28 фев 2024
Жакшы көрүүм, жандүйнөмдө жаргылчак,
Жакшы адамды "Сүйөмүн!"-деп кайрылсак.
Өтө кыйын бул дүйнөдөн булуттай,
Өзүң менден, мен да Сенден айрылсак...
Тепкичинен кулабастан турмуштун,
Тегиз бакыт келет саган тургузгум.
Мерездигин сүрүп ташта жашоонун,
Мейли өйдө, мейли төмөн жылмышкын...
Таң булбулу талга конуп безенет,
Тартуум ушул, ыр белегим эселеп.
Сөз төркүнү кайда барып такалат?
Сезсең кана, "Төө кыядан өтөлек"...
Авт.А.Эсен 28.02.24.ж
Ысык-Ата району
Бар болуңуз
Бар болуңуз
Бар болуңуз эжеке
Бар болуңуз
Бар болуңуз