Курманжан датка, Бегиш Ааматов жана Эгемен кыргыздар...

Курманжан датка энебиздин көсөм даанышмандыгынан кыргыздар көз карандысыз эл болгондугу чындык. Арадан Англия, Кытай, Россия үстөмдүгүнө туруштук берген элибиз СССРдин карамагына аргасыз кошулушкан. Алай, Ак-Босого, 1991-жыл, Курманжан датканын 180жылдык тою, 150мин адам катышып, 1000ден ашуун боз үй тигилген. Ош облусу экиге бөлүнүп, Жалал-Абаддын обкому Осмонов Бекмамат , Оштуку Батыралы Сыдыков эле. Бул тойго Акаев баш болгон аткаминерлер бири калбай келишет.90-жылы Ош окуясы болгон эле, алайлык кыргыздардан чоочулаштыбы, айтоор тойго чакырылган Анжиян, Наманган,Фергананын бийлик адамдары келбей коюшат. Себебин, сураштырышса , Каримов эки күндөн кийинки Ельциндин Москвада боло турган ГКЧПны алдын-ала билип, эч ким эч жакка чыкпасын буюрган экен. Алар ГКЧПдан пайдаланып, Өзбекстан өлкөсү деп көз карандысыз болобуз деп тымызын даярданышат, датасын 1991-жылдын 1-сентябрына болжошот. КУРМАНЖАН датканын тою толук бүтө электе Акаев Москвага Горбачев досун колдоп учуп кетет. Ошол 180жылдык датка энебиздин тоюнда улуттук уюштуруу комиссиянын төрагасы жазуучу Төлөгөн Касымбековдун штабында алайлык депутаттар, саясатчылар топтолушат. Алардын туу башында Бегиш Ааматов болчу. Ал шашылыш маалымат алуу үчүн Ошко келет, Өзбекстандагы, Москвадагы ,Киевдеги партшколдогу досторуна чалып, саясий абал менен таанышат.Бул арада Алай жаштарынын , элинин атынан Кыргызстан көз карандысыз мамлекет болсун деген сунушту Акаевге, парламентке жөнөтө бердик. Ошентип, жаратканымдын пир медети колдоп, кудурети ак баталуу болуп, раматылык Бекмамат Осмонов Алай көчүн даярдап, көчмөндөр ак батасында ак батаны минтип берет."Оо датка энем! Сиз алып берген көз карандысыздык кайрылып кыргыз элине келсин! " Ошентип, тойду жыйынтыктап 150мин адам үйлөрүнө аман-эсен кайтып, биз 18инде кечки пайит Сопу-Коргон айлына келдик. Москва жанылыгын ОРБИТА аркылуу биздин айыл Ош,Фрунзеден эки саат мурда көрчүбүз. Келсем айыл ичи дуу-дуу кеп, айлыбыздагы Бады, Исак, Камчыбек, Жусуп деген аксакалдар сарайына киришип зым антенна менен жашыруун чет элдик радиожанылыктарды угуп,ГКЧПдан толук кабардар экен. Гостөнкөрүш Кыргызтанда да болот экен деп угуп эл дүрбөлөн түштүк. Ошол кезде Алайдын экинчи даткасы аталган легендарлуу партком Санталат Умарходжаевага масилет жыйынга бардык. Ал Фрунзе менен бурамай телефондорү аркылуү байланшта экен. Бегиш Ааматов сессияда сүйлөп, кыргыз армиясын тузөлү, улуттук акчабыз болсун, биз Орто Азияда эн алгач көз карандысыз мамлекет бололу деп 350депутаты үгүттөй берди. Ошентип , кудайымдын кудурети менен Курманжан датка энебиз табериктеген эгемендик арадан кылым өтүп анын 180жылдык тоюнда идея демилгелер жаралып, элибиздин намысына тубөлүк кенч болуп калды. (Легендарлуү депутат Бегиш Ааматов эрдик менен Көз карандысыздыгыбыздын идея автору экендиги жөнундө кенен баяндап берем) 31-август майрамыбыз кут болсун! Сүйүнбайдын Алай дептеринен үзүндүлөр...

Комментарии

  • 14 сен 2018 09:27
    Ар дайым элинизди, жеринизди даназалап , биз билбей калган нерселерди билдирип , Алай элинин кузгусу, улгусу болуп журо берин.