Комментарии
- 23 июн 2017 16:17Чын дос башына кыйын иш тушсо тикесинен тик турган адам ошону менен бирге сени менен кубанычыны да тен болушкон коро албастык кылбай.
- 26 июн 2017 12:03Чыныгы дос. Иманду Адам. Чын дуйного барганда Кылган Сооп Иштеринен болушо турган Адам деп билем.
- 2 июл 2017 02:50Ассалоому Алейкум Ва рахматулохи Ва баракатуху.Чыныгы Дос бул акретте жардам беруучу Дос бул чыныгы Дос болуп эсептелет.
- 12 окт 2017 20:14андай жакшы дос боло турган адамдар азыр жок десек деле жанылышпайбыз
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь

☝️☝️☝️ ☝️☝️☝️
"Чыныгы дос ким?
"... Чыныгы дос: Сага жолуккан кезде алгач салам берген адам.
Чыныгы дос: Сенин муктаждыктарыңды бүтүрүү үчүн жеген ашын жерге коюп чуркаган адам.
Чыныгы дос: Өзүнө жакшы көргөн нерсесин сага да ыраа көргөн адам.
Чыныгы дос: Сен келгенде ордунан туруп отургучунан орун берген адам.
Чыныгы дос: Сени маралдык же материалдык пайда үчүн эмес, Алла Тааланын ыраазылыгы үчүн жакшы көргөн адам.
Чыныгы дос: Кайгыда да кубанычта да, пайда да зыянда да, кененчиликте да кыйынчылыкта да, кедейчиликте да бардар заманда да сени менен бирге болгон адам.
Чыныгы дос: Сенин айыбыңды көргөн кезде насаатын айткан, айыбыңды башкаларга ашкере кылбай жаап-жашырган, жакшы жагыңды көргөн кезде колдоо көрсөтүп дем берип турган, жакшылык иштерде сенден жардамын аябаган адам.
Достун достугу жыргалчылыкта эмес, башыңа түйшүк түшкөндө билинет. Кээ бир достор бар, алар дарактын көлөкөсү сыяктуу болот. Күн чыкканда пайда болуп, асманды кара булут каптаганда жоголуп кетишет. Күндүн чыкканы колуңда бар, бай, мансабың бар кез. Кара булуттун каптаганы жокчулук, түйшүк, кыйынчылык кез...
Эгер жогоруда айтылган сапаттарга ээ болгон дос тапсаң, анын колун бекем карма. Анткени Алладан корккон такыба дос сенин бейишке киришиңе себеп болот.
🕌 ИСЛАМ диний медиа порталы