<<<<<ЫРЛАР МЕНЕН>>>>>

<<<<<ЫРЛАР МЕНЕН>>>>> - 880831514471

Ырларыма далай нерсе батырдым,
Ырлар менен сүйүүгө да баш урдум.
Ал сүйүүнүн жаман жагын көрсөм да,
Сүйгөн үчүн кечирдим да жашырдым.

Ооба сүйөм сүйгөндүгүм анык, чын,
Көп адамдар жамандады айтып сын.
Кулак салып ушак кепти укпастан,
Кете бердим изин кууп бакыттын.

Мына ушундай биздин сүйүү топтому,
Баракталды бакытыбыз "ОШТОГУ"
Биз экөөбүз эгиз жүрөк болгон соң,
Күндөрүбүз ырлар менен коштолуу.

Ааламыбыз аруу дүйнө болгон соң,
Айланабыз ырлар менен коштолуу.

Бегимай Акматова

27.07.2019

Комментарии