АЛ БИР

Сен ишенсең күн-айга,
Мен ишенем Кудайга.
Билсең күндүн, айдын да,
Жаратканы Кудай да!
Нур сээп, сылап жүзүңдөн,
Кечирген да, түшүнгөн.
Жаратканды сүйгөндү,
Үйрөнөлү бүгүнтөн!
Кылым, жылдар, күн өтсүн,
Суусу болгон мүрөктүн,
Ыйман деген ар убак,
Жашарткычы жүрөктүн.
Тобо кылып күндө мен,
Таштак жолдо түйшөлөм.
Өтсө гана адамзат,
Күнөө кылбай дүйнөдөн.
Өмүр дайра шар аккан,
Өкүнүч да, шаң аккан.
Бүгүн барбыз, эртен жок…
Мунун баары Аллахтан!
Сен ишенсең күн-айга,
Мен ишенем Кудайга.
Билсең күндүн, айдын да,
Жаратканы Кудай да!
АКБАР КУБАНЫЧБЕКОВ

Комментарии

Комментариев нет.