25 сен 2017

"Ар дайым жанындамын"

1-болум
автор: "berdibekov"
Биздин кундор.
Жаздын куну, айлана жаныдан корку чыгып
кун ачылып мемиреп жылуулук орноп калган,
Аслан: Мына досум, олбогон жанга жаз келет болуп жазды да коруп турабыз,
(Аслан ото ишенчеек сезимтал жигит, бир аз алсыз десек да болот, коп нерсени туз эле журогу менен кабыл алып, кееде журогу менен кубанса кееде журогу менен кайгырат,
мунун себеби, балким ата-эне бир тууган эмне экенин билбей "балдар уйундо осуп калгандыктан,
Жанындагы досу Максат, экоо коптон бери дос болуп келишет,
Максаттын ата энеси жана озунон 3 жашка кичуу Сейтек денен иниси бар,
Ошондой болсо да Максат озун бактылуу сезе бербейт, суйуунун соккусун жеп бир аз оор муноз болуп калган, "менин журогумдун ордунда тонгон муз бар, ал эч качан ээрибейт" деп коп айтат.)
Аслан: Качары досум, айлананы, жазды суйуунун мезгили деп койушат го, жаз келип гулдор ачылып суйуулор ойгонуп турган мезгил да э?
Максат: Иий эй, койчу жомоктоду айтпай, балким чын эле суйуунун мезгилидир, бирок, мен учун эмес.,
бул жерде эч кимдин куноосу жок,
бирок мен суйууну каалабайм Аслан,
жек кором.
Аслан: Койсончу досум, бул эмне дегенин?
суйуусуз кантип жашоо болсун?
дуйнону суйуу сактап турат билсен.
Максат: Болот досум, мен жашап журом го,
суйуу дуйнону музга айлантып жок кылат,
айтайын дегеним, суйуусуз жашоо оор сезилиши мумкун, бирок.., суйуу менен андан да оор, мен жакшы билем..
Албетте, ар бир адамдын жашоосу ар кандай да, кимдир бироолор суйуунун азабын тартып келип, ал жуйуу жек корууго айланышы мумкун, а дагы бирлери жашоодо озун жалгыз сезип, жанында бироо жандап журуусун каалап суйуу кутуп убара,.
Тан эрте уйкудан ойгонгон Аслан ойлонуп копко жатты,
"Бул эмне деген сезим? озумду ушунчалык жалгыз сезип калдым, бирок, ансыз да жалгызмын да, Максаттыкындай ата-энем, бир тууганым жок, тандырым неге мындай жазылган, бирок, мага окшогон томолой жетимдер абдан коп, жалгыз эле менин тагдырым мындай эмес го,
эн азы жакын досум бар, Максат болбосо анда таптакыр жалгыздыка чогуп кетеер белем,
уфф, болду эми Аслан, тур жумушка жоно, Максат эчаак барса керек"
Аслан акыркы кундордо ушундай ойлор, ушундай сезимдер менен жашап калды, кееде озу менен башка адамдай болуп суйлошуп койууну адат кылып алган.
Жука кара курткасын колуна кармап сыртка чыкты, адаттагыдай эле кошуна орус кемпирди коруп бай ийип учурашып койду да, бироону издегенсип эки жагын каранып калды,
Аслан: Аа, сен бул жердесинби Ак тош, салам, мен жумушка кетип жатам, сен айлананы жакшы кайтар макулбу?
коп тентек кылба, кичинекей кыздар отсо тиштеп алба.
Кошуна орус кемпирдин ити эле, Аслан ага ак тош деп ат койуп алган ит болсо да тушунгонсуп Асланды карап турду да, кетеерде коштошконсуп "гав гав" деп уруп койду,
Айалдамага келип автобуз кутуп туруп калды, ангыча автобуз да келип эшик ачылды, Аслан кирип жаны жылып баратканда терезеден кимдир бироо кол булгалап чуркап келе жатканын коруп айдоочуга кыйкырып калды,
Аслан: Байке, токтой турунуз, сыртта дагы бир адам келе жатат.
Айиике чуркап келип автобузка жетишкенине суйунуп, Асланды бир карап "рахмат" дегенсип жылмайып койду,
(Айиике сулуулугу жанда жок, коргон адамды суктандырган сулуу, жылдыздуу кыз, бирок, "суусардын болбой туногу, сулуунун болбойт журогу" дегендей, копчулукту тенине албай бир аз бой которуп койчу адаты бар).
Аслан адаттагыдай эле автобуздун ичиндеги адамдардын баарын айлан бир карап алды, баары козго конгон бей тааныш адамдар, жада калса ким кайсы айалдамаданн тушуп калаарын, ким кайсы жерде иштеерин да билип калган,
Айиике Асланга чоочун корунду, анткени бул кунго чейин аны эч коргон эмес эле,
Айиикенин ар бир кыймыл аракети, дем алуусу, жада калса коз ирмеми да Асланга даана сезилип, суктандырып турду,
Айиикеден козун албай тиктеп, бирок Айиике Аслан тарапты карай калса, кайра коздорун ала качып, денеси титиреп майда калтырак басып кетет,
"о кудай, мен эмне болуп жатам, козумо тике карап жиберсе озумду жоготуп жыгылчуудай болуп турам го, же?
суйуу деген нерсе ушулбу?" деп ойлонуп алды.
Аслан жумушуна жеткенде Максат иштеп аткан эле,
Аслан: Иш илгери досум, качан келдин эле?
Максат: Алладан болсун, кош келдин досум, менин келгениме 2 саат болду,
Аслан: Билесин да досум, сен сыяктуу шаар ичинде жашасам мен деле 2 саат мурун келмекмин,
Максат: Уйундон жумушка 2 саат, кайра жумуштан уйуно 2 саат, бир кунундун 4 сааттык убактысы жолдо журуп эле отуп кетет, шаар ичинен батирге чык десем болбойсун, же мени менен жашай бер десем болбойсун.
