Алайлык кыргыздардын эрдик баяндары

-
1730-жылдары алайлык кыргыздар Эр Табылды менен бирге кошулуп Бадахшан,
Кара-Тегин өрөөндөрүн ээлеп алышкан калмактарды талкалап, аскерлерин сүрүп
чыгышкан.
-
1747-жылы Кашкардагы калмактарга каршы аябай ийгиликтүү жортуул жасашкан.
Миңдеген атчан аскерлеринен түзүлгөн алайлык кыргыздар Кашкардагы калмактарды
кыйратышып, алардын 4миңге жакын аскерин сүрүп чыгышкан. Оң кыргыздарды жеңе
албаганына көзү жеткен калмактар “кара кыргыздын оң колун кесип салмайын жеңе
албайбыз го” дешип муңкурашкан. “Оң колу”
дегени алайлык кыргыздарга карата айтылганы.
-
Айланайын Алайлык баатырлардын даңкы XVIII кылымда өзгөчө даңазаланып
турган. Ошол жылдары Кокон хандыгынын салык эзүүсүнө баш ийбей акарат
келтиришип, Сопу-Коргондогу, Дароот-Кргондогу, Кызыл-Коргондогу чеп кайтарган
аскерлердин үшүн алып турушкан.
-
1800-1860-жылдары Алайлык кыргыздардын ой-пикирин, эр жүрөктүүлүгүн, баатырдыгын
Кокон хандыгы аргасыз моюнга алып, алардын айтканын ак деп ынанып турган.
Анткени, Алай өрөөнү таң калаарлык жылдарда геосаясий абалга бай аскердик
стратегияга эгедер, соода-экономика катнашы маанилүү жана таасирдүү, эли эр
жүрөк, намыскөй, баатыр болгон.
-
1845-жылы Ош шаарындагы кыргыздардын көтөрүлүшүндө “Алайлык кыргыздар”
деген тарыхый даңаза биротоло ыйгарылган десек жаңылышпаспыз. Ош менен
Сопу-Коргондогу байланыш эң маанилүү болуп, миңдеген алайлык кыргыздар Ошко
көтөрүлүшто өзгөчө эр жүрөктүүлүк менен
катышышкандыктан терең урмат менен “Алайлык кыргыздар деп аталып калган.
-
1847-жылы Кашкар шаарынын правители (беги) Кожо Төрөнүн өтүнүчү менен
алайлык кыргыздар кытайлар менен согушуп, алардан Кашкар шаарын тартып алышкан,
Кокон хандыгынын саясатына бул окуя туура келбесе да алар алайлыктардын
Кашкарга баруусуна тоскоолдук кыла алышпаган. Бирок Цин бийлиги намыска келип
кылкылдаган кол курап көп өтпөй кайра өздөрүнө Кашкарды каратып, Кожо Төрөнү
Алайга кубалап жиберишкен.
-
Б.Э.Ч.Кытай полководеци Ли Линаны эч кимге баш ийбеген, көз карандысыз
кыргыздарга правитель кылып бекиткен. Бул мезгилде алайлыктар саясий көз
карандысыздык үчүн катуу күрөшүшү, өз алдынча мамлекет болуп калышканы тарых
барактарында бар. Алардын Ли Линанын жетекчилигинде аскердик жана
административдик башкаруусу, территориялык аймагы жана көз карандысыз абалы бар
болгон.
-
Биздин эрага чейинки 1000жылдыктын экинчи жарымында азыркы Кыргызстан
жайгашкан аймактын Алай өрөөнүндө Даван мамлекети түзүлгөн, анын туусу Алайда
көтөрүлгөн деген карыялардын сөзүн бала кезден укканым бар.
-
1821-жылы Дароот- Коргондогу Кокон крепостуна алайлык 40 жигитти чеп
кызматына тандап алышкан.
-
1822-жылы Оштогу кыргыздардын көтөрүлүшүндө Бекназар бий өзгөчө алайлык
баатырларга таянган.
-
1825-жылы Чыгыш Түркстандагы тарыхый изи калган көтөрүлүшкө алайлык
кыргыздар чоң күч берген.
