Комментарии
- 10 авг 2021 21:43Мээрим Курмушуева






- Бакытбек АвазовичКомментарий удалён.
- 10 авг 2021 21:46Нур Шермаматов



баракелди - 10 авг 2021 22:49Кылычбек Топчубаев ответил Мээриму Курмушуевой

- 10 авг 2021 22:50Кылычбек Топчубаев ответил Нуру Шермаматову

- 11 авг 2021 10:45Т С

- 11 авг 2021 11:36Кылычбек Топчубаев ответил Т С

Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
Кылычбек Топчубаев
Күн келээр
Акындардын арасында жүргөндө.
Асыл сөздөр чыгып турчу күлгөнгө.
Анча мынча алым сабак айтышып.
Жаңы ойлор пайда болуп жүрөктө.
Азыр болсо жүргөн кезим элетте.
Көз кандырып көк шиберлүү белеске.
Көөдөн туйлайт көптү ойлоп күнүгө.
Мени жаз деп ырлар туруп кезекте.
Колго алып калем жана баракты.
Камынганда жакшы ойду жазганы.
Кетет ойлор туш тарапка чачырап.
Калемгерлер жанымда жок баягы.
Колдоп турчуу колдон буттан жөлөшүп.
Караңгыда жарык жолду көргөзүп.
Кайда калды кагылайын кыраандар.
Капилеттен даңыр жолду өзгөртүп.
Аргымактай адашкан өз тобунан.
Кээде туруп өз өзүмчө ошкурунам.
Кызык күндөр өткөнүн эстегенде.
Жалын пүркөп мурундун таносунан.
Куйкалабай кусалык аман жүрсөм.
Күн келээр үмүт үзбөй күтүп жүргөн.
Кумарыбыз кангычээкти ыр окушчуу.
Дагы да сырдашчуу чын жүрөктөн.
автор:Топчубаев Кылычбек