Өкчөлүп ооздон бүркүмдөр, Өтүүдө зуулдап күн-түндөр. Өксөтпөй жүрсүн эч кимди, Өмүрдө болгон сүртүмдөр. Бактылуу жашай берели, Байланмак беле бул күндөр. Кечее күн калды арт жакта, Кээде гүл, кээде таштакта. Алгалоо милдет өмүрдө, Алсырап калып жатсак да. Амандык болсо жетээрбиз, Алдыга койгон максатка. Күн мурун болжо мерчемди, Кашыбай туруп желкеңди. Дел болбо келсе бир сыноо, Душманга жайып көрпөңдү. Жараткан зат да мээримдүү, Жакшы күн кылсын эртеңди. Жашоодо жанган биликпиз, Тагдырга кээде ийикпиз. Кыйын күн түшсө баш ийбей, Өмүрдү сүрүп күйүтсүз, Жашайлы жакшы үмүттө, Бир шайтан гана үмүтсүз!!! *МАЛИК НАЗАРМАТОВ*!
Малик Назарматов
*ШАЙТАН ГАНА ҮМҮТСҮЗ*
Өкчөлүп ооздон бүркүмдөр,
Өтүүдө зуулдап күн-түндөр.
Өксөтпөй жүрсүн эч кимди,
Өмүрдө болгон сүртүмдөр.
Бактылуу жашай берели,
Байланмак беле бул күндөр.
Кечее күн калды арт жакта,
Кээде гүл, кээде таштакта.
Алгалоо милдет өмүрдө,
Алсырап калып жатсак да.
Амандык болсо жетээрбиз,
Алдыга койгон максатка.
Күн мурун болжо мерчемди,
Кашыбай туруп желкеңди.
Дел болбо келсе бир сыноо,
Душманга жайып көрпөңдү.
Жараткан зат да мээримдүү,
Жакшы күн кылсын эртеңди.
Жашоодо жанган биликпиз,
Тагдырга кээде ийикпиз.
Кыйын күн түшсө баш ийбей,
Өмүрдү сүрүп күйүтсүз,
Жашайлы жакшы үмүттө,
Бир шайтан гана үмүтсүз!!!
*МАЛИК НАЗАРМАТОВ*!