Асмандагы ай бүгүн толуптур. Адыр бетине сүрөт коюптур. Анда эки жаш ыкташып турат. Жүрөктөрүнө сүйүү конуптур. Эгиз аккуудай кыялга чумкуп. Эркелешишет кыялай туруп. Экөөнөн башка жан көрүнбөйт. Жылдыздуу асман ай бети тунук. Сыдырым жел сыласа чачын. Сырдуу кылгырат кыз ийкеп башын. Сендикмин жалгыз...-дегендей өңдүү. Жигити турат чыйралтып кашын. Сүрөтчү айдын тартканын көрүп. Суктандым көпкө өз ара жөөлүп. Суурулду анан жүрөктөн ыр сап. Комузсуз колдо таңдайдан төгүп. автор: Кылычбек Топчубаев
Кылычбек Топчубаев
Сүрөтчү Ай
Асмандагы ай бүгүн толуптур.
Адыр бетине сүрөт коюптур.
Анда эки жаш ыкташып турат.
Жүрөктөрүнө сүйүү конуптур.
Эгиз аккуудай кыялга чумкуп.
Эркелешишет кыялай туруп.
Экөөнөн башка жан көрүнбөйт.
Жылдыздуу асман ай бети тунук.
Сыдырым жел сыласа чачын.
Сырдуу кылгырат кыз ийкеп башын.
Сендикмин жалгыз...-дегендей өңдүү.
Жигити турат чыйралтып кашын.
Сүрөтчү айдын тартканын көрүп.
Суктандым көпкө өз ара жөөлүп.
Суурулду анан жүрөктөн ыр сап.
Комузсуз колдо таңдайдан төгүп.
автор: Кылычбек Топчубаев