КӨҢҮЛҮМ чөгүп кеткенине дары табалбайм.

Ыйласам Багдаш урушат,Билал неберем таң калат таятаны ким урду деп. Алай элинен айланайын Ушунчалык мобилдүү эл экен. Датка мүнөз кыздарыбыз Жыргал Бекмурзаева жана Чынара Мамажакыпова Алай элине арнап миллиондон да баалуу каражат жыйнашып ооруканадарга меджардамдарды бере башташканда намыстуу жигиттер демилгени улап кетишти. Кыялымда Келдибеков Акматбекти ,Маматалиев Марлен, Примов Уланбекти АКШ, ТУРЦИЯ,КЫТАЙга президент шайлагым келди. АЛЫСКЫ НУРА айылынын жигиттери айылдаштарын медаппараттар менен камсыз кылышса, гүлчөлүктөр дезинфекциялап көчөлөрдү жарыктандырып ПАРИЖский светофорлорду коюшуп,оорукананын коопсуздугун орнотушту.Согондулуктар сооп деп кыйкырышса, Сопулүк жети айылдын жигиттери Кытайлыктарга да түгөл жетчүдөй дары-дармек жыйнашты. Бүгүн Алматадагы алайлыктардын жөнөткөн жардамдарын тизип отурса АЛАЙ тоолорундай бийик болуптур. РОССИЯДАН келген жардамды өлчөсөң Путин аяш ака жөнөткөндөй болуптур. Банктарга акча салыша берип алайлык банкирлер миллионер болмой болушту окшойт. ОО илгери сопулук өтө мээримдүү жигит дал азыркыдай ПНЕВМАНИЯ дартынан каза таап өкүнүп ыйлап сыздап калган элек. Ошол жакшыдан асыл туяк калды эле ВЛАСБЕК уулу Айбек деп, ылайым өмүрүңдү берсин жакшыдан калган белек, апаң экөөң салган акчага оорукана салышса эле деп сүйүнгөнүмдөн ыйлап да алдым. Нургазы Жаныш деген болочоктогу генерал Аскер окуу жайынан стипендиясын жөнөтүптүр. Эрдиктин эң гумандуу жолу ушул да. Гүлчөлүк МИРА деген айым жүз миң акча салыптыр ал кайсыл Мира билбей турам. КРАСНОЯРСКИЙдеги алайлык жарандар да жардам жөнөттү деп угуп сүйүндүм. Үч күндөн бери өпкөм көөп тахикардиям күчөп айламды таппай ыйлап кардыгып отурсам бир кыз окуучуңуз болом сизге дары апарам дейт. Атын ысымын айтпайт. БАГДАШ сүйүнүп алайлык болсо аталаны сагынгандыр,боорсок жегиси келгендир дейт. Ошентип кембагал казаныбызды кылдыратып отурсак бир жаш баладан берип ийиптир. Ким бергенин да жар салган жок. АК тилегимди айтып кала бердим. Бүгүн Алай эли аптекага айлангандай ооруканаларга дары батпай турат. Эми Россиядагы атактуу врач Белек Маткалыковдой , Максат Романовадай дарыгерлер келип АЛАЙга кут тартуулап иштеп беришсе эле .Алайдын башкы врачы ушунчалык элдик адамга айланыптыр ТАЛАНТ Белекбаев ишеничтүү врач аманатка жаманатты болбойт деп жөнөтүшүүдө. ООРУБА, АЛАЙ!!!

Комментарии

  • 22 июл 2020 10:41
    Мен миңге чыгам деп запас кармап отурам. БАГДАШ  атала чайып отурат келип кет... от души Бибигүл!
  • 22 июл 2020 10:48
    Макул барам мына вирус кетсин
  • 22 июл 2020 10:48
    Атала менен иш бутпойт
  • 22 июл 2020 13:17
    Ака кандайсыз сиз эч качан оорубай журо бериниз женем м н туура айтасыз Алайлыктар ото ынтымактуу элбиз ушундай курч мезгилде бири бир бизге жардамыбызды аябаган
  • 22 июл 2020 13:34
    Алайда кучтуу кайраттуу инсандар жашайт.Оорубаныздар урматтуу Алайлык боордоштор.Жардам колун сунган уул кыздарыбызды Аллахым колдосун.Иштери ийгиликтуу болсун.
  • 22 июл 2020 14:00
  • 22 июл 2020 14:20
    cc97f89500
  • 22 июл 2020 16:07
  • 23 июл 2020 14:43
    Рахмат суйунбай ака атыныз затынызго жарашкан адамдары суйундуруп жакшы кабар жазып ден соолукта болуп.   Журо берин                  рахмат сизге.
  • 24 июл 2020 22:40
    Алайлыктарым аман болушсун,дегеле кыргыз элимде жакшылыктар болсун.Вирустун шылтоосу менен больницалар дагы жабдылып калышты,жми ошол аппараттарды кийинкиге жакшы сакташып,элдин керегинен аянышпай иштетишсе деген умут чон.
  • 30 июл 2020 23:48
    Сукебай кандайсынар, досум!?
    Амансынарбы?
    АЙТ МААРЕК, болсун!!
    Ден - соолукта, аман бол, Суке!!
    Конулуну такыр чоктурбо, Сен Алайдын, бычака сап азаматтарынын санын толуктайсын, так что керексин бизге!!
  • 22 сен 2020 06:02
  • 5 авг 2022 18:36