген,
Ката тердим.
Суюлуп армандарым агылып миң,
Элесин билбей туруп,
Бир жанды сагыныпмып.
Арманым батпай улам,
Элесин билбей өстүм.
Атакемдин.
Бул менен ырларымды,
Бүтүрбөдүм.
Эмнеге санаа тартам буулугамын,
Оюмду топтой албай.
Чачырап ар тарапка,
Эмнеге кыйналамын.
ТҮШҮНБӨДҮМ..
Бозоруп куурабастан,
Өмүрдү муңду кылбай.
Өзүмдү керек окшойт,
Түшүнгөнүм..

ТҮШҮНБӨДҮМ  - 879150290522

Комментарии