-
1827-жылы Улуу-Жибек жолдун тоомундагы Сопу-Коргон, Кызыл-Коргон
айылдарында Кокон крепосту курулган.
-
1857-58-жылдары Худаяр ханга каршы көтөрүлүштө алайлык кыргыздардын
эрдигине бүтүндөй Фергана өрөөнү ыраазы болушкан. Алайлыктардан корккон Худаяр
хан Бухарага качып аман калган. Элде аңыз кеп айтылгандай “эгерде алайлыктар
келбесе Худаяр хан башкасына моюн сунмак эмес” делет
-
Ошол жылдары Алай кыргыздарынан куралган аскерлердин ой-тилеги Алымбек
датканын Кыргыз мамлекетин түзүү максатына ортоктош болуп, алардын баатырдык эр
жүрөктүүлүгүнүн даңазасы “аты алайга, даңкы далайга” угулуп турган.
-
1860-жылдары Алайдагы Ак Киндик, Кара Киндик жайлоосунда эр сайыш, оодарыш,
искендер күрөш ж.б. оюндар өтүп буга Тибет, Бадахшан, Фергана, Кашкар, Алай
өрөөндөрүнүн балбандары катышып бардык байгелерди Алайлыктар жеңип алышкан.
-
1863-жылы Курманжан датка Бухара эмири Музаффардан жана Худаяр хандан “Алай
канышасы” наамын алганда Алай эли Сопу-Коргондогу Кокон чебине топтолуп аябай
чоң той өткөрүшкөн. Атактуу акындар манасчылар келип катышкандыгы эл ичинде
айтылат. Буга чейин эле алайлыктар Курманжан энебизди “Алай Маликеси” деп атап
келишкен эле.
-
1865-жылы Худаяр-хан, үчүнчү ирет Кокон бийлигине келгенде Алай элине
өзгөчө кысым көрсөтүп баш ийдирем деген ниетин такыр ишке ашыра албайт, анткени
алайлыктар узак жылдар , ал тургай кылым
бою көз карандысыз эгемен эл болуп калыптанып калган эле. Биз Худаяр ханга
эмес, Курманжан даткага баш ийебиз дешип ачык айтышкан. Бул учурда Алайга Кокон
хандыгынын бийлигин күчөтүү максатында Сопу-Коргондогу чепке ого эле көп
сандаган аскерлерин жөнөткөн. Бирок эрки бекем алайлыктардын мизин, көк
жалдыгын сезе билген аскерлер акырындап аргасыздан Ошко же Кашкар тарапка өтө
качышкан. Алайда мындай кеп тарап кеткен: “Коконго эле эмес, ааламга болсоң да
Алайга хан боло албайсың” деп Кудаяр ханга акарат келтире алышкан.
-
1867-жылы Алай кыргыздары Кызыл-Коргондогу Кокон чебин басып алышып, андагы
аскерлерди өлтүрүшүп, чеп башчысын дарга асышкан. Тарыхта биринчи ирет Кокон
чебин багындырган ушул айылдан башталган.
-
1869-жылы Алайлык кыргыздар Сопу-Коргон чебине топтолушуп Кокон хандыгынын
эзүүсүнө каршы келген чоң жыйын өткөрүшүп Россияга кошулуу, кошулбоо маселеси
көтөрүлгөн.
-
1871-жылы Кокон хандыгы өз күчүн бекемдөө максатында Алайга эбегейсиз көп
санда аскерлерин алайлыктардан коргонуу жана зекет салыгын чогултуу амалын
күчөтүү үчүн алып киришет. Алайдын Эркеш-Тамынан Кара-Тегинине чейинки жайлоого
келишкен отуз уулдар, кыпчактар, кадыр-шаалар биригишип Кокон аскерлеринин
айласын кетиришет, бир түндө эле аскерлер Фергананы көздөй качып кетишкен.
-
1870-71жылдары Кашкардын беги Жакыптын (Якуб) адамдары Алай жайлоосуна көз
артып басып алуу, багындыруу максатында келишет. Алардын оюн боолгоп түшүнгөн
Нуралык, Ак-Босоголук жооштор, чагырлык бакалдар, Кара-Колдук олжокелер уюшуп
биригишип кашкарлыктарды Алайга экинчи келбегидей кылып айдап чыгышкан.