Аслан: Билем, бирок мен ал жака конуп алгам, эч кетким келбейт, ал жерде мага абдан жакшы, озумду эркин сезем, ал жакта ак тош бар, орус чон апам бар, дагы., ...
бир периште пайда болду, Кызык, ал да мен жака жакын жашайт болду бекен, кундо эртеменен ал менен автобузка чогуу тушкон кандай бакыт.
Максат: Анын ким? периште деп тим эле.?
Аслан: Балким кечкисин да бир автобузка тушуп калабыз.
Максат: Эй алёё, ылдыйга туш, ото эле бийик учуп кеттин,
Аслан: Жок досум, ылдыйга тушууну каалабайм, дагы дагы бийик учкум келет.
Максат: Албетте, бийиктик жакшы дечи, бирок ошол бийиктиктен канатын кайрылып ылдый кулап тушконундо, баардыгы талкаланат, конул, ишенич, умут.,
баардыгы чачырап жок болгондо, анан меникиндей болуп журогундун ордунда тонгон муз пайда болот..
Аслан Максаттын айткан создорун угуп бир аз маанайы тушуп калды, "оба, мен жада калса ал ким экенин да билбейм, балким жигити бар, суйгону бар болсочу, балким мени тоготпойт, суйуумду кабыл албасачы.,
а балким тескеринен, ал мен учун жаралган периште, коптон бери мени кутуп, анан чыдабай мени издеп келгендир" деп ойлонуп жылмайып алды.
Максат: Болду эми, озунчо эле бактылуу боло бербей, суйуу-пуйуу болбогон бир жомок, андан коро ишибизди бутуролу, жаны заказ алдым, "ашкана гарнитуру" жана торт метр олчомундо "жумшак эмерек" компютерди иштетип койгом, сен интернеттен жаны дизайндарды кара, мен материал алып келем.
Кундор билинбей отуп жатты, Асландын ойу туура чыгып ар куну эртеменен Айиикени айалдамадан корчу болду,
бирок канча аракет кылса да, батынып соз суйлой албайт.
Буга чейин эртеменен козун ачканда ойлонуп жарым саат жатуу адаты болсо, азыз шашып туруп, кийимдерин тандап кийип, кузгунун алдында да бир аз убакыт убара болуу адатка айланды.
Эмнегедир бул куну уктай албай убара, ойуна ар кандай нерселер келип озунчо бушайман, алыстан апасын куткон жаш баладай болуп тан атышын чыдамсыздык менен кутуп жатты, "Озуно ишен Аслан, эн маанилуусу ишенич, баары жакшы болот, коросун го, коркпой эле салам деп айт, ал сени жеп алмак беле,? анан атын сурап таанышып алсан калганын убакыт озу коргозот" озу менен озу суйлошуп жатып уктап кетти, козун ачканда тан атып калыптыр, жуунуп тазаланып алып ак койногун кийип кузгунун алдына келип туруп калды, "Кудай ай, коркпой эле кой, бир кыз менен таанышуу да ушунча оорбу? бирок, ал жонокой кыз эмес да? Аслан? кайра баштадынбы? бир аз эрктуу болсон, баары жакшы болот".
Аслан сыртка чыкканда ададтагыдай эле орус кемпир отурган эле, башын ийип учурашып алды, ангыча куйругун шыйпандатып ак тош да жанына келип эркелеп калды, Аслан отура калып ак тошту кучактап башын сылап адам менен суйлошуп жаткандай суйлоп жатты.
Аслан: Салам ак тош, билесиби? мен бугун периште менен таанышам, буйруса., мага ийгилик каалап кой, анын сулуулугуна туруштук бере албай калтырап кулап калбайын.
Аслвн айалдамага келгенде Айиике ошол жерде эле, артка кетенчиктеп колдорун чонтогуно салып, кайра алып чыга калып, эч ким жокпу дегенсип эки жанын карап койуп Айиикенин жанына келип туруп калды,
Аслан: Салам,- деп кекечтенип аран суйлоп алып кайра ынгайсыз болуп кетти.
Айиике Асланды башынан бутуна чейин сыдыра карап, "салам" деп муздак кана жооп берип койду.
Аслан: Бугун автобуз кечикти го,
Айиике "кечикти" дегенсип саатын бир карап алды.
Аслан: Менин атым Аслан- деп озун тааныштырып колун сунуп каланда очошконсуп автобуз келип токтоп калды.
Автобузта баардыгы эле баягы бей тааныш адамдар, баары ошондой, болгону Аслан бир нерсеге тынчызданып жинденип жаткандай, "Керек болгондо кутсон келбеген автобузтун бугун жанталашып келе калганын карасан, жок дегенде атын билип калсам эмне, менде кандай очун бар эле байке"- деп ичинен суйлонуп айдоочу жакты жинденип карап алды.
"Мына, анын айалдамасына да учуп келгенсип жетип калдык, ал азыр бул жерден тушуп калат" - деп ойлонуп жатканда
Айиике Асландын жанынан отуп жатып
"Менин атым Айиике" деп Асланга шыбырап отту да,
айдоочуга "токтоп койунуз" деп кыйкырды, автобуз токтоп, эшик ачылды,
Айиике тушуп кетти, Аслан мындайды куткон эмес эле, озуно келе албай Айиикени артынан узатып карап кала берди,
Айиике артына кайрылып карап койгон жок, кете берди, автобуз до ордунан козголуп жолун улады.
"Ысымын да озгочо экен периште кыз, Айиике"...
(биринчи болумдун сону)
автор: "berdibekov"

Комментарии

Комментариев нет.