Комментарии
- 22 мар 2017 07:58Бабановун кыйратты пензага семент завод куруп бабанов жакшы болсо ошол семент заводду таласка салып элди жумуш менен камсыз кылбайт беле
- Комментарий удалён.
- 25 мар 2017 20:42Кана кимин бардын кутуп алганы С.Жапаровту текедей кылып алып кетишти бул емне деген шумдук
- 25 мар 2017 23:20Дагы кичне куто турсун элдин которулушун телеп атат Бакиевтен жаман кететго аз калды кайрат кылгыла кыргыз элим...буларга кудай корсотот.
- 26 мар 2017 06:13Кыргыз калкым тынчтык , сабырдуулук менен бут кыргыз эли жер-жерлерде митинге чыгыш керек, эч кан тогулбосун, тынчтык митингге чыгыш абзел.
- 26 мар 2017 08:18Ойунардын баары митинг. Андан коро убакытынарды Садыр учун короткуча илим алгыла Куран бетин ачсанар анан чындыктын кайсыл жакта экенин тушуносунор. А бул Садырынар акыйкат бийлик орното албайт, эскинин калдыктары булар
- 27 мар 2017 09:25Садыр Жапаров эл учун келген. Озунун камын ойлосо, бала-чакасы менен камалышын сезип туруп кирип келмек эмес. Бийликтин оз билемдигин токтотуу керек! Бийлик элдики!
- 27 мар 2017 09:25Садыр Жапаров эл учун келген. Озунун камын ойлосо, бала-чакасы менен камалышын сезип туруп кирип келмек эмес. Бийликтин оз билемдигин токтотуу керек! Бийлик элдики!
- 28 мар 2017 12:16Биздин бийликтегилер мынчалык караозгой болуп жатат . Бакиевди жаман дединер эле мына сага тамаша"Жаманды кормойунчо. Жакшынын кадырына жетпейсинда"
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
Роза Айдарбек кызы (замужем)
Садыр Жапаров бийлик тарапка катуу ун катты:
Урматтуу мекендештер!
Урматтуу бийлик өкүлдөрү!
Социалдык түйүндөрдөн болсо дагы сиздерге кайрылууга мажбур болуп олтурам. Себеби, менин КТР деген кара жашигим, Эгемен, Фабула деген кара гезиттерим жок. Ошол үчүн чындыкты элдин жалпы катмарына жеткире албасам дагы, адилетсиздикке, айбанчылыкка кайдыгер карабаган элибизге интернет аркылуу болсо да маалымат жеткирип коёюн деп чечтим.
Мен көптөн бери дүйнөнүн булуң-бурчун кыдырып, мигрант болуп кеткен мекендештерибиздин жашоо шарты менен таанышып, көйгөйлөрүн угуп, колумдан келген жардамымды берип келе жатам. Буга көпчүлүгүңүздөр күбө болуп жүрөсүздөр. Жолугушууларымды социалдык түйүндөрдөгү баракчаларыма дайыма жарыялап келем.
Россия мамлекетин кыдырып бүтүп, коңшу Казакстан мамлекетине өттүм. Кечээ жакында Чымкентте мекендештерибиз менен жолугушуу болду.
Ошол жолугушуудан бийликтегилер кыйкым издеп, мына Садыр Жапаров бийликти басып алуу планын түзүп жүрөт дешип, Эгемен, Фабула аттуу гезиттеринерге чыгарып, видеосу тарады деп жазып, "как будто" ошол видеодо укмуш бир үрөй учура турган, бийликти басып алабыз деген сөздөр бардай жазып, элдин башын айлантып жатасыңар. Ал видео ачык видео. Эл менен жолугушуу болгон видео. Эгер чынчыл болсоңор толук вариантын КТРыңардан көрсөткүлө. Албетте, көрсөтө албайсыңар. Анткени, ал жерде ачуу чындыктар айтылган. Өзүңөрдүн абийириңер ачылып калат деп көрсөтпөйсүңөр.
Кыргызда сөз бар. "Коркконго кош көрүнөт" деген. Анын сыңарындай өз элиңерден коркпогула. Эч ким күч менен бийлигиңерди тартып алам деп жаткан жок. Кан менен келген бийлигиңер, мөөнөтүңөр бүткүчө өзүңөргө эле буюрсун. Аз калды буюрса.
