ЖАРЫШ!!

Ой жарыш, мээ деген чарчавас экен да. Эмне илешсе мээндин аренасына кошуп аласын да, күлүк ойдун жарышына кошосун. Мээ жарыш оной эмес.Мин-миллион клеткалар даяр турушат, стартка турганча эле жарыш башталат. Ушундай күү менен чуркайт дейсин, токтотуп тосмоттой албассын. Мээ жарыштан Кубатбек Кердегейге эч ким жетпесе керек.Ал мээге түшкөн вирустарды да тундура алат. Ыкыр-чикирди, өксүк-ызаны, ач-токту, ак-караны жумурга салат да Алайдын бийиктигинен марага койо берет.Марасы Тибет тарап окшобойбу. Негизи мен жарышты жакшы көрөм.Шамалдар, булуттар, жылдыздар, дайралар жарышканын жакшы көрөм, жаш баладай сүйүнүп турам. Ат жарыш, кулун жарыш бул да керемет.Бала жарыштан өткөн философия болбостур экен. Баланын оюу, тилеги жарышка түшсө барбы? Агаари, бир да дүйнө чемпиону женишке жете албастыр.Бүгүн мени сурап алп ой-философиянын дулдулу, эчен акын жарышта баш-байгени багындырган иним келиптир. Экөбүз мээнет жарышты айтып түгөтө албадык.Ал мээнетти жениш үчүн космополит болгондой, аркы дүйнөдөн бери чабыттап келиптир.Укмуш окуяларды көрүптүр.Чын дүйнөнүн жарышын сезиптир. Жаратканымдын амири менен кайтып келиптир. Мен болсо жалган дүйнөнүн таарынычтуу өксүк жарышында баратам. Байлык маарасынан четтетилген кембагалмын.Ден соолугум чукак, өмүр жарышында аксак-тексекмин. Өмүр менен өлүм жарышка түшкөнүнө күбө болуп, кимисине болушаарымды билбей отурам. Экөө тен мага кымбат.Жарышка түшүрүп коюшту мени.Арасында ой-санаа, үмүт кыялдар жарышы аралашып кетет, мүдүрүлбөй, чаалыкпай келатам.Сыртта шамалдар жарышып атат, Тоголок Молдо менен Токтогул көчөсүндө машина жарыш үндөрү, зуулдап айдашат, каякадыр шашып атышат. Мен палатада уйкусуздук убактысында өмүр ырын ырдап отурам. Ажал акемди шамалга кошуп алыска алаксытып ийсем эле.Ой жарышы кызыктуу экен, каалаган тилегинди Жараткандан суранасын, жалбарасын. Күнөөлөрүмө салават, өмүр жарышы!

Комментарии