Атала-атала,даамы сонун АЛАЙда!

Кичинемде мени атала палван болосун деп тайэнем майга куурулган атала ичирип койчу. Күнү кечке ток жүрчүмүн, гарт гакирип, Алайдын аталасы бозодой эле күчү бар.Ырасында согуш жылдары тайэнем орукчуларга кызыл казан асып, казан-казан кызыл атала чайып, чөп оргондор Сейил атын өчүрүп "чакчандаган Чакыр"дешчү экен. Тайэнем мактанып калчу, менин аталамды раистер, райкомдор ичишет эле деп. Атам жол боюндагы сарайыбызды салган кез.Бөрүбайдан калган рассакам эки лакыйган арча касага аталаны мелт-калт куям, жолдон ары-бери каттагандарга сунам, алар бир дем менен гулт этип жутуп койот. Атамдын жанында өмүрү правасы жок апам байкуш кайрадан атала чайып кирет.(мен эле, Багдашка праваны, пультту алдырып ийген).1975-жыл, саратандын ассадында 54кмдин Уу-Сазында Сопудагы интернаттын мугалимдери менен техтери чөпкө келишкен.Ал мезгилде Союздун купуру катуу мезгил. Эмчектеги баласы бар аялдарды да чөпкө айдашчу. Эсеби он чакты наристе балдар бар, аларды бир чатырга чогултуп мен он эки жаштагы Сүйүнбай карайм. Апалары балдарын маа ишенип таштап кетишет. Күн чубактанып келатканда эле повар апамдын жаны чайган аталасын сапырып мүздатып ичирем, ошону менен алар помпоюшүп жыргап жата беришет.Түштөнүүгө келген апалары мага ыраазы, алар мени макташса мен ыраазы.Апам алардын келишине ысык тамак даярдап үлгүрөт.Ошол наристелерге ысык өткөрбөй, дизентерия кылбай, жумшактатып атала ичирип, ырдап, эркелеткениме кантейин. Быйыл реанимацияга түшүп катуу ооруп жатсам, ошол наристелердин бирөөсү маа ден соолук тилеп комент жазыптыр. Берген аталаны актадын деп аябай суйүндум. Сопукоргондун роддомуна Алайдын онбештей айылынан келишип төрөшөт эле.Атам менен апамдын жакындары төрөдү дегиче сапырмай атала жасап барчумун. Сүйүнбайдын аталасы жакшы, ичкиле ичинерди тазалайт дешчү санитаркалар. Кезүүгө кой кайтарсак да негизги тамагыбыз атала болот эле.Кийин окуучуларым менен экскурцияга чыкканда аталаны аябай ичет элек, ток жүрчубуз. Карагат тергени барсак да атала алып жүрчүбүз. Бишкекте күн ысып Багдаш сулуү күн алыс атала чайыйт. Майга кууруп, кырк тилек айтып, кымыз, айран, сүзмө катыктайт, ысыгында нан туурап ичип алам. Атала палван Сүйүнбай сиздерди балалыктын аталасын ичүүгө чакырат!

Комментарии

  • 21 июл 2018 23:27
    Суке досум,аталанын озунчо керемет касиети бар да.
    Мен да кээде сагынып калганда,апамдын  технологиясы менен бышырып,нандан туурап ашказанды суйунтуп коем Москвада,баарына жагат,калбай да калат
  • 22 июл 2018 06:41
    Оо баарыбыз эле атала ичип чонойдук .Аталаны билбегендер да бар.
  • 24 июл 2018 12:59