-
1871-жылы орустун окумуштуу саякатчысы А.И. Федченко аялы менен келип
алайлыктардын баатырдыгы , эр жүрөктүүлүгү жөнүндө очерк жазып
Санкт-Петербургдан чыгуучу журналга жарыялаган.
-
Ошол эле жылдары алайлыктардан зекет чогултабыз деп Оштон келген Исмаил
ток-саба баш болгон салыкчылардын өздөрүн тоношуп, алардын бирөөсүн өлтүрүшүп
Сопу-Коргондогу Тамчы мазарындагы аскага илип коюшкан.
-
XVII- кылымда алайлык кыргыздардын эр жүрөктүү баатырдыгынын таасириненби
айтор Кытай циндери алайлык кыргыздар менен дипломатиялык байланыштарын
тереңдетүүгө аргасыз болушкан.
-
1873-жылы алайлыктар акылман эл экендигин далилдешкен. Худаяр хандын
эбегейсиз ок-куралдуу аскерлери алайды басып кирип ар бир түтүндөн 3төн кой,
жер салыгын 4 эсе көбөйтөбүз деген басып алуучулук ниетине тынчтык
нааразычылыгын, кат түрүндө билдиришип, аларга каршы согушпай турушат, анткени
аларда ок-курал көп эле. Бул мезгилде алайлыктар Худаяр-кан шариатты бузуп
жатат деген негиз менен Аксыга, Чаткалга, Фергана өрөөнүндөгү өзбектерге,
тажиктерге кишилерди жиберип, аларды көтөрүлүшкө үндөшөт. Ошентип Алайдан
башталган көтөрүлүш тамыр жайып отуруп бүтүндөй Кокон хандыгынын 1875-жылы
талкаланышына алып келет.
-
Худаяр-хан орус аскерлеринин башчыларына Алай эли баштаган көтөрүлүшчүлөрдү
талкалап берүүнү өтүнөт. Хандын өтүнүчүн алар адегенде Чаткалды, Лейлекти, Ала
буканы, Аксыны басып, айылдарын өрттөп, башчыларын өлтүрүү сыяктуу каардуу
канкордуктары менен башталат. Бирок алар Алайга келгенде өздөрү жеңилүүгө
учурап артын көздөй качышкан.
-
Худаяр-хан Кокон хандыгын таштап качууга аргасыз болуп Сопу-Коргондогу
Кокон чебине келип баш калкалайт. Алайлыктар Кудаяр ханды өлтүрүү максатында
чептин аскерлерине кол сала баштайт. Муну сезип калган Худаяр-хан түнү менен
Ооганстанды көздөп качып Памирдин Мазар Шейхинде деген мазарында каза болгон.
-
Алымбек датка алайлык баатырлар менен Кокондон Кудаяр ханды кууп чыгат. Ал
Бухарага кире качат. Бухаранын падышасы көп кол курап маңгыт аскерлерин Чотон
бучукка каршы коёт. Бул мезгилде Чотон бучук менен Мулла Кал экөө Алымбек
датканы күтүүсүздөн өлтүрөт (колун жууп жатканда, кылыч менен мойнун кыя чабат)
Чотон бучук 2 жарым ай Кокон хандыгын
мыйзамсыз ээлеп алган учур эле. Маңгыт аскерлери Чотонду кууп чыккан учурда
алайлыктар аны Ноокаттын Чийлүү-Сай деген жеринде кармашып, Алымбек датканын
куну үчүн Чотондун өзүнүн башын кесип салышкан.
-
Ош аймагын XVIII кылымдын экинчи жарымында Ажы-бий башкарып турган. Ал
Адыгинеден тараган, алайлык кыргыз болгон. Ал Ошто жүргүзгөн ар бир саясатты
алайлыктар менен кеңешип турган,.
