Күздүн алгач күнү...

Түн уйкусуздугу кээде пайдага жүрөт. Аптаптуу асад күндөрүмө сарасеп салдым. Ондон ашуун коюлган оор диагноздорум менен алышып отуруп жай мезгили тез убакта өттү да кетти.Профессор аныктаган илдет дарттар негизинде биринчи топтун майыбы деп ВТЭК комиссиясы чечим чыгарды. Ыйласам жүрөк кургурдун мун-зары, өксүк-арманы женилдей түштү.Баары бир мээнетти женемин, элге аралашам, мен асмандын баласымын деп түнү менен асманга учуп кетким келди. Бала кезден үчэмек жөнүндө сыпайчынын тагдырын көөнүмө жазып жүрчүмүн, ошону ой тизмегиме салдым. Датка энебиздин эгемен таберигин баракчама койдум.Түн менен күндү алмаштырып алгандар арбын экен. Окуп лайк басып, кубаттап жазып атышат. Эрте менен ревратиль таасир этти окшойт, уйкуга кеттим. Таяталаган Али-Бали неберемди сүрөткө тартканга үлгүрбөдүм. Арийэне кызым мектептен кечиктим деп чуркап баратканынан Билалды жетелеп карыш турган мектепке демигип аран жеттим. Илгери, ата-энелер башкача окшойт эле. Алар сүйүнгөнүнөн ыйлап алышчу. Азыр ата-энелер баарысы эле оператор, фотограф болуп калышыптыр. Окуучуларды сагынып "кагылайын" деген мугалимди көрө албадым. Неберелерим мектептен келгенче аларга жомок токуп атып ... бир эски жомок эсиме түштү. Кант шаарынан чон неберем келди. Анын ан-сезими башкача.Менин оорумдун себептерин сурайт. Жооп табалбайм... Инголяцияга бардым. 997рецепт деген китеп колумда. Бегиш Ааматов менен сүйлөштүм, Чынгызханды алайлык кыргыз кылып китеп чыгарыптыр. Аябай сүйүндүм. Презентацияга чакырды. Шаардык культурада иштеген 80жаштагы программист Ида деген гипноздук касиети бар бабка бар, лечениям боюнча суйлөштүк. Андан сон Ысыкколдөн бир эне белегин алдым.Алай, Оштон көчмөндөр салтанатына келгендер чалат, мени кел дешип, келатканда жолугабыз дедим.Бүгүн кеч Алай ордосуна бардым.Аскалылык туугандар чакырышкан , барсам Гүлчөлүк, мурдаштык, сопулук окуучуларым бар экен, "агай майрамыныз менен" дешсе, оо илгерки мектепте иштеген бактылуу мезгилим эсиме түштү

Комментарии

  • 2 сен 2018 09:13
    Оорубаныз,кудай шыпасын берип,дарттын дабасы табылып,жакшы болуп кетин,бизди озунуздун тарыхий окуяларыныз менен тез тез тааныштырып,жанылыктарыныз менен кубантып десем жанылышпайм,жазып турун
  • 2 сен 2018 09:16
    Суйунбай аке сиз азыркы замандын флеш картасысыз,биз сизден коп маалымат алып турабыз,биз билбей,биз копбогон адамдар жонундо сиздин макалаларыныздан маалымат алып турабыз,так что ооруга сизге убакыт жок.