Чынгызханды кыргыз деп ырастагандыгы үчүн, 93-конституциянын авторлорунун бири,Үзөнгү-Куушту коргоо комитетин түзгөн, Кыргыз эгемендүүлүгүнүн саясий идея автору, Кум-Төргө алтынды бербейбиз деп ачык күрөшкөндүгүн баалап Кыргыз Эл Баатыры деген наамды легендарлуу депутат Бегиш Аматовго ыйгаруу демилгесине кошулабыз деген ак жүрөк эл-журтка таазим!

Баса, бүгүн Чынгызханды кыргыз деп таанып ырастаган илимпоздор, жазуучулар Бегиш акенин жүздөн ашуун факты менен келиштире жазган китебинин презентациясына катышмакчы. Китеп түйшүгүн , ой-толгоосун улам кагаз бетине жазып, элге жеткирген патриот азамат мырза , ак жүрөк журналист Азизбек Чамашов китеп баянын айтып бермекчи.

Комментарии