Комментарии
- 8 апр 2017 06:50Бул окуя Наарында болуп откон экен Наарын шаарынын каазысы айтып берген каазыга бала ушинтип казыны ыйлаткан экен Москвага келгенде айтып берген аны ал ата энеге омур бою дубаа кылсак да аздык кылат кимдин ата энеси болуп туруп алардын кызматын кылып ыраазылыгын ала албасан анда мен бейишими куруп алдым деп айтпай эле кой
- Комментарий удалён.
- 8 апр 2017 13:20


бул окуйаны окуп жатып айабаай боорум ооруду кооп деген ата энелер чет элде журушот каанча деген балдар кароосуз калды эне мееримине болонбой калды бала деген канндай кунду коруп жатты аны ата энеси таккыр билбейт ошол учун аар бир бала оз ата энеси болсо экен - 8 апр 2017 20:49Аллах ырыскы беруучу
Падышаны жаман деп Жан Берген Адам ыймансыз кетет .
Залым элге залым падыша,
Коомуна жараша имам,
Байлыкты сарандарга берем.дейт Аллах
Келгиле дуба кылалы.
Гайбат - 8 апр 2017 20:57Гайбат арам арам суйлоп дубабыз кабыл болбой жатат
Келгиле мекен учун Ата эне учун,бир туугандар учун достор учун эмне жумуш кылып, койдук?озубуздон сурап королу. - Комментарий удалён.
- 10 апр 2017 17:12Эл ишенген биздин азаматтар бириникин бири чукубай чогулуп Элдин камын ойлошсо жакшы болот эле.Минтип сиз айтып жаткандай жаш балдар ыйлабай бактылуу балалык омурун суроор эле.Бул сиз жолуктурган 1- эле аа канчасы дагы ушундай абалда?
- 23 апр 2017 22:47Ех арман десен саргайтпай аман есен алып бар оз жерибизге ага тууган бала чакага.
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь



А С
АТА-ЭНЕСИ УЧУН ДУБА
СУРАГАН ЖАШ БАЛА.
•••••••••••••••••••••••••••••••••••
Бир устаз айтып берген эле. Болгон окуя...
Бир күнү 4-5класста окуп калган бир бала мечитке кирди. Мурдунан суу куюлган, карегине жаш толуп турат. Тартынбай жакын келип "силер дуба кыласыңарбы?"-деп сурады. Ооба, кел келе кой кимге дуба кылуу керек эле - деп ичке киргиздим. Ата-энеме........ сөзүнүн аягы жок мукактанып сүйлөдү бала. Ата-энең кайда? Эмне болду эле? - дедим мен. Оор үшкүрүнүп алып, "ата-энем Москвада, аларды сагындым, көп болду көрө элегиме алардын ден-соолугу, иштери жакшы болуп тезирээк кайтып келүүлөрү үчүн дуба кылып бериңиздерчи ..." - жалооруй карады. Андан ары эч нерсе сурай алган жокмун, бир нерсе десем эле ыйлачудай болуп турду. Жаныма олтургузуп, Курандан узун-узун сүрөө окуй баштадым. Узун сүрөө бүткүчө тыпыйган алаканын жайып алып ыйлап олтурду. Көзүнөн аккан жашы жүзүн жууп жатты. Кичинекей баланын мындай үн чыгырбай көз жашын төккөнүн көргөн эмесмин. Акыры Куран бүткөндө жеңи менен жүзүн тазалап, сууланышкан кирпиктери менен күлүмсүрөп ордунан турду да - "атайын чогулттум эле, рахмат дубаңыздардын акысын алып коюңуздар, азырынча ушул эле болуп калды..." - деп чөнтөгүндөгү тыйындарды алып чыгып, быйтыйган колдору менен мага сунду... Ошол жерден кармана албай калдым... бекем кучактап балага көргөзбөй ыйлап жаттым... Ата-энемдин амандыгы үчүн акыркы жолу качан дуба кылдым эле???? Эстей албай жатам... жумуш, кызмат, ийгилик, акча, өзүм деп жүрүп... Туугандар!!! Келгилечи, ушундай наристелерибизди кусаландырбай, кара суу ичсек дагы алар менен кошо бактылуу күндөрдү өткөрүп, биздин келечегибизге туура Ислам тарбиясын берели!