8 дек 2016

#Шейх_Мухаммад_Садык_Мухаммад_Юсуф_сабактары:

#Мавлидге_каршы_пикирлерден_үзүндүлөр: №2
“Экинчи жаат:
“Мавлид Расулуллах саллаллоху алайхи васалламдын сүннөтү эмес, сахабалар менен алгачкы үч кылымда өткөн муундун жолу да эмес. Мавлид аталган кылымдардан кийин, төртүнчү кылымда, зиндик (еретик) фатимийлер тарабынан жана жетинчи кылымда Шамдагы Малик Музаффар тарабынан бидъат сыпатында түзүлгөн”. (*Бул кеп мавлидге каршы адамдардын кеби)
Кийин Али Махфуз деген адамдан алдынкыга окшош текст риваят кылынат. Бул текстте мавлиддер алты даана – мавлидун-Набий, мавлиди Али, мавлиди Фатима, мавлиди Хасан, мавлиди Хусайн жана мавлиди халифа экендиги айтылат.
Пикир:
Бул бөлүмдө да бизге такыр бейтааныш кептер айтылууда. Качандыр, кимдир ушул айтылган иштерди кылуусу мүмкүн. Бирок муну көпчүлүккө жалпылаштырууга кимдин акысы бар?(уландысы бар).
Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф рахимахуллах.
"Ихтилафтар себептер чечимдер" китебинен.

#Шейх_Мухаммад_Садык_Мухаммад_Юсуф_сабактары: - 849457654239

Комментарии