-
Кокон хандыгын 1876-жылы жойгондон кийин генерал Скобелев Анжиян, Фергана,
Кокон, Ош шаарын өзү башкарганга өтөт. Ал бир гана алайлык кыргыздарды өзүнө
каратууга мүмкүнчүлүгү жетпей, жүрөгү да даабайт. Өзү башкарган аймакты Фергана
областы деп ататып, Россия империясынын карамагына толугу менен өттүк деп
буйрук чыгарат. Алайлык кыргыздар бул чечимге караманча макул эместигин Кокон
хандыгына караган эл Алай эли менен узак жылдар бою бир тууган эл болуп катнашы
бар экенин , алардын көз карандысыздыгы үчүн алайлыктар аягына чейин күрөшөөрүн
билдиришип Сопу-Коргон чебинде ант беришип касам ичишип, Абдылдабекти орустарга
каршы күрөшүүгө башчы болууга бекем үндөшөт.
-
Алымбек датканын эр жүрөк уулу Абдылдабектин эрдиги, баатырдыгы Сопу-Коргон-Алай аймагында болгондугуна тарых
күбө.
-
Фергананын аскердик губернатору генерал-майор М.Д.Скобелев Армиянын
командири Г.А.Колчаковскийге жазган катында алайлык кыргыздарга өзгөчө
ок-куралдуу аскерлер менен кирүүгө кеңеш берет.
-
1876-жылы 26-июлда кыргыздардын канына тойбогон канкор К.П.Кауфман генерал
Скобелевге аскердик- илимий экспедицияны Алайга жөнөтүүнү тапшырат. Бул
экспедициянын максаты алайлыктардын тарыхын изилдемиш болуп Алайдагы орустарга
каршы болушкан Абдул-Карим-Бекти, Абдылдабекти, Омор-Бекти, Сулайман-удайчыны,
Сопу-Кароол бекти талкалоо эле. Экспедициянын курамына полковник Витгенштейн,
подполковник Вардер, капитан Куропаткин, ал эми аскердик маршрут Ош-Сопу-
Коргон – Чоң Алайга генерал Скобелев менен М.Е.Ионов экөө жеке өздөрү башчылык
кылышкан. Айлакер Скобелев өзүнүн коштоосуна түндүктөн Шабдан-баатырды эң күчтүү деген 40 жигити менен коштоп
барган. Шабдан баатырдан корккондон эмес
анын даңкын сыйлагандыктан Алай эли Скобелев баштаган экспедицияны, Шабданды
жакшы тосуп алышкан. Бирок Шабдандын жигиттери орустарга сатылганын баамдаган
алайлыктар аларга каршы буктурмаларды даярдашат. Терек Даванды көздөй
баратканда Шабдандын өмүрү далысы жерге тийбеген балбан досу, казак улутундагы Бекжанды адыгиненин сарттар уруусунан чыккан
балбан Базарбай жекеме-жеке күрөшүүгө чакырып экөө катуу күрөшүшөт. Базарбай
балбан бүтүндөй Алайга, Кашкарга аты чыккан балбан эле, ал Бекжан казакты
муунтуп өлтүргөндүгү, Бекжан балбандын
сөөгү Теректе коюлгандыгы эл ичинде
аңызга айланып эмгиче айтылып жүрөт.
-
Абдылдабек жана алайлыктардын эрдиги дал ушул Жаңырык капчыгайында
көрсөтүлгөн. Ошол салгылашуудан мындай сөз калган “орустар ок менен ташка атты,
алайлыктар таш менен орустарды башка атты” деген. Бул чындык окуя болгон.
Кийинки экспедицияда Шабдан баатыр Сулайман (Ыйманкул) кочкорчу деген койчуну
кармап коркутуп Жанырыктан жашыруун жолду сурап алып аскерлери менен Алайды
көздөй өтүшкөн. Бул учурда Курманжан датканы Кашкарды көздөй Катуу-Багыт аймагына
жашыруун сактап турушкан.
-
XIX кылымдын экинчи жарымында Россия империясы Кыргызстандын дээрлик бардык
элине зордук-зомбулук, баскынчылык үстөмдүк жортуул жасаганы чындык. Жайыттары
тарып, жер айдоо, ээлик кылуу мүмкүнчүлүктөрүнөн ажырашкан. Бир гана Алай эли
аларга караманча каршы туруп, өз боштондугун сактай алышкан.
