Бороондоп карды учурган, Бетиңди суукка бышырган. Канчалык наалып кетсең да, Керемет тура "кыш" урган. Билели мунун кутун да, Бар кезин анан "жутун" да. Көңүлдү көккө учурчу, Керемет жашайт кышында. Жаш кары баары жылмаят, Жаш балдар тепсе жылгаяк. Жаштыкты эстеп кетем го, Жалжылдап мен да бир карап. Жаштардын чыгат күлкүсү, Жылгаяктын көп сүр, күчү. Мен дагы болгом бир кезде, Муз тепкендердин "бүркүтү". Жүрчүбүз дөңдө ызылдап, Жыйырмадай бала чуулдап. "Поюздай" болуп кетчү элек, Ылдыйды көздөй зуулдап. Кайрылдым карап, өткөнгө, Кайрылбай кеткен көктөмгө. Чиркешип баары артымдан, "Паровоз" болгом көп жерде. Олтуруп көлдүн четине, Ойлорго баттым чечиле. Улутунуп койдум бир саамга, Өткөн кез түшүп эсиме!!! *МАЛИК НАЗАРМАТОВ*!!!
Малик Назарматов
*КЫШ*
Бороондоп карды учурган,
Бетиңди суукка бышырган.
Канчалык наалып кетсең да,
Керемет тура "кыш" урган.
Билели мунун кутун да,
Бар кезин анан "жутун" да.
Көңүлдү көккө учурчу,
Керемет жашайт кышында.
Жаш кары баары жылмаят,
Жаш балдар тепсе жылгаяк.
Жаштыкты эстеп кетем го,
Жалжылдап мен да бир карап.
Жаштардын чыгат күлкүсү,
Жылгаяктын көп сүр, күчү.
Мен дагы болгом бир кезде,
Муз тепкендердин "бүркүтү".
Жүрчүбүз дөңдө ызылдап,
Жыйырмадай бала чуулдап.
"Поюздай" болуп кетчү элек,
Ылдыйды көздөй зуулдап.
Кайрылдым карап, өткөнгө,
Кайрылбай кеткен көктөмгө.
Чиркешип баары артымдан,
"Паровоз" болгом көп жерде.
Олтуруп көлдүн четине,
Ойлорго баттым чечиле.
Улутунуп койдум бир саамга,
Өткөн кез түшүп эсиме!!!
*МАЛИК НАЗАРМАТОВ*!!!