Ак булуттар...

Ак булуттар мекени Алай болсо керек деп ойго батам. Алайда кылым карыткан мөнгүлөр арбын. Негедир аларды ээрип кетпесин деп чоочулашабы, айтоор Кайлас, Музтагата,Памир тоолорунан бери ак булуттар каалгып сүрүлүшүп Алай асманына топтолушуп, ар түрдүү оймо-чиймелерди , элестерди тартышып, анан буулукканы жамгырга айланып, эргигени бийчи булутка айланып, ээн эркин каалгышат. Жиниксе мөндүрдү, кекенсе ак карды жаадырышат.Саратан аптабына да карабайт. Илгери, Тастар-Ата менен Камбар-Атанын булуттары бири-бирин аткылап согушуп атышат деп жанырыктарын тыншап калчубуз. Алай-дүлөй атка конгон бороон-шамалдарыбыз да Алай асманынындагы булуттарга алы-күчү жетпейт.Алай булуттары баардыгыбызга мадибий, өктөм. Бечара Туманчы деген бийик кырка тоолорубуз бар.Алай асманында тебилген, басмырланган булуттарды кучак жайып тосуп алат.Ар бир кокту-колотуна жайгаштырат, бу тумандан өткөн өжөр, өктөм нерсе болбос экен да. Анан эле тоо жакшысын бекерден белендеп алгангабы, айтоор каалаганча өз билген мыйзамын аткарат.Талдык, Катынарт,Жыгачарт,Сары-Таш,Көрумду,Бордөбөгө ээлик кылып, керек болсо сегиз ай бою кар жаадырып, муз тондуруп койот.Ак булуттар Алайды жакшы көрөт окшобойбу.Алар деле кооз табиятты сүйүшөт экен да. Бизде Тоо-Ашкан деген жайлоо бар,Сами деген чокусуна чыгып Алай жерин алаканга салып тиктейсин.Тарыхый делген Терек-Даван, Сары-Кыр, Сөгөт,Шарт ашуулары,Ленин пиги, Мурдаш,Бүлөлү, Кумбел тоолорундагы булуттар суусашканда дал ушүл Тоо-Ашкандын суусун ичишкендиктен бара-бара дары суү кургап калган экен.Азыр Кургак-Тоо ашкан деп аталат. 70-жылдары алайлык апакай энелер арбын болушат эле. Ошолор кыз кезинде булуттар булакка конгондо чоочутпастан, байкатпастан кармап алышып жуунушчү экен. Бүгүн ай тутулду, түнкү саат бир жарым.Тайнем айтчу эле, илгери ай тутулганда булуттар араачы түшүп сактаган деп. Ай тутулганда ак тилек тиледим. Сиздер үчүн Сүйүнбай дабдырынар...

Комментарии