18 янв

ЭСТЕГЕНДЕ КЭЭДЕ ТУРУП ОЙЛОНОМ.

Кыздар элек куурчак жасап ойногон,
Эртели кеч оюнга эч тойбогон.
Убакыттын өткөнүнө кайгырып,
Эстегенде кээде туруп ойлоном.
Жыл алмашып өзгөрүлдү заманам,
Азыр барбы байпак тепчип жамаган.
Ошол жылдар жомок сымал сезилет,
Күндөр сызып өттү мезгил арадан.
Ысык нандын жыты турчу буркурап,
Көчө толо бала ойночу чуркурап.
Азыр анын бири дагы калбаптыр,
Үйдө олтурат телефонун чукулап.
Суу чачышып ойночу эле жеңелер,
Ийик ийрип байпак токуп энелер.
Балдарына акыл айтып ар дайым,
Ак сакалдар сөзмөр эле кеменгер .
Мектептерге шашчу элек агылып,
Кызыл жагоо мойнубузга тагынып,
Эске салып өткөн ошол мезгилди,
Эңсеп турам ошол жылды сагынып.
АБДИЕВА ЭЛЗАТ ЫСЫК-КӨЛ ОБЛАСТЬ
17.01.25 жыл

Комментарии