22 ноя 2023
Бүгүн абдан жакшы сүйүнчү айтышты!
Кыргызпатенттин жана ондогон калыстар тобунун тандоосу менен “Романтика” китебим “Жылдын мыкты поэзиясы” деп табылыптыр! Бул мен үчүн абдан чоң кубаныч! Ушу жерде колдоп-коштоп, сүрөп, дем берип, камчылап келе жаткан окурман журтчулугуна, тактап айтканда менин чыгармачылыгыма тилектеш, жүрөктөш болуп келе жаткан жалпыңыздарга чексиз ыраазычылыгымды билдирем! Кыргызпатенттин (Интеллектуалдык менчик жана инновациялар агенттиги) жалпы жамаатына зор ийгиликтерди каалайм! Сыйлык 12-декабрь адабият күнүндө тапшырылары айтылды!
Ушул китепти Москвадан сатып алганбыз,өз колуңар менен эстеликке атыңарды жазып калтыруу күндөрүн насип этсин,силерди күтүп жүрөбүз.