《Эй, ыйман келтиргендер! Мындай кийин Пайгамбардын үйүнө - тамакка чакырылбастан, каалаган учурда кирбегиле. Бирок чакырылган убакытта киргиле. Тамак жеп бүткөн соң тарагыла. Сөз угуп, маектешүү үчүн да (уруксатсыз) кирбегиле. Анткени мунуңардан Пайгамбар кысталат. Ал кирбегиле же таркагыла дегенден тартынат. Аллах болсо чындыкты айтуудан тартынбайт. Ары анын жубайларынан керектүү бир нерсе сурасаңар, парда артынан сурагыла. Бул силердин жүрөктөрүңөр үчүн да, алардын жүрөктөрү үчүн да тазараак. Силердин Аллахтын Расулуна ыза берүүңөр туура болбогондой эле, андан кийин анын жубайларын никелеп алууңар да такыр болбойт. Бул Аллахтын алдында абдан чоң күнөө.》 (Ахзаб 59) ____________________________________________________ Түшүрүлгөн бул аятты Пайгамбарыбыз (с.а.в) тышка чыгып элге окуду. Мындан улам жубайлары парданын артына киришти. ____________________________________________________ Бир күнү Пайгамбарыбыздын жанында Аз. Умма Салама менен Аз. Маймуна отурушкан. Ошол маалда көзү азиз Абдуллах ибни Умма Мактум (р.а) ичкери кирип калды. Пайгамбарыбыз (с.а.в) жубайларына: 《Парда аркасына киргиле!》 - деп буюрду. Алар: 《Оо, Расулуллах! Ал азиз эмеспи? Көздөрү көрбөгөнү үчүн бизди тааныбайт да》,- дешти. Пайгамбарыбыз (с.а.в) 《Силер да азизсиңерби? Аны көрбөй жатасыңарбы?》- деди. ____________________________________________________ *МУСУЛМАН АЯЛДАРГА ЖАМЫНУУНУН БУЙРУЛУУСУ* Кээ бир адепсиз мунафыктар күң аялдарга тийишкенин коюушчу эмес. Кез кезде бөлөк аялдарды да күң деген жаңылыш ой менен тынчын алышчу. Алардын мусулман аялдардын да тынчын алган учурлар болуп турган. Эмне үчүн мындай кылгандарын сурашканда: 《Биз аларды күң деп ойлоптурбуз!》- деп шылтоо кылышчу. Бул окуялардан улам, мусулман аялдардын жамынууларын буюрган төмөндөгү аят түшүрүлдү: ____________________________________________________ 《Эй, Пайгамбар! Жубайларыңа, кыздарыңа жана момундардын аялдарына кийимдеринин сыртынан хижап кийүүлөрүн айт! Бул алардын тапнылып кордолбошу үчүн ылайыктуураар》. (Азхаб 59)
Кыргыз Мусулман жигити
*ХИЖАП ТУУРАЛУ АЯТТЫН ТҮШҮШҮ* Хижраттын 5-жылы.
《Эй, ыйман келтиргендер! Мындай кийин Пайгамбардын үйүнө - тамакка чакырылбастан, каалаган учурда кирбегиле. Бирок чакырылган убакытта киргиле. Тамак жеп бүткөн соң тарагыла. Сөз угуп, маектешүү үчүн да (уруксатсыз) кирбегиле. Анткени мунуңардан Пайгамбар кысталат. Ал кирбегиле же таркагыла дегенден тартынат. Аллах болсо чындыкты айтуудан тартынбайт. Ары анын жубайларынан керектүү бир нерсе сурасаңар, парда артынан сурагыла. Бул силердин жүрөктөрүңөр үчүн да, алардын жүрөктөрү үчүн да тазараак. Силердин Аллахтын Расулуна ыза берүүңөр туура болбогондой эле, андан кийин анын жубайларын никелеп алууңар да такыр болбойт. Бул Аллахтын алдында абдан чоң күнөө.》 (Ахзаб 59) ____________________________________________________ Түшүрүлгөн бул аятты Пайгамбарыбыз (с.а.в) тышка чыгып элге окуду. Мындан улам жубайлары парданын артына киришти.
____________________________________________________ Бир күнү Пайгамбарыбыздын жанында Аз. Умма Салама менен Аз. Маймуна отурушкан. Ошол маалда көзү азиз Абдуллах ибни Умма Мактум (р.а) ичкери кирип калды. Пайгамбарыбыз (с.а.в) жубайларына: 《Парда аркасына киргиле!》 - деп буюрду. Алар: 《Оо, Расулуллах! Ал азиз эмеспи? Көздөрү көрбөгөнү үчүн бизди тааныбайт да》,- дешти. Пайгамбарыбыз (с.а.в) 《Силер да азизсиңерби? Аны көрбөй жатасыңарбы?》- деди.
____________________________________________________ *МУСУЛМАН АЯЛДАРГА ЖАМЫНУУНУН БУЙРУЛУУСУ* Кээ бир адепсиз мунафыктар күң аялдарга тийишкенин коюушчу эмес. Кез кезде бөлөк аялдарды да күң деген жаңылыш ой менен тынчын алышчу.
Алардын мусулман аялдардын да тынчын алган учурлар болуп турган. Эмне үчүн мындай кылгандарын сурашканда: 《Биз аларды күң деп ойлоптурбуз!》- деп шылтоо кылышчу.
Бул окуялардан улам, мусулман аялдардын жамынууларын буюрган төмөндөгү аят түшүрүлдү:
____________________________________________________ 《Эй, Пайгамбар! Жубайларыңа, кыздарыңа жана момундардын аялдарына кийимдеринин сыртынан хижап кийүүлөрүн айт! Бул алардын тапнылып кордолбошу үчүн ылайыктуураар》. (Азхаб 59)