Шүгүрчүлүк , шүгүр аман калдым!

Он беш күндөн бери кайрадан жүрөк тутулат, туталанат, алсыз, кээде нойют, пессимист ойлор , үшкүруктөр түндү ойготот, жаман ойду ысырыктатсам да кетпейт, дем салдырсам да женилдетпейт, аба кысат, тер чапчыйм, аппетит кыйшайды, дары чөбүм түгөндү, үмүт шаа байлап врачтарга барам, баратып эсимен танам, скорый акем келет, же жакшы адамдар апарат, ошентип ажал менен арбашам, кудайга жалбарам, ыкыбалым азайып , жашыруун дептеримди ачам, неберелеримден суранам өкүргүлө деп, алар ынабайт, Багдаш үн-сөз катпай короо-бакты эле тазалайт, айылчылабайт, атала менен буудай катыкка салып койду, Элчим-кенчимди алдыртып алдым, кечке тилек айтам, сезет, акыл мээрине сүйүнөм, оюнчук, бойёмо дептер апкелем... эрте менен баса албай калдым, көмөкөйүмдөн сүйлөп калдым, кардиобригада келгиче дары ичтим, алар келишти, мени ыйлаткан боюнча салып кетишти, неберемдин "бассейинге качан апарасын" дегени кулагыма угулду, Чүй көчөдө "скорыйда" эчкирип бараттым. Реанимацияда эки күн жаттым, врач, медсестра , санитарка деген ушиерде экен, асма уколь деген ушиерде экен. Оной менен өлүмгө салып бербес экен. Азыр острый инфаркт миокарда бөлүмгө которушту. Үч күндөн бери кардиоинституттун дарактарында түнөгөн парандилерге төртүнчү кабатындагы терезелерден нан ,аш, кесме , данек берем, көбүнчөсү таранчылар, сообобу бизге жүрөк эркелерине тийсин дейм. Дагы оорусун айтып арызданды деп фейсбуктан мага наалыгандарга айтаарым мен элдин мага шыпаа тилектери жаратканымдын дилине жетип эсен калып атсам керек деп ишенем. Корранаграфия, шунтир, ЮРФА же кытай медицинасына каражатым жок, чөнтөгүмдөгү болгон эки жүз сомум жүрөгүмдү дагы эки жылга жылытса керек деп кыялданам. Жашасын ЖҮРӨК!

Комментарии

  • 4 авг 2018 06:25
    Долгих Вам лет жизни.не болейте!
  • 4 авг 2018 08:23
    Аллах шыфаасын берсин айыгып кетин
  • 4 авг 2018 10:32
    Жакшы болуп кетиниз, мына коросуз...баштагыдай болуп...ушул кундорду жомок кылып айтып каласыз, неберенизди бассейнге алпарып да жадайсыз....шыпаасын берсин деп чын журогумдон тилеп калам....
  • 4 авг 2018 11:22
    Оорубаныз , тез айыгып , кетиниз !
  • 4 авг 2018 11:56
    АЛЛАХ шыпаасын берип тез айыгып кетиниз, омурунуз узуун болуп эч оорубаныз.
  • 4 авг 2018 12:21
    Аллахым озу колдосун,шыпаасын берсин агай! Жакшы гана нерселерди ойлонуз,баары отуп кетет! Балдарыныздын жакшы кунун,ширин неберелериниздин да сыйында болосуз буйурса!
  • 4 авг 2018 15:36
    Аллах шыпаасын берсин.Туугандарга айттырын да каражат топтоп жакшылап даарыласын дарыгерлер
  • 4 авг 2018 19:59
    Аллахым шыпаасын берсин!эжемдин уул кыздын,неберелериниздин мандайында дайыма жаркылдап журо бериниз!
  • 4 авг 2018 20:09
    Сакайып кеттин сиз кучтуусуз оорууну жениниз
  • 5 авг 2018 07:03
    Агай сиз кучтуусуз жаман ойлорду ойлобонуз ,аллахым шыпаасын берсин балдарыныздын ысык чайын,сыйын коргонго насип этсин сизге ден соолукта оорубай конулунуз шат журунуз.
  • 5 авг 2018 21:05
    Суйунбай агай,мен сизди агай катары тааныбасам да адамгерчиликтуу, боорукер адам катары таанып калдым. Биз мектепте окуп жургондо сиз биздин мектепке келип балдар менен жолугушуп, жакшы насааттарынызды айтып , белектеринизди берип кеткен кундорунуз али кунчо эсимден кетпейт. Сизди сыйлайбыз. Кудайым сизге шыпаа берсин. Аман-эсен айыгып, элдин суймончугуно ээ болуп , уй булоонуз менен ар дайым аман болунуз. Сизди кудайым колдосун.
  • 5 авг 2018 23:25
    Шыпаанызды берсин жараткан
  • 6 авг 2018 13:58
    Суке ака айыгып кетишинди тилейбиз Аллахым шыпасын берсин Оомийн
  • 6 авг 2018 14:49
    Айыгып кетиниз узун омур берсин аллахым.
  • 9 авг 2018 12:04
    Айыгып кетиниз жараткан шыпаа берсин дартынызга