Балким...

Балким... туура менде деле күнөө көп.
Катаа кылам бир сени эле күнөөлөп.
Бакытым да таалайым да сен десем.
Кетпес белең кечип мени өзгө...-деп.
Бирок... сүйүү бир жүрөктөн тутанбайт.
Жалгыз жүрөк сүйүү күчүн сезе албайт.
Кош жүрөктөн бирдей чыкса талпынып.
Мына ошондо сүйүү дастан куралат...
Ооба... жалгызым да жарыгым да сен элең.
Дагы деле сени эч кимге теңдебейм.
Куруу намыс байлап мендик сезимди...
Чылбыр салып чыга алгыс кылган бейм.
Баргым келет баарын кечип өзүңө.
Эртеге...-деп сөз беремин өзүмө.
Эх кайра эле кадамдарым тушалып.
Байланамын барымталуу өкүткө.
Балким келсең мен тарапка агылып.
Жибий белем таарынычым жазылып.
Унут болуп уйку көрбөс түндөрүм.
Калмак белем махабатка малынып.
автор:Топчубаев Кылычбек

Балким... - 986760197400

Комментарии

Комментариев нет.