-
1920-25 – жылдары Кытайда бийлик саясий ишмер, тарыхый инсан Сунь Ятсен
башында турган улуттук партия Гоминьдандын колунда болгон. Андан соң
Гоминьданды генерал Чан Кайшы башкарат, ал улуттук өкмөт түзгөнгө жетишет. Аны
АКШ менен Англия агентурасы колдойт. Чан Кайшы ашыкча шовинист эле. Ал Кытай
эмес башка улуттардын патриотторун революционерлерин өлтүрткөн (болжолу
300миң). Мунун эпкини алайлык кыргыздар басымдуу жашашкан Кашкар тарапка да
жеткен. Гоминдандык администрациясынын салык, баскынчылык, кара мүртөздүк
аракетине алгач тиш кайрагандар да албетте Кытайдагы алайлык кыргыздар
болушкан. Алардын каршылыгынын негизинде “учкундан жалын тутанат” болуп Кытайда
улуттук боштондук көтөрүлүш пайда болгон. Гоминдандык аскерге алайлык кыргыздар
кошулган эмес, Кытайдын түндүк-түштүк бөлүгүн 1931-жылы Япония мамлекети
оккупациялап алганда аларга каршы Кашкар тараптагы алайлыктар да жортуулга даярдык
кылышкан, бул арада Кашкардын тарыхый бөлүгү Эски-Кашкар шаарынан алайлык
кыргыздар гоминьдандык аскерлерди кууп салышып, өздөрү басып алышкан, мында
аскер башчы болуп алайлык жолборс баатыр Ади Кожоев шайланган.
-
Чынгыз хандын урпагы Хайду түздөн-түз кыргыздарды баш ийдирип, Чингизид
мамлекетин түзгөн. Моголистан жана
Тимур мамлекеттеринин тез арада
талкаланышында дагы алайлык кыргыздардын таасири күч болгон.
-
Мухаммед – кыргыз мамлекет түзүп көз карандысыз үчүн күрөшкөндө Алайдан
түндүккө ооп бир нече алайлыктар келишип барандуу салым кошушкан. Азыр алардын
тукумдары Чүйдө, Ысык-Көлдө нечен кылымдардан бери жашап келишкенин санжыра
аркылуу боолгоп билебиз. Ушул аймакка отурукташып калган алайлыктардын теги
баатырлар болушкан.
-
Жунгарлар бийлик өкүмүн жүргүзгөн узак жылдарда алар Алай кыргыздарынын
ой-пикирин, талабын эсепке алып турушкан.
-
1709-жылдан 1876-жылга чейинки 167 жыл бою өкүм сүргөн Кокон хандыгы эң
азап чегип кыйналганы бу касиеттүү алайлыктардан тарткан азабы экендигин мындан ары саресеп
салып бул китепти окусаңыз түшүнөсүз.
-
1858-1860-жылдары Алай кыргыздары
өздөрүнүн Кокон хандыгына баш ийбеген Орус мамлекетине эр жүрөктүүлүк менен
каршы тура алган эл катары атагы дүңгүрөп турган.
-
1909-жылы Орус-Кытай чек арасында, демек Алайда өз алдынча мамлекет куруу
идеясы болгонун немец профессору Мартин Гартман өзүнчө китеп кылып жазган.
-
Орус-Кытай чек арасы аныкталып, Кашкар тарап Кытайга, андан бери
Катуу-Багыт менен Сопу-Коргон Россияга бөлүнгөн. Атайын картографтар сызма
менен карта чийишкен. Бул шартнаама Кытайдын Бейжин жана орустун Санкт-Петербург
шаарларында чоң салтанат менен белгиленип, падыша сарайларында мөөр басылып
белгиленген. Буга көнбөгөн алайлыктарды көндүрүү үчүн атайын сый-урмат бөлүнүп,
белектерди тартуулашкан.бирок алар бул саясий келишимге каршы бойдон турушкан.
