АКБАЛТА – «Манас» эпосундагы каарман, кыргыздын нойгут уруусунун каны, Чубактын атасы.

Кытайлар кыргызды чаап алганда, Акбалтанын көрөгөчтүгүнөн улам Алтайга көчүп кетүүгө Жакып макул болот. Бекеринен Акбалтаны – акылдын дыйканы дешпеген чыгаар. Манастын элдик баатыр болуп өсүшүнө Акбалтанын салымы зор. Кезинде Манас дагы Акбалтанын адамгерчилигин, акылын, эмгегин баалаган. Акбалта элге үмүт берип:
«О, кудай киндик кесип, кир жууган,
Жерди табат экенбиз!
Паана берип жараткан,
Элди табат экенбиз» - деп элди ынандырат.
Ал эми Манас туулганда Акбалта элге сүйүнчүлөйт эмеспи, баатыр төрөлдү деп, олуялык кылып. Кытайлар Манасты жашынан эле өлтүрөбүз деп аян-китеби аркылуу камынганда, анын атын «Чоң жинди» дедиртип көсөмдүккө салып аман алып калган да Акбалта эмеспи. Чубак Манаска таарынып, Таластан Алайга кетип калганда, аны оң жолго салып акылын айткан Акбалтага эл эли менен ыраазы болушкан. Ошону менен катар Акбалтадан калган «Алайлыктар баатыр болушат» деген сөздү кыргыз тарыхында алайлыктар эмдигиче ырастап жүрүшпөйбү. Акбалтанын баатырдыгы, эржүрөктүлүгү жөнүндө алайлыктар сыймыктанып келишет. Алтайга көчүп отурукташкан эл Акбалтанын кеңеши менен алтындын кенин казат, мал багат, дыйканчылык кылып, тез арада эле аябай байышкан. Акбалта менен Бакай карыянын сыр чечишкен достугу Алай жеринде абдан бекемделет эмеспи. (Сиздердин баяндама сунуш пикирлериниздерди кутомун.Терен урматым менен Суйунбай Борубаев)
Азамат Аматбеков Ошондо Чубак баатыр Алайда жашаганбы
Иманбек Азизилла Уулу С.Каралаевдин вариантында Чубак алайлык көк жал деп сүрөттөлөт.
Керимбек Сарбашев Аябай маанилуу жазыпсын! Болгону бир жерин ондоп кой досум. Жакып кочуп кетууго макул болбойт аны Алооке айдап барат Алтайга. Экинчиден кытайлар эмес КАЛМАКТАР досум. калганы отлично.
Запар Кайназарова азаматсынар.суйун.керимбек.силердей торкундорум барына сыймыктанам.
Бактыгуль Сейитбекова Алтай кыргыз жерин калмактар басып алышкан.Калмак кытай манжуулар.Коп кыргызды ошол жерге кочуруп барышкан.Алтайдан тартып Мин суу Саян кырка тоолорундагы Энесайлык кыргыздарды бут тинтишкен калмактар кичинекей Манасты издеп.Манас тороолордо уй тугундой кытайды ,Уйруп айдаар шер чыгат.Калын кытай манжууну.кайрып суроор эр чыгат.Кара кыргыз элинен кабылан кулак шер чыгат .Манжууга салып чуулган.Манас деген туулат.Калын кытай калмактар.Кангайга чейин куулат деп кытайлардын бал китебине тушот.Чыйырды эне канатына калкалап баласынын атын Чон жинди коюп жашырган.Кийин калмактар арман кылган .Мунун коюлган аты чон жинди.Мунун хан болоорун ким билди деп.Бал китептегидей эле : кийин кара таандай калмакты кайрып айдайт.Кыжылдаган кытайды кырып айдайт.Орто жерин эр Манас оюп кетип баратат.Сол жак четин эр Чубак союп кетип баратат.Он жагын жаш Сыргак жоюп кетип баратат.Азууларын аркайтып ат олугу коо то
лду.Муруттарыш шыйпайтып эр олугу тоо болду деп суроттолот.Манас ата калмактарды кайрып айдап Беежинге чейин сургон.Беежинге гана кирбептир .Беежин азыркы Пекин ошондой сыйкырдуу шаар экен.Берекелуу Беежинге Азирет Аалы барбаган.РустомДастан Искендер ушулар изин чалбаган Беежинге Манас ата да барбайт.
Don Kuba Алайдан Талас кен бекен Чубактан Манас эр бекен. А.Жакыпбеков" " Тенири Манас'с Акбалтанын Чубагы Алайдан болот...
Don Kuba Манасты болбосо Ашым Жакыпбековдун ,"/ Тенири Манас'"/ толугураак окуп чыксанар Чубактын Алайдан экениин
Нурсултан Адилбек Уулу Адыгине Тагай инисине таарынып түштүк тарапка оогон, анан ошол жакта отурукташып калган деп санжырада айтылат. Чубактын Манаска таарынып Алайга кетип калганына окшош. Негизи тарыхчы окумуштуулардын пикири боюнча Манас эпосу кыргыз элинин тарыхын камтыган чыгарма дешет.
Азамат Аматбеков Тагай бий Алайда Сары кыр жайлоосунда торолгон.
Р. Абдыкадыровдун ыры бар го
Тээ тиги Сары Кыр жакка
Чойт эркечим баштагын деп.
Суйунбай Борубаев Сары-Кыр Алайда Корул айылындагы космоэнергиялуу тоо деп айтылат.Анын кун батыш жайыгындагы Торпу жайлоосунда Огузхан төрөлгөн

Комментарии

Комментариев нет.