Ден соолукка карай, түздөнгүлө!

Саратан ассад болуп, коон дарбыздар бышканы менен бу менин мээкайык башым асти бышпай койду. Өмүрүмдө өксүгүм өр таяп барат. Врачтар мени майыптыкка чык дешкенине үч-төрт жыл болду. Майып деген сөздөн качып жүрүп ,... суук сөз, өксүк арман.Раматылык атам майып эле, бирок менин адамгерчилигим чолок эмес дечү, өкмөттөн бир тыйын жардам алчу эмес.Жетим-жесирдин өтүгүн акысыз жамап берип, сооп табар эле.Бир боор эжем басалбаган майып, он сегиз жылдан бери төшөктө жатат, анан кантип майыптыкты сонуркайт элем.Ушу ооруканадан көрдүм жасалма майыптарды. Жаш эле туруп майыптыкка чыгышкандар, ал тургай бир врачтын майып экенине ишене албадым.Өкмөттүн несин аяйсын, дарыланганын бекер, дарыларды бекер аласын, бекер курорт дешет. Ошентип, жаратканга жаным аманат болуп, реанимацияда , инфаркт миокарда бөлүмдө арыдан бери келип дарыландым. Профессор Мураталиев мыкты улукман экен. Суу ичирбеген неме экен. Назначениясы так жана туура болду . Кошуна палатада Текебаев даарыланууда. Отунбаева, Салянова, бир топ депутаттар келишти.Андыганым эле ошолор.Байкаганым Текебаевде дух күчтүү экем.Жашы 75-80-деги карыялар дарыланышууда. Тамыр качып калса да алар жашагысы келет экен, жашоо күрөш принциптерине суктандым. Ар түрдүү тагдырларды көрдүм. Казахча "Ыйлаба жүрөк" ырын кайталап уктум.Соопкер, таксыр иним Кубаныч Маматибраимов иним дарыларды алпергенче Сахабалар китебин кошо берди.Келдибек Алай иним жаш акындар алпы, күчтүү новатор мугалим апасы окуучум Айгүл менен менен келип мени даназалап баракчама жазды эле бир курс лечения алгандай суйүндүм. Элдик чыныгы депутат Жанар Акаев абалымды сурап келди эле палатадагылардын сүйүнгөнүн айтпагыла, эми эле Жанарбек Акаевди президент шайлап алчудай кыялдандык.Сүкөө, ден соолукка карай алга деп Элмирбек акын иним келип эки саат ой ааламында пикирлештик, ал мени "Фило-Сопу" деп атады.Бий сынагында дүйнө чемпиону аталган Нурсултан Алибек келди. Чон бубасы Кытайда атактуу адам болгондугун саймедиредим. Карапайым элден айнанайын, соцсеть түйүндөрүнөн миндей адамдар мага боор толгошту.Шыпаа тилешти, айыгып ал дешип касиеттүү ак баталарын ыйгарышты.Ар бирине төгулүп жооп жаза албадым. Бирок, батанын касиети менен күтүүсүз келген приступтарды жендим.Жаратканыма кошулуп сиздерге ыраазымын! Бүгүн үйгө чыгам, бар болгула жакшы адамдар!

Комментарии

  • 10 авг 2018 06:39
    Балдарыныздын пешенесинде ар дайым Аман болун биз сиз менен сыймыктанабыз
  • 10 авг 2018 07:26
    Эми оорубаныз
  • 10 авг 2018 09:36
    Үйүңүзгө чыгып келип балдарыңыздын,неберелериңиздин маңдайында жакшы күндөрдү өткөрүңүз,оорубаңыз ,ар дайым ден соолукта болуп жүрө бериниз,Сизге чың ден соолук тилейм
  • 10 авг 2018 11:13
    Ма ша Аллах. ......
  • 10 авг 2018 13:54
    Ушу мен,чоп бойунча уккан коргондорумду ацта берип "чоп дабыпчы" -болуп кетемби дейм да.Корулда "мыйалы"деген журоко даба чоп бар деп укканым бар.Бир жолу демдеп ичкем.Памыл чайдай дам жей экен,жалпак тилде жазайын.Ичине нават салып койгондой ширин болот экен.Мыйалынын эки туру болот экен,кызыл мыйалы дары дешет.Журокту жашартып койот дейт го.Алла шыпаасын берсин.Кайраттуу журунуз.Уккан коргондорунузду жазып турганыныз кен пейилдигиниз-деп тушундум.
  • 10 авг 2018 18:12
    Cизге Бир.Аллах озу.жардам берсин.бар.болунуз.!журогу мееримдуу адам.окшойсуз.!узун.омур.сурунуз.!
  • 10 авг 2018 19:59
    Ооруба,Суйунбай ден соолугун бекем болсун,алла озу шырасын берсин,ооммин...
  • 10 авг 2018 19:59
    Шыпаасын..
  • 11 авг 2018 12:52
    Аа.жакшы болуптур,Алла шыпаасын берсин.Кудай жакшы адамдарды коп сынап оору берет.Уй-булоонузго салам,неберелеринизди ооп коюун:-)
  • 11 авг 2018 19:51
    Ден соолукта болунуз .эми оорубаныз.
  • 11 авг 2018 19:54
    gif
  • 11 авг 2018 19:56
    Оорубаныз.Небере, чоборолордун жакшы кундоруно кубо болунуз.
  • 12 авг 2018 08:41
    Агай аллахым шыпаа берсин, Сиз ооруну созссуз женесиз