СҮЙҮНЧҮ!

Неберем Эркинтоо уулу Элчибегим бир жашка толду. Кыргыз салтын кадырлап тушоо кесүү аземин белгиледим. Менден жана 18жылдан бери баспаган Уулбай эжемден башкасы баары жүгүрүштү. Тушоону Бакай уулу Байэл кести. Чон адамдар арасынан маарага илгерки 80-жылдардагы Алайдын жөө күлүгү Багдаш сулуу биринчи келди. Тан калганым, ал бул ирет Тушоо тойдо отуз жолу женүүчү болуптур , юбилейдик көрсөткүч. Неберем жыгылбасын, мүдүрүлбөсүн, баскан кадамы чыйрак болсун, турмушта шар болсун деп Багдаш сулуу өзүнөн отуз жаш кичүүлөрдү артка калтырды. Белек-бечкектерим элге жакты, карапайым ак ниеттүү адамдар ак батасын ыйгарышты. Кан кудам Зайдулло небереме ак батасын арнады, белек ыйгарды. Мен жакында реанимацияда жатканымда жаратканым Алла-тааламдан неберем Элчим-кенчим үчүн жашагым келет деп кудайга үнүм жетип сурандым эле, менин үнүм пиримдин дилине жетсе экен. "Алыбек алына жараша" дегендей дүркүрөгөн той бере албадым , бирок наристелер үчүн абдан кызыктуу бактылуу күн болду. Бир жарым жаштагы Билал неберем трюктарды көрсөттү. Арийне неберем чеберчилигин айгинеледи.Баса, Элчи неберемдин тили "ата" деп чыкты. Жакшылык ойлор келип неберем менен басып кет деп Уулбайыма баш-аяк сарпай кийгизип, Багдаш экөөбүз ырымына колтуктап жетеледик. Баса, бүгүн эжем 58 жашка толду....

Комментарии