Тергөө-кыргыз салты...

Тергемей үрп-адат салтыбыздын маданияты деп билем.Илгери, женелери кайнилерин кантип аташса, бара-бара ошол ысым менен эл оозунда айтылып калчу экен.
************ **********
Тергемей жагынан раматылык Бермет апам алдына абысын салдырган жок. Өмүрлүк жары атамдын да ысымын айтпай айбыгып "атанар "деп койчу.
************ ***********
Атам тоодой тооке уруусунун Чеке баатырдын урпагы эле.Чеке уулдан бир уулу нур кайыптан жаралып өзгөчө келбеттүү, сөөк-сактуу экен, өспүрүм балакат курагында катуу көз тийет экен. Энеси ырым кылып баласына "Жаман кыз уул "деп айттырып, бара-бара биротоло айтылып калыптыр.
************** ************
73-жылы атамдын Күрүчбай деген мыкты салабаттүу агасы өттү.Таякчан чолок киши болгону менен аябай урматтуу адам эле. Апам 2010-жылы көзү өткүчө күрүч азыгын айтпай шалы деп тергеп айтчу. Бир ирет Сопудагы продмагга девизира курүч түшүп, эл дүрбөп кезекке турат. Апама кезек жеткенде "апам он килло шалы" бер дейт. Магазинчи апама айтат экен, сен эмне өзбексинби, кыргызча айт дейт, анан эле апам "дай мне рис" дейт, тиги болсо орусча түшүнбөйм, курүч деп айт дейт. Апам ачуусу менен СельПОнун чонуна кирет, ал абдан кыраа киши экен, Сүйүнбай бизди жамандап "Чалканга" жазып ийбесин, мынча болду акчанды даярдап тур, үйүнөргө бир кап күрүч жеткирип беришет дептир.
************** ************
Апам кайын журтун минтип тергейт эле, Ферма акем,Кызыл көз акем, Шалы кайнагам, Жанкы бала, Кассир кайним, Токойчү бала, Арип тергич,
Кажир кайним, Шуулдак бала деп, ал эми кайнеже, кайынсинди-абысындарын тергегени да укмуш эле.Депутат эжем, маалим эжем, генерал эжем, дудук эжем, түтөтмөй эжем, куйшук женем, мадибий женем, өрүк кыз, айтоор апам тергегенин өмүрү калтырбады.
*************** *********************
Заман оорлоп турган 94-жылы ата--энеме Бишкектен артынып бардым., ал мезгилде 70кг салмакта күрүч кап болот эле. Апам сүйүнүп ыр токуй баштады."Артынып келди Сүйүнбай, татту , шире , майы бар,
Бир кап толо шалы бар,
Эми Бермет апандын,
Келин алаар алы бар" деп. Мен иниме кыз издеп Мурдаш, Булолү,Гүлчөнү аралап кеттим, негедир ал жакта калын катуу экен, кыздардын баасы асманда экен.Чамабиз чак келбей, Сопунун кыздарынан эле караштырайын , биздин шартыбызды түшүнөт, анан дагы шар, жайдары болушат деп үйгө келсем атам Сөгөт жайлоосунан бир кызды иликтеп атыптыр, эгиздин түгөйү, май-куруту жакшы имиш. Иниме бир жолуктүрбай, таанштырбастан эле мен мото менен жайлоодон качырып келдим. Эртеси, келин көргөн коншу аялдарга апам Гүкү деп тааныштыра баштады.Апа эми эски тергемей салтынды таштачы, Үпөл деп эле айт десем ынабайт, Аскалыда атамдын жакын эжеси бар эле Үпөл деген, апам аны да тергейт эле Майин эжем деп, ошентип арадан алты жыл өтүп кенже иним Кара-Балтадан үйлөнө турган болду.Апам Алайдан келди, жуучу болуп барсам келинди атасы Гүкү дейт экен, үйгө келип апама айттым, Үпөлдү Гүкү деп журүп эми накта Гүкугө кайнене болмой болдун дедим. Апам сүйүнүп "тилиме салып жүрүпмүн да" деди сүйүнүп.
*********** **********
Апам инилеринин , кайнилеринин аялдарына "мени сыйласанар Сүйүнбайды тергегиле" деп талап койчу .Шакылдаган бир женем мени "шапооз"десе, да бир женем "кап ооз " деп тергеп алыптыр. Оозума сөз токтобой, бир эсеби дөлдөйүп шилекейим акса ушинтип тергешчү экен.
************ ************
Атамдын бир тууган жээни бар, илгери 16 кыз ашык болушуп, талашка тушкөн. 16 кыздын ичинен ыр жазат деп мен сунуштаган женекем мугалим болуп иштейт.81-жылы үйүнө мейманчылап бардым.Женем гезит окуп аткан экен, "уй бала, сүйүнчү бер, Сүйүнбай Эралиев Кыргыз Эл акыны болуптур" деди. Бышып аткан тамагын таштап баса бердим. Эртеси женем келиптир , магазинге фүтболка тушүптур деп, мен дулдуюп таарынымыш болуп белек алдым.Атама апама айтпайм дедим, өткөндө да сабагынызга катышсам Айтматовдун каарманы Касым деп айткансыз десем, тагам менин мугалим экениме сыймыктанат , мен тагамдан уруксат алгам деди.
******* ******** ***********
эми болсо тергемей саясатчыларда күч экен. АША, СОКЕ, Бүлдүзөр , Сарыбала деп тергешет экен.

Комментарии

  • 26 июл 2018 21:05
    Агай жазгандарынызды окуйм,Алайдын нукура создору...Ошондо"Тоодой тоокенин Чеке"- уурусунан атаныз болгон болсо.Атаныздын чон чон атасы Чала кыз  болсо,менин тууганым болуп каласызбы.Атам раматылыктан, жети атабызды айтып бер десек,жети атабыздын арасынан Чалакыз дагы дечуу.Кенири айтып беринчи(жазынчы).Булолудо кимдерге жакынсыздар.