Силер өзүңөр элди дүрбөлөңгө салып жатасыңар. Эгер мен кайсыл бир иште кубө же күнөөлүү болсом, 4 жылдан бери эшек такалап олтурдуңарбы? Кечээ чакыруу кагазын бергениңерден кийин балдар айтып жатат, Текебаевдей кылып аэропорттон кармап кетишпесин. Эртерээк барып тосуп алалы деп. Бийликти басып алалы деген сөз жок. Ой да жок.
Биз бийликти басып алуу жолу менен албайбыз. Биз бийликти элдин назары менен б.
Мына кечээ сөз эркиндигин коргоп чыгышкан "Жаңы муундун" жигиттерин да камадыңар. Алар бийликти басып алалы дешкен жок. Элдин эркиндиги болсун, сөз экиндиги болсун деп чыгышты. Өзүңөр ушундай терс кадамыңар менен өлкөнү туңгуюкка суйрөп бара жатасыңар.
Эгер бийлик башындагылар өзүңөрдүн кандайдыр бир арам оюңар болуп, чагымчылдык уюштуруп, атайын даярдап койгон адамдарыңарды ак үйдү көздөй чуркатып, мына бийликти басып алганы келишти деген илгеркидей планыңар болсо, токтоткула!
Андай кылсаңар чоң жаңылышасыңар. Эл эми ишенбейт андай жомогуңарга. Беш-алты жыл мурда КТР аркылуу ишендирчү элеңер. Азыр эми элдин көпчүлүгү интернет булактарынан так маалыматтарды алып калышкан. Эми мындан ары элди алдай албайсыңар.
Урматтуу бийликтегилер!
Мен силерге коркунучтуу кылмышкер эмесмин, киши өлтүргөн жокмун, силер окшоп мамлекетти тоногон эмесмин, жер саткан жокмун дегендей.
Кудай буюрса, Казакстандагы мекендештерибизди кыдырып бүтүп, 25-март күнү, Ак жол өткөрмө бекети аркылуу (Казакстан тараптын өткөрмө бекети Кордай деп аталат) күндүзгү саат 12:00 дө өтүп, Бишкек шаарына Горький паркына барып, мени күтүп жаткан эл менен жолугушам. Андан кийин, түз эле УКМКаңарга барып, күбө катарыбы же силердин жалгандан даярдап жаткан "Юпи гейт", "Саруу гейтиңер" боюнчабы көрсөтмө берем. Мага жакында эле өзүңөр чакыруу бердиңер. Кайсыл бир иш боюнча сизди күбө катары чакырып жатабыз деп. Алдым чакырууңарды. Кудай буюрса сөзсүз барам. Коркконго кош көрүнөт болбой, жалгандан каралабай, 25 не чейин чыдап тургула. Бизге ызы-чуунун кереги жок. Үчүнчү төңкөрүштүн "тем более" кереги жок. Эки жолу төңкөрүш кылып, кимдин чекесин жылыттыңар? Өлгөндүн өз шору болуп, 90 жигитибизден ажырадык, Ош коогалаңын чыгардыңар, 500 дөн ашуун жарандарыбыздан ажырадык. Калган алты миллион элибизди деле жыргатпадыңар. Жарымын тентитип жибердиңер. Ошондуктан, бийликтегилер ар кандай арам оюндарыңарды даярдап жаткан болсоңор токтоткула!
Урматтуу мекендештер!
Бийликтегилер ушундай жок жеринен каралоолорду кылып, адилетсиздикке, акмакчылыкка барып жатышканын элдин калың катмарына жеткизип турушуңуздарды суранам. Эртең ар бириңиздер ушундай абалга түшүп калышыңыздар толук мүмкүн. Айрыкча Эгемен менен Фабула гезитин эле окуп, КТР эле көрүп жүргөн катмарга так маалыматтарды жеткизүү керек. "Көп түкүрсө көл болот"-дейт.
Мына ушундай жолдор менен гана коомубузду оңдобосок, бул бийлик элдин айрым катмарын маң кылып бүтмөй болду. Айрыкча КТРды эле көргөн айылдыктар кимисине ишенээрин билбей калышты.
Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат.
Сиздерди терең урматтоо менен Садыр Жапаров.