Турмуштун түйшүгүнө толуп санаам,

Өмүрдүн өрүн көздөй жылып барам.
Күйүткө салып тууган дос тамырды,
Күн бүтсө оо дүйнөгө сапар алам.
Айта албайт эч ким анда сагынганын,
А балким көнүл калып таарынганын.
Үй бүлөөм, жыйнаганым баары калып,
Жапжалгыз боз топурак жамынамын.
Ээх чиркин анткен менен өмүр таттуу,
Аргасын изденемин жокко бардын,
Чачка ак бетке бырыш түшсө дагы,
Күн сайын келет кайра жаңылангым.
Автору:М.К.Бегимкулов.

Комментарии