25 апр

2024-жылдын 17-апрелинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 9-декабрындагы №322-т “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 562 токтому менен бекитилген 2020-2030-жылдарга Жаштар саясатынын концепциясын ишке ашыруу максатында” чыгарылган тескемесинин алкагында

Кара-Кулжа жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын жетекчилиги алдында Кара-Кулжа райондук маданият болумунун Жаштар иштери боюнча адиси менен биргеликте
“Жаштар-коомдун жигердүү бир бөлүгү” аттуу райондук Жаштар форуму өткөрүлдү
Форумду Кара-Кулжа жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Т.Т.Кармышаков ачып берип, жаштардын демилгелерин колдоо жана эң эле жөндөмдүү, шыктуу, таланттуу жаштарды өнүктүрүүгө, саясий, экономикалык жана социалдык чөйрөлөрдө жаштардын демилгелерин колдоого мамлекетибиз ар дайым даяр экендигин билдирди.
Форумдун 1-бөлүгүндө райондук Жаштар Кеңеши түзүлүп, ага айыл аймактардан шайланып келген делегаттардын арасынан туруктуу 7 мүчөсү шайланып, райондук Жаштар кеңешинин төрагалыгына ар бир талапкердин платформасы менен таанышуу аркылуу туруктуу 7 мүчөнүн ичинен Ылай-Талаа айыл аймагынын Токбай-Талаа айылынын тургуну Насирдин уулу Жакыпбек шайланды
Ал эми форумдун 2-бөлүгүндө катышуучулардын арасында спорттук мелдештер өткөрүлүп, жеңүүчү командаларга Кара-Кулжа жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын дипломдору жана акчалай сыйлыктары тапшырылды
Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын колдоосу менен келген катышуучуларга сый-тамак берилип, Р.Абдыкадыров атындагы райондук маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан концерттик программа тартууланды.

VID_20240424_230728_324.mp4

Комментарии

Комментариев нет.