-
1918-жылы Буржуазиялык Кокон автономиялуу мамлекет түзүлүп Эркеш-Там саясий
борбору катары, Сопу-Коргон административдик борбору деп аталган. Бул
укмуштуудай ишмердүүлүктү Бухарин Алайга келип Троцкийдин тапшырмасынын
негизинде иш жүзүнө ашырган.Бул идеяны өздөрүнө бөлүп алуу үчүн Англия
мамлекети да катуу күрөшүп өздөрүнүн разведчиктерин Кашкарга, Алайга
жөнөтүшкөн. Ал эми алайлык кыргыздарды көндүрүү үчүн Мадамин бекти армия башчы
кылып дайындашып, саясий-согуштук планын бир нече тилде ээн-эркин сайраган
феномен, тарыхый инсан Мустафа Чокай түзгөн. Ал ошол учурда Орус Госдумасына
депутат эле. Орус мамлекетинин премьер министри Керенскийдин оң колу жана
ишенимдүү досу болгон. Ал эми Англия мамлекети алайлык кыргыздарды өздөрүнө
каратып алуу ниетинде Мадамин-бекке жашыруун жолугуп, 250миң кылыч берүүнү сунуштаган.
Ал эми Мустафа Чокайдын түзгөн программасы боюнча идеологиянын урааны болуп
Манас эпосунун эрдиктери үгүттөлгөн. Андыктан Кытайдагы чоң манасчыларды
сый-урмат менен Сопу-Коргонго алдыртып келишкен.
-
1919-жылы Мустафа Чокайдын жетекчилигиндеги мамлекетти талкалоо үчүн Россиянын
көрүнүктүү полководеци И.В.Фрунзе жетектеген армия, саясий жетекчи Куйбышевдин
ишмердүүлүгүнүн, Буденыйдын эр жүрөктүүлүгүнүн негизинде Мадамин бектин
армиясын тез арада талкалашып, Англия разведчиктерин Кытайга, Мустафа Чокайды
Туркияга кууп чыгышкан. Ошол жылдары Алай жерин өздөрүнө каратып алуу үчүн үч
ири держава катуу күрөшүшкөн, алар Кытай, Англия, Россия эле.
-
1903-жылы Петербургдагы дүйнөдөгү эң кооз ботаника багынын директору
В.Липский Алайга саякаттап келип Алайлык аялдардын ат минип , ат чаап жүргөнүн
көрүп “ислам өлкөлөрүнүн ичинен кыргыз аялдарындай ээн-эркин, ачык жүздүү
аялдарды эч жерден көрө албадым” деп жазган.
-
Генерал-майор М.Д. Скобелев орустун ири окумуштууларын Алайга чакыртып
Алайлык кыргыздардын тарыхын, эрдигин, өжөрлүгүн изилдетип анын табигый шартка
негизделген кайраттуулуктарынан деген тыянакка келишип акыйкатта өздөрүнчө
макул табышкан.
-
1875-жылы Пулат-хан орус аскерлерине туруштук бере албай Алай тоолорунун
кучагына түнөк издеп качат. Орустарга каршы күрөшүү демилгесин алайлыктар
колдойт жана Абдылдабек менен Акпалбандан көмөк алат, ок куралдарын көбөйтөт.
Бирок генерал Скобелевдин, полковник Закомельскийдин күчтүү аскеринин
натыйжасында Пулат-ханды Исфайрамда аскерлери менен колго түшүрүп, 1876-жылы
1-мартта Маргелан шаарында дарга асып өлтүрүшкөн. Колго түшүрүлгөндөрдүн ичинен
Адыгинеден тараган алайлыктарды Алай элинен корккондугунанбы же
сыйлагандыгынанбы айтор Скобелевдин көрсөтмөсү аркылуу Алайга коё беришкен.
Алайлыктардын айтуусунда алар колго түшмөк эмес экен, Пулат-хан да өчү бар
дөөлөстөрдүн Мурзакул бийи аларды сыйлаган болуп кымызга уйкунун даарысын кошуп
уктатып баарын байлап-таңып анан орустарга өткөрүп берген экен. Кийин дөөлөстөр
алайлыктар өч алат деп коркушуп жер которуп кеткени элде айтылат.
- Казак отряды өзгөчө даярдыктан өтүп, генерал Скобелевдин буйругу менен
полковник Ионовдун жетекчилигинде Алайга Абдылда бектин аскерлери менен
салгылашууга келген.
-
Биздин заманга чейин же андан бир нече кылымдар кийин деле алайлыктар Кара
малдын терисине жазып аны китеп катары пайдаланышкан.
-
Дагы бир укканым боюнча байыркы Грек колбашчысы Искендер Зулкарнайн (муну
алайлыктар Залкар ноён” деп аташкан) айтылуу алайлыктардын эрдигин, баатырдыгын
изилдөө максатында Алайдан өтө көп кол жазмаларды алдыртып кеткен экен.
-
Ал эми улуу орус элинин Пётр Iдин тушунда дагы атайын Алайды изилдөөгө
экспедиция келгенин аксакалдардан угуп калган жагым бар эле.
-
Кокон хандыгынын тушунда ары бери каттаган кербенчилер үчүн Сопу-Коргон таш
чебинде атайын бир бөлмөнү китепкана кылышканы айтылат.
-
Алайлык кыргыздар ээн-эркин жайлоого көчүп-конуп жашаган эл болгон. Алар
Кытай чегинде жайгашкан жайлоолордун мыктысын өздөрүнө журт конуш кылып
алышкан.
-
Кытай Эл Республикасынын карамагындагы Кызыл-Суу,Улуу-Чат ооданында калып
кетишкен алайлык кыргыздардын эрки абдан бекем экендигин алардын кыргыз
тилин,маданиятын,салт-санаасын,эн негизгиси баатырдык эр журоктуулугун сактап
келаткандыгынан улам бали деп ыраазы болушкан.
-
Англия мамлекетинин кубаттуу Агентурасы толгон-токой айла-амалга барышса
дагы алайлык кыргыздардын таасирин оздоруно бура алышкан эмес,мукурашканынан
азгырыкка конбогон , алай намысын бербеген укмуштай татаал эл болот экен деп оз
басылмаларында жазып чыгышкан.
-
Алайлык кыргыздар соода жүргүзүүдө Кашкар, Наманган, Анжиян, Ташкен
шаарларына ээн-эркин катташкан.Ошондой эле бул ири шаарларда алайлыктардын
атайын базарлары болгон.
-
1927-жылы Алай районунун чек ара аймагын Советтик чек арачылар көзөмөлдөй
баштады.
-
1928-жылы Сопу-Коргондогу заставага имараттар курулду.
-
1932-жылы Сопу-Коргондун заставасы жөнүндө тартылган фото сүрөттөр
Москвадагы чек ара аскерлеринин музейине коюлду.
-
1934-жылы кытайдагы аскер дивизиясынын командири,дунган улутундагы Ма
Чжу-ин деген аскер боштондук учун курош жургузуп Урумчу шаарын басып
алганда,аларга каршы алайлык кыргыздардан топтолуп тузулган отряддын аскерлерин
каршы чабуулга коюшат,натыйжада женишке жетишип Шинжан провинция аймагында алай
баатырларынын данкы дунгуройт.
-
1930-жылдары Кашкар шаарын башкарган
теги алайлык ,жору уруусунан чыккан Осмонаалы пааша алайлык эр журок адамдардан
кол курап кытай эзуусуно каршы курошуп Кашкардын негизги болугун ээлеп оз алдынча
Мусулман мамлекети курулду деп ири державалардын башчыларына кат
жонотот.Натыйжада,анын ислам дининдеги зор сабаттуулугун баалап эл “Осмонаалы
пааша”деген даражалуу наам беришет,алайдан качып келген бир нече басмачылар
Кашкардын жетекчилик кызматтарына дайындалышат.
-
1935-жылы Шинжан аймагында легендарлуу 35-кыргыз атчандар полку
тузулгон.Анын жетекчилигинде генерал
Ысакбек Монуев болгондуктан аскерлердин дээрлик копчулугу алайлык кыргыздардан
турган.35-атчандар полкунун ишмердуулугу кенейип олтуруп Кытайга чекара СССР
жана Индиянын чектеш жерлерине чейин кайтаруу козомолун жургузушкон.Ошол оор
кырдаалдарда алайлык аскерлердин эрки,намыстуулугу эми укмуш болгон тура.
- Сопу-Коргон заставасындагы күрөш 1930-жылы 13-майдагы окуялар жөнүндө
тарыхый чыгармаларда жазылып калган.Ал окуялар жонундо Ленинград шаарында
басмаканадан “За красными камнями”деген китеп болуп жарыкка чыккан.
- Орус аскерлерине баш ийбейбиз деген өз ара келишим менен Сопу-Коргондо
англиялык империалисттердин колдоосу менен молдолор, байлар, басмачылар
сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ошол учурда Закирбай басмачы менен Сопу-Бектин сөзүн
бардыгы колдошкон. 1930-жыл, 7-май.
- Юдин, Лукницкий, Бойе жана Осман деген кызыл аскерлер Гүлчөдөн Ак-Босого
чейинки басмачылар жөнүндө маалыматты чогултушуп, Ошко аскер заставасына
билдирип турушкан. 1930-жыл.
- Памир заставасына үч жыл кызмат өтөп эрдиктери үчүн
орден менен сыйланган чек арачы офицери Погребицкий жана анын аялын, жаш баласын
Күртүк-Атада өлтүрүп, көөмп салышкан.Ушул окуядан улам Куртуктук Бообек
мергенчини куугунтуктоо учун Андижандан атактуу куралдуу полктун аскерлери
келишкен.

Комментарии

  • 9 фев 2016 18:17
    Рахмат агай жакшы маалыматтарды жазыпсыз, калеминиз курчуй берсин, сизге ден соолук!!!
  • 9 фев 2016 20:57
    Агай Сиз нагыз патриотсуз! Элдин да патриоттук сезимин ойготуп, бул да болсо зор эрдик. Мен Алай эли менен сыймыктанам, озгочо мекенинден алыс жургондо сезет экенсин. Жакындагы эле Оштогу тополондо Алайлыктар эрдигин угуп ого бетер,мактан этем. Онуп ос Алайым, атын данкын таратып!!!
  • 11 фев 2016 22:47
    Дос! Китеп кылып эле чыгара турган экенсин. Шашып, кээ бир жерлерин аттап окуп калдым.
  • 22 фев 2016 05:09
    Манастан чубак кем бекен.чубак баатыр алайдан болгон экен
  • 27 фев 2016 15:48
    bul kitep bi bolso kaidan alsak bolot
  • 27 фев 2016 22:28
    "Алай дунгуросо-Аалам дунгуройт" деген соз бар. Алай эли улуу эл.
  • 27 фев 2016 23:44
    Сизге чон рахмат бул Алайдын эле тарыхы эмес кыргыз элинин тарыхы . ,,Кто не знает свою историю у того нет будущего.,, дейт сиздей оз элинин тарыхына кызыккан адамдар бар болусо биздин келечегибиз бар
  • 28 фев 2016 13:59
    Баракелди бар болунуз Суйунбай ака калеминиз курчуй берсин.Аталарыбыздын ак жолун биз булгап албайлы туугандар?
  • 28 фев 2016 21:50
    мдаа Алай эми автономия болобу же өзүнчө республикабы ???
    Кыргыз деп жазылган жерлерди Алай деп жабыштырып салыпсыз,
  • 28 фев 2016 21:54
    Туулган жердин топурагы алтын
    дейт, туура түшүнөм, бирок Кыргыздар деп эле жаза бериңиз китеп жазсаңыз, аудиторияңыз широкий болот.
  • 29 фев 2016 05:29
    Ошол мен жазган окуялар Кара-Кыргызардын эрдиги.ал эми илгери кара кыргыздарды алайлык кыргыздар деп аташкан жана алар Кытайга жортуулдары.калмактарды кубалп чыгуусу ушул Алай аймагы аркылуу болгон.Шайыр-бек замандашым ыракмат пикиринизге...
  • 29 фев 2016 18:11
    Калеминиз курчуй берсин. Заманыбыздын залкаарларынан кем калбаныз.🇰🇬
  • 29 фев 2016 19:48
    алайлыктар болсо алайлыктар дейби же эмне чуйлуктор деш керекпи
  • 2 мар 2016 09:00
    Рахмат ийгилик каалайм дагы кооп жазып турунуз азыркы кыргыздын жерин саткан акчанын Кулу болгон манкурттарга